Үмүтү үзүлбөгөн Памирлик кыргыздар (сүрөтбаян)

Үмүтү үзүлбөгөн Памирлик кыргыздар (сүрөтбаян)

Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында өкмөт тарабынан уюшулган экспедициялык топ Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип кайтып келди.

 

Экспедициялык маршруттун жүрүшү Бишкектен 2-октябрда башталып, Ош-Мургаб-Кичи Памир-Мургаб-Улуу Памир-Мургаб-Ош болуп аяктады. Улуу жана Кичи Памирде эки түн, үч күн, жолго кеткен убакыт менен сапар он күнгө созулду. Экспедиция КРнын өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловдун башчылыгы менен жүрүп, курамына дарыгерлер, журналисттер, миграция кызматынын өкүлдөрү болуп 25ке чукул адам кирген.

 

Өкмөттүн өкүлдөрү гуманитардык жардамды жергиликтүү кыштактардын акимдери менен биргеликте таратышты. Медициналык кызматкерлер 350гө жакын памир кыргыздарынын саламаттыгын текшерип, тиешелүү жардам көрсөтүп, дары-дармек таратышты. Ошондой эле азык-түлүк, дары-дармектен башка жылуу кийим-кечек, боз үй жана башка турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар берилди. Эске салсак, бул жылы гуманитардык жардамды уюштуруу үчүн өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнгөн.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены