Кытайда жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушу жакшырууда

Кытайда жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушу жакшырууда

Бул үчүн кытай өкмөтү тоодо мал баккан кыргыздарга бекер үй салып берип, айылдар менен шаарларга көчүрүүдө. Балдары акысыз билим алууда. Кытайдагы кыргыздар негизинен тоодо мал багып, ылайыгы келгенде жер айдап оокатын кылчу. Үйлөрү болсо, самандан салынган. Эми андагы боордоштор тоо этектеринде эмес, алар үчүн жаңы түптөлгөн кыштактарда жашайт.

 

Бул жер мурда какыраган эле талаа болчу. Кытай өкмөт ушул жерге газ, суу алып келип, бул жерден ылдыйраак жайгашкан кыргыздарды ушул жакка көчүрүп келди. Бул жактагы элдин саны миңге жакын. Кытайдагы жаңы түптөлгөн кыргыз айылында 250дөй түтүн бар. Кыргыздар мал-жандуу келгендиктен, кытай өкмөтү эл малын жая турган жайытка жакын, анан да мурдагы конушунан анча алыс эмес жерге жаңы кыштакты түптөп, алардын үйүн мал сарайы менен кошо салып берген.

 

Алардын турак жайына киргенде кадимкидей эле кыргыз жыттанат. Жерге шырдак төшөлгөн. Анан да кыргыз баласы кыйырга кетсе дагы улуулугунан жазбай, меймандостугу менен өзгөчөлөнөт. Жаңы тамга баш бакканыбызда даам сыздырып, кыргыз нанын ооз тийгизишти. Тамды эле куруп берип койбостон, ичиндеги сыналгыдан тарта, нан бышыруучу меш, кир жуучу машинадан бери киргизип берген. Анан да кытайлык кыргыздар ак калпакты кастарлап кийет. Кайсыл үйгө кирбегин, барында кыргыздын баш кийими илинип турат.

 

Анан да андагы айымдар оймо-чиймеси бар кыргыз чапандарын үстүнөн түшүрбөйт экен. Айылда мектеп курагында балдарды көрбөйсүң. Анткени алар шаардагы мектептерде билим алат. Балдардын дүйнө таанымы кеңейсин, терең билим алсын деп, өкмөт атайын балдарды ири шаарларда окутууга бардык шартты түзүп берген.

 

Чакан айылда эмкана, милиция бөлүмү бар. Кыргыз өзү той-ашты көп өткөрУп, дасторконду кенен жайгандыктан чакан кафе дагы куруп берген. Ар бир бүлө жер иштетип, жүгөрү, буудай эгет. Мындан тышкары малы да бар.

 

Кыштактагы бир үй бүлөнүн бир жылдык таза кирешеси сом менен эсептегенде 110 миң сомдон ашат. Жаңы кыштак Кыргызстан менен кесилишкен Иркечтам жана Торугарт чек ара бекеттерине жакын. Кыргыз боордоштору менен алакасын үзбөсүн деп, чек арага жакын жерлерде базар ачылган. Ал жактан кыргыз товарларын көп сатып алышат экен. Өзгөчө балды.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены