Мал чарбасын өнүктүрүү - бул келечегибиз

Мал чарбасын өнүктүрүү - бул келечегибиз

АКТЕД эл аралык уюму бир катар жылдардан бери тоолуу Мургаб районунун айыл чарбасын, анын ичинде эң негизги тармак болгон мал чарбасын өнүктүрүү боюнча эң керектүү дол- боорлорду ишке ашырып келе жатат.

 

Ошондой инвестициялык долбоордун бири жана эң маанилүүсү «Мургабдагы жайыттарды туруктуу башкаруудагы жергиликтүү чечимдерди кабыл алууну жакшыртуу» боюнча долбоор 2014–2017-жылдарга белгиленип иштер алынып барылган.

 

Аталган инвестициялык долбоорду жыйынтыктоо боюнча форум Ыраң-Көл жамаатындагы «Ыраң-Көл» фермердик чарбалардын Ассоциациясынын базасында өткөрүлдү.



Бул форумду өткөрүүдө баса белгилеп кете турган өзгөчөлүк, бир күн алдыда ушул чарбада Союз тарагандан берки мезгилден алгачкы жолу Ыраң-Көл жамаатынын демилгеси менен уюштурулуп өткөрүлүп жаткан Мургаб районунун фермер-малчыларынын биринчи слету жана жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан райондун ардагерлеринин алтынчы слету менен дал келгендиги жана кошуна Кыргыз Республикасынын «Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык институтунун» менеджери Кубаныч Тагаев жетектеген делегациянын катыш- кандыгы болду.

 

mal-charbasyn-n-kt-r-bul-kelechegibiz 2Фермерлердин 1-слетунда бул форумду кириш сөз сүйлөө менен Ыраң-Көл жамаатынын төрагасы Курбанбай Раимжанов ачып, сөздү Тажикстандын Оли Мажлисинин Улуттук Жыйынынын мүчөсү-Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаевге берди. Төрага өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду «Райондун мал чарбасын өнүктүрүүгө инвестициялык долбоорлорду тартууда АКТЕД уюму бир катар алгылыктуу иштерди алып барууда. 2014-2017–жылдарга белгиленген «Мургабдагы жайыттарды туруктуу башкаруудагы субъектилердин ортосунда жергиликтүү чечимдерди кабыл алууну жакшыртуу» боюнча долбоордун алкагында белги-ленген үч жылдын ичинде жайыттарды калыбына келтирүү, алардын инфраструктураларын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди бас белгилегим келет.

 

Бул мезгилдин аралыгында фермердик чарбалардын жайыттарында кыртыштандыруу, алардын жолдорун оңдоо, жаңы жолдорду куру, мал сугаруучу жайлар жана мал айдап өтүүчү, транспорт өтүүчү көпүрөлөр сыяктуу инрфраструктуралык объектилер ишке берилди» - деп белгилөө менен АКТЕД эл арлык уюмуна терең ыраазылык билдирди.

 

Андан соң бул форумга катышып жаткан АКТЕД эл аралык уюмунун Тажикстандагы регионалдык бөлүмүнүн өкүлү Тулан Рустамов сөз алып, аталган эл аралык уюмдун жалпы өлкө боюнча ишке ашырып жаткан долбоорлоруна кыскача токтолуу менен алыскы, тоолуу Мургаб районунун мал чарбасын өнүктүрүүгө карата жумшалып жаткан инвестициялык долбоорлор эң манилүү экендигин баса белгиледи. «Мургаб району–деди ал – өлкөдөгү мал өстүрүүчү бирден бир район болуп саналат. Учурда бул аймакта мал өстүрүүнүн эң негизги булагы болгон жайыттардын маселеси актуалдуу болуп келүүдө. Ошондуктан жайыттарды туруктуу башкаруу, аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын долбоорлор иштелип чыгып Евросоюз тарабынан каржыланып ишке ашырылып отурат. Бул багытта АКТЕД уюмунун Мургабдагы филиалы, анын координатору Сүйүнтбек Тажидиновдун талыкпас эмгегинин натыйжасында аталган долбоор ишке берилип, жайыттардагы шарттарды жолго коюу менен аларды туруктуу пайдаланууга кенен жол ачты деп ойлоймун».

 

Ошондой эле сөзгө чыккан АКТЕД уюмунун Мургабдагы бөлүмүнүн координатору Сүйүнбек Тажидинов өз сөзүндө жайыттарды туруктуу башкаруудагы бул долбоор мал чарбасынын мындан ары дагы туруктуу өнүгүүсүнө багытталгандыгына токтолду. «Азыркы кезде ишке ашырылып жаткан долбоор айрыкча жайыттардын инфраструктураларын түзүүгө чоң өбөлгө болмокчу. Учурда бул долбоор райондун 6 фермердик чарбалар Ассоциацияларын камтыган. Долбоорлорду ишке ашырууда Мургаб районунун жергиликтүү аткаруу органынын, анын башында турган жетекчиси Мурзабай Абилакимович Жоошбаевдин колдоосуна ыраазылык билдиребиз. Мунун натыйжасында бардык фермердик чарбалардын жайыт аймактарында бир катар инфраструктуралык обьектилер ишке киргизилди» - деп белгиледи ал.

 

Андан соң сөзгө чыгышкан «Булуң-Көл» АФХсынын директору Абдуваси Жолукеев, «Ак-Суу» АФХсынын жетекчиси Токур Ооматов, Г.Бердибаев атындагы жамааттын төрагасы Улукбек Айылчиев, Кызыл-Рабат жамаатынын төрагасы Дөөлатбек Осмонбаев жайыттарды өнүктүрүү боюнча долбоолордун ишке ашырылышы менен малдын башын өнүктүрүүгө, анын продуктуулугун жогрулатууга шарттар түзүлгөндүгүн белгилеп кетишти. Өткөрүлгөн форумдан алкагында «Мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыттарды жакшыртуунун жолдору жана алар- ды изилдөө» деген темадагы «Тегерек стол» өткөрүлдү.

 

Бул жыйынга райондун бардык фермердик чарбаларынын жетекчилери, фермерлер, жамааттардын төрагалары, аялдардын өкүлдөрү жана коңшу Кыргызстандын Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы райондорунун Жайыт пайдалануучулар коомунун өкүлдөрү, «Кыргыз жайыты» Улуттук жайыт пайдалануучулар Ассоциациясынын өкүлү Байтемир Найзабеков, Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба өнүктүрүү фондунун» аткаруучу директору Күлипа Акматова, ошол өлкөнүөн «Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык институтунун» менеджери Кубаныч Тагаев жана Кочкор районунундагы «Шамшы» асыл тукум чарбасынын директору Уларбек Абдурасулов катышышты.

 

Ошондой эле «Тегерек столдун» ишине Республиканын Оли Мажлисинин Улуттук Жыйынынын мүчөсү Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбаев өзү катышып, бул иш чараны кириш сөз сүйлөө менен ачып берди. Андан соң «Тегерек столдун» катышуучулары топторго бөлүнүшүп райондо мал чарбасын өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун, Тажикстан Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы, жайыт пайдалануудагы жергиликтүү бийликтердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдордун ролу тууралуу маселелерди кеңири талкуулашты. «Тегерек столдун» жүрүшүндө фермерлер өз ара тажрыйбалар алмашышып жайыт пайдалануудагы көйгөйлүү маселелерге токтолушту. Айрыкча коңшу Кыргызстандан келишкен жайыт пайдалануучулардын бөлүшкөн иш тажрыйбалары райондун чарбакер-фермерлери үчүн өтө кызыктуу болду.

 

«Тегерек столдун» жыйынтыгында райондун төрагасы М. Жоошбаев коңшу өлкөнүн жайыт пайдалануучуларынын иш тажрыйбаларын үйрөнүү аркылуу, райондун мал чарбасын өнүк- түрүүгө пайдалануу сунушун берди. Ошол эле учурда кыргызстандык жайыт пайдалануучулар Мургаб районунун фермерлеринен үйрөнө турган эң чоң тажрыйбалар бар экендигин белгилешти. Бул иш чаранын алкагында коноктор жана райондун фермердик чарбаларынын өкүлдөрү «Ыраң-Көл» фермердик чарбасынын малчыларынын иш тажрыйбалары менен таанышып чыгышты. Ошондой эле Т. Шаимкулов атындагы фермердик чарбасынын жылкы фермасында болушту. Андан соң «Ак-Суу» «Булуң-Көл» фермердик чарбаларынын мал чарба азык түлүктөрүн сатуудагы иш тажрыйбалары менен таанышып пикир алмашышты. Ошондой эле «Чечекти» жана «Кара-Көл» фермердик Ассоциацияларынын жайыт инфраструктура- ларын жакшыртуудагы алып барып жаткан көрүшүп ой пикрлери менен бөлүшүштү. Жалпылап алганда «Мургабдагы жайыттарды туруктуу башкаруудагы» долбоордун алкагында өткөрүлгөн бул иш чара тоолуу районубуздун мал чарбасын өнүктүрүү - бул жалпы райондун элинин жаркын келечеги экендигин дагы бир жолу бекемдеди десек туура болчудай.

 

Жыйынтыгында форумдун жалпы катышуучулары малчы-фермерлердин слету сыяктуу манилүү иш чараны жыл сайын Фермердик чарбаларда кезеги менен өткөрүп туруу традициясын кайра жандандыруу негизги тармак мал чарбасын өнүктүрүүнүн манилүү стимулу болуп каларын айтып, бул демилгени дагы улантып кетүүнү сунушташты. Форумдун жалпы катышуучулары Ыраң-Көл жамаатынын жашоочуларына терең ыраазы болуу менен андагы өткөрүлгөн маданий массалык иш чаралардын да күбөсү болушуп, көңүлдүү кайтышты.

 

Султан ПАРМАНОВ, 

АКТЕД эл аралык уюмунун консультанты

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены