Кыздарга күйөөнү ата-энелер таап берет (видео/фото)

Кыздарга күйөөнү ата-энелер таап берет (видео/фото)

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен келген кыргыздар теңир-тоолуктар менен бирге жашоолорун өткөрүп, алар менен чогуу күн кечирип жатышат. Аймактык кабарчы Нарын шаарында жашап жаткан Шарапат Абдыкалык кызы менен жакындан таанышып, жашоосун көрүп, алардын айрым каада-салттарын сурап келди.

 

Шарапат Абдыкалык кызынын айтымында, Памирде турмушка чыккан кыздын күйөөсү кокус каза болуп калса, балдарын багып өстүрүү менен гана алек болуп, экинчи жолу турмушка чыгууга бел байлашпайт.

 

«Бизде турмушка чыккан кыз кандай болгон учурда да ошол кайын журтуна байланат. Силерде ажырашуу болуп турат экен. Бизде андай учурлар жок. Эгер күйөөсүн чанып кетсе, ал элге уят болот. Салтыбызда бир адамга турмушка чыккандан кийин, ал кандай адам болбосун андан баш тартып, босогону аттап кетүү деген болбойт.

 

Андан сырткары эгер келиндерибиздин же кыздарыбыздын никедеги жолдоштору кайтыш болсо, башкага кайрадан турмушка чыгышпайт. Анткени күйөөсүнөн калган балдарын багышы керек. Ал балдарын башкага таштап же башкага бактырышпайт. Кайындары келинин жана балдарын асыроону моюндарына алышат. Эгер каза болгон жолдошунан бир дагы балалуу болбосо, анда келиндин оюн угат. Эгер ал турмушка чыгам десе, анда ата-энеси кайрадан турмушка берет.


Бирок мындай учур көп боло бербейт. Кыздарыбызды турмушка узатып жатканда баардыгын айтып түшүндүрөбүз. Эч бир кыз жолдошуна нааразы болуп, урушуп босогосун аттап келбейт. Кыздарыбызга күйөөнү ата-энелер өзүбүз таап беребиз», - деди Шарапат Абдыкалык кызы.

 

kyzdarga-k-i-n-ata-eneler-taap-beret 2 kyzdarga-k-i-n-ata-eneler-taap-beret 3
kyzdarga-k-i-n-ata-eneler-taap-beret 4 kyzdarga-k-i-n-ata-eneler-taap-beret 5
kyzdarga-k-i-n-ata-eneler-taap-beret 6

 

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены