Кыргыздар Памир тоосунан агып келген

Кыргыздар Памир тоосунан агып келген

Мушкетов: "В первые колыбел человечестве появился Мустак-Ате”

 

18-кылымдын аягында, державалар жер басып алуу учурунда орустар баскынчылыгы Памирге жеткен. Ары жагынан Индия менен Пакистанды басып алуу боюнча Англиялыктар да Памирге жеткен. Тигил жагынан уйгурларды басып алып Кытай Памирге жеткен. "Памир үч бурчтугу” деп аталат. Үч держава келип ошол Памирден кездешкен. Мына бир жагы ССР, бир жагы Кытай, Бир жагы Англия үчөө үч бурчтукту түзүп турат. Үчөө Памирде чогулуп туруп, жашаган улутка карабай туруп Памирди бөлүп алышкан. Бирок ошондо жалаң кыргыздардын жери бөлүнүп кеткен. Кыргыздардын жарымы Кытайга, жарымы Ооганстанга, жарымы СССРге калып калган. Анан СССРге калганын дагы Кыргызстанга кошпостон, Тажикистанга кошуп койгон. Анан бул тарыхый жердин аттары дагы кыргыздыкы экендигин билдирип турат. Азыр жашаган элдин токсон пайызы кыргыз болгон үчүн кыргыздын жери экендигин далилдеп турат.

 

Тажикистандык кыргыздарда Кыргызстандагы кыргыздарга караганда улуттун белгиси болгон майда-чүйдө компоненттер жакшы сакталган. Ал эми Кыргызстан автоматтык түрдө орусаташып кетишкен көбү. Себеби салтына биринчи арак кирген. Тойлорунда жалаң арак бар. Ошол аракты тоюнда отуруп алып ичип жатышат дагы, анан кантип балдарын "Арак деген жаман нерсе, арак ичпе” деп тарбиялай алат. Тескерисинче ошону оздөрү пропаганда кылып, жаман нерсе менен шаан-шөкөт кылып мактанып отурат дагы, балдарына кантип ошщол аракты ичпе деп айта алат. Аракечтик деп ооздору менен салабаттуу сүйлөшөт карасаң, а бирок ошол аракечтикти түздөн-түз өздөрү пропаганда кылып жатышат. Ушул жагынан Мургабда салыштырмалуу тойлорунда бир да татым арак коомчулук арасында ичилбейт. Арак деген жаман нерсе катары көрүнөт. Жаштары жашынып, кечелерде ичип алышы мүмкүн, бирок, тойдо, аксакалдардын арасында же бир чоң тойлордо баягыдай аракты көрбөйсүң. Бул биринчи мургабдан ала турган чон нерсе.

 

Ошондой эле өлүк өлгөн жерде дагы, арак менен ачуу басабыз деп, арак ичилип жүрөт. Мына бул жердеги айырмачылыкты карасаң, Кыргызстанда маселен жакыны каза болуп кеткен туугандары, конок тоскондой жүгүрүп жүрөт, келген адамдарга эт тартып, сыйлап. Бизде Сарык-Кол кыргыздарында өлгөн кишинин туугандары үч күнгө чейин аза күтүшөт. Өздөрунүн үйүндө жада калса тамак бышырбайт. Кошуналары келип тамак жасап алып келип беришет. Үч күнгө чейин аза күтүшөт. Ал үйдө тамак бышпайт. Жаназага келген адамдарга койду союп берсе, ошол жердеги күйөө балдары, башка адамдар, коңшулар келип туруп, ошол жердеги келген кишилерди сыйламакка малды союп, башка кишилерге эт тарттырып, кызмат кылдырат. А бирок жакынын жоготкон адамдар, бир туугандары аза күтуп үйдө олтурат. Азыр да ошол нерсе сакталып калган. Бул жерде болсо мен көрүп таң калдым, конок тоскондой болуп жүгүрүп жүрөт. Тигил тууган таарынып калбасын, бул тууганга бул жиликти тарт деп жүгүрүп жүргөнгдөрү мени өтө өкүндүрөт. Мургабда кыргыздын нукура сакталып калган ушул салтын Кыргызстанга алып келиш керек. Бардык жерде салттар бузулуп кеткен.

 

Кыргызстанда маселен Өзбекстандын чек арасында жашаган кыргыздар өзбектешип, тили бурулуп ошол чөйрөнүн таасири менен жашоо образы да улуттун улут бойдон сакталбай өзгөрүп кеткени көрунүп эле турат. Ага салыштырмалуу Тажикистандын өзүнүн территориясында жайгашып туруп тажикче сүйлөбөстөн, аларга таасирленбей, тили бурулбай таза кыргыз бойдон сакталып калган.

 

Мунун себебин мен минтип айтат элем. Сарык-Кол кыргыздарын изилдеп жүргөн биздин Вангада Рахманкул хан менен Памирден качып кеткен кыргыздар бар. Азыркы Манас-Түрк университетинин ректору Сулайман Кайыпов Турциядан изилдеп келген. Бул киши айтып жатат: "Бизде жашаган кыргыздардын ичинен Памир кыргыздарынын эң күчтүү касиети бар, бул –жанындагы улуттарды, элдерди өзүнө сиңирип ала турган касиет” – деп жатат. Мисалы үчүн биз Тажикистанда Мургабда жашап жатабыз. Мургаб районунда тажиктер бар, бардыгы таптаза кыргызча сүйлөйт. Ал тажикти Кыргызстанга алып келип койсоң анын тажик экенин эч ким билбейт. Ал эми Мургабдагы кыргыздар тажиктердин бир да сөзүн билбейт. Ошондой эле Мургабга барган орусу да, кытайы да, уйгуру да, башка улуту да бүт кыргыз болуп кеткен. Ошондой эле Памир кыргыздарынын жанындагы кытайлар дагы, уйгурлар дагы кыргыз болуп кеткен. Ошондой эле Ооганстанга баргандар да, керек болсо Турцияга барган кыргыздар да ошондой таасирин көрсөтөт. Себеби бул улуттун уюткусу – Дооронбек Садырбаев кино тартып, "Журтумдун көрөңгөсү” деп жакшы ат койгон. Кыргыздын уюткусу ушул жерде экенине ошол киши баа берген. Буга мен баа берем. Мен азыр изилдеп жатам. Манас, Бакай, Кошой деген адамдар да Сары-Колдон келгендигин Саякбайдын ваиантында да Сагынбайдын вариантында да кездешип жатат. Ошолор келгенден кийин, ошолордон кыргыздар көбөйүп, ылдый агып түшкөн. Кыргыздар Памир тоосунан агып келген. Ошондуктан уюткусу ошол жерде. Уюткусу сакталып турганынын эсебинен ал жерде көп нерселер жоголгон эмес. Көрөнгө ошол жерде сакталганы үчүн жанагыдай касиеттер сакталып калган.

 

Сары Кол, Кара-Кол кыргыздын сөзү, ал эми Сары-Кол деген сөз перс тилинде бийик тоо деген сөз экен. Ал дагы туура келет экен да. Себеби ал бийик тоолуу жер. Кыргыздын эле сөзү деген нерселер ар кандай чыгып калышы мүмкүн экен. Биз ичкилик уруусунабыз. Сары-Колдо Ичкилик төрт урууга бөлүнөт. Тейит, Найман, Кыпчак, Кесек. Мен ошонун Кесегиненмин. Кесектин Кыдыршаасы,Кыдыршаанын Жутаңгысы, Жутаңгынын Байлартоосунанмын.

 

Санжырада негизи оң, сол, ичкилик деп үчкө бөлүнүп, Катаганды оң уруусуна же сол уруусуна кошуп жүрүшөт. Ал эми Катаган Сары-Колдон келип жатат. Ичкилик дагы кандайдыр бир болүк катары каралган нерсе. Бирок биз кырк уруудан куралганбыз. Кырк урууну кайра үчкө болүп жатышат да. Кандайча бөлүнүп калганын билбейм. Бирок Ошол Сары-Колдо жашаган уруулардын бири. Аларды ичкилик, башка деп бөлө албайм. Ошол эле Сары-Колдон чыккан, Манаста кездешкен Багыш уруусу бар. Багыш уурусу Сары-Колдон чыкты деп Манаста жазылып турат. Багыш уруусунун түпкү уруусу ушул жер. Ошондой эле Ногой, нойгут уруусу. Түпкү атабыз нойгут, Чубакка барып такалат деп бул жакта саяктар ж.б. уруулар тараган. Акбалта Сары-Колду жайлаган деп Манаста айтылат да. Бул жактагылар ошол жерден тарап жатат. Ошондой эле Саруу деген уруу да ошол жерден келген. Андан сырткары Жетикөр деген уруу Жедигер аталып, ошол жерден келгендиги айтылат. Оң,Сол, Ичкилик деп бөлүнгөнгө чейинки, же кыргыз деп Манас түптөгөнгө учурдагы кырк уруу ошол жерде жашаган. Кырк уруунун уюткусу ушул Сары-Колдон чыккандыгын айтып турат. Анан кийин барып туруп, шарттуу түрдө оң, сол деп ар кимиси бөлгөндүгү айтылып жатат тарыхта. Болбосо түпкү нерсеси кыргыздардын уруулары ошол жерден чыккандыгын айгинелеп турат. Менин болжолума караганда ошол урууларды Манас кыргыз деп бириктирген адам катары билем. Кыргыз деген аталышты биринчи жолу алып чыккан Манас деп эсептейм.

 

Ичкиликтерден берки кыргыздардын Сары-Колго белгилүү менин чоң бабам бар. Көкөмбек деген миңбашы. Өзү датка деген наамды алган. Сары-Колдогу кыргыздарга чоң кадыр баркы бар адам болгон. Тажикистанда калганынын эсебинен алар элге билинбей, элге белгилүү болбой жатат. Россиядан датка болгон, россидан мөөр берген. Аябай таасирлүү адамдар болгон. Өзүмдүн уруумдан Эшенкул деген мн башы болгон. Ошол эле Кесек уруусунан айтып кетсем, Абдыкерим Орозбаков, Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиевдер Кесек уруусунан болушат. Төрөбай Кулатов Шамрек, мен Жутаңкы, ушундай жакын уруудан болот. Мына ушундай кыргызстанга таанымал, мыкты инсандардан, менин уруума жакын уруулардын урпактары ушул адамдар. Сары Кол, Кара-Кол кыргыздын сөзү, ал эми Сары-Кол деген сөз перс тилинде бийик тоо деген сөз экен. Ал дагы туура келет экен да. Себеби ал бийик тоолуу жер. Кыргыздын эле сөзү деген нерселер ар кандай чыгып калышы мүмкүн экен.

 

Биздеги карылардын касиети чоң. Ушуга да басым жасап айтыш керек, айылга барсаң аксакалдарды чакыруу деген чоң сыймык. Эмне той болсо да, куран окутуу болсо да, ооз ачыра турган болсо да айыл аксакалдарын чакырат. Айыл аксакалдары аябай кадырлуу, алардын сөзү өтүмдүү. Ошол аксакалдардын ичинде дагы мындай бир сөз билген, соз баккан адамдар бар.Ошолор сүйлөгөндо ошолордун сөзүнө күчтүү маани беришет. Бул жактагы кээ бир аксакалдарыбыз улуулук касиетин жоготуп коюшкан. Эмнеден жоготушкан, менин байкашымча, арак себепкер болгон. Бул жерден көрүшуп, аябай сый менен учурашсаң, мындай баскандан кийин карасаң, ар барып камоктон жүз грамм басып коет. Анан ошондой аксакалдардын касиети болобу. Анан ал ичип алгандан кийин эмне деген гана создөрдү сүйлөбөйт. Бирөөлөрдүн көңүлүн оорутса, же бир эле туура эмес сөздү сүйлөп коюшу мүмкүн да ал ичип алгандан кийин. Ошондон кийин бардык касиетин жоготот. Андан кийин ал аксакал дагы болбой калат. Аксакалдык касиет да калбай калат. Аксакал деген жүрүш-турушу менен бийик болуш керек, өзүн тыкан алып жүрүш керек. Тарбия бериш үчун биринчи мугалим тарбиялуу болуш керек дегендей, кийинки муунга үлгү болуш үчүн, күчтүүрөк сөз айтыш үчүн, ал адамдын касиети болуш керек.

 

Түштүктүн элин хан көргөн эл деп келишет, бирок түндүктө деле бийликке кошоматты аябай жакшы кылышат. Башкарма дегенде жаны чыккандай коркушат. Бир жерге бийликке турган адамга, мындай башкача мамиле кылып, кошамат кылып калышат. Түшүнүк ошондой, ошого кошомат кылыш керек, ошол келсе сыйлаш керек, ошону башкы үйгө киргизиш керек, ошого чоңурак устукан тартыш керек. Мына ушундай түшүнүк Колдө да, Нарында да бардык жерде таркаган. Түштүктө андан бешбетер. Бирок ушулардан айырмаланып Сары-Кол кыргыздарында райондун акимин да тоготпойт. Той-топурда аким болобу, башка болобу келди ал эч ким эмес, тойдун арасында бирөөсү да көтөрүлүп, бийлигин пайдаланбайт. Адам катары гана өз ордун таап отурат. Карапайым эл дагы бул менин бул жумушумду бүтүрүп берет, деп көз каранды болгон нерсе жок. Тогопойсуң, маани да бербейсиң. Ал чоң дагы мен төргө отурам, мен минтем дей албайт. Аксакалдатып, озүнүн жашына карап туруп отурат. Эми кээде барып калса сыйлап калышы мүмкүн, бирок, ашкере кошоматчылык дегенди Сары-Кол кыргыздары билбейт. Менин деле ал жакта кадыр баркым жогору, бирок, мен барганда өзүмдүн жашыма карап туруп, өз ордумду таап отурушум керек. Жөнөкөй карапайым, менден бир жаш чоң айылдык бирөө отурса, мен ошондон жогору отурбайм. Ал жерде айылдаш адамбыз. Ал жерде бири дагы кошоматка көнгөн эмес. Ошондуктан Памир кыргыздары башынан эч кимге баш ийген эмес. Бул жактын кыргыздарды кокус жыйында бир орус отурса, байкуш калган кыргыздар орусча сүйлөгөнгө аргасыз болушат.

 

Ал эми өзүмдүн атамды айтып кетейин, изилдөөчү орустар барып калат. Түшүнсө түшүнбөсө да кыргызча сүйлөчү. Кел, отур, каяктан – деп түшүнбөсө дагы кыргызча сүйлөп туруп алчу. Орустар тушсө-тушүнбөсө да баштарын ийкеп олтуруп анан кетчү. Башка тилде сүйлөйүн деген аракет да болгон эмес. Азыр дагы жок. Мына ушул жагынан да айырмачылыкты байкап жүрөм. Мен мурун уят көрчүмүн. Эми ушуга орусчалап сүйлөп койбойбу, түшүнүктүү кылып сүйлөбөйбү – деп кичинемде ошентип ойлочумун. Көрсө мен жаңылыптырмын. Алардын бул ыйыктыгы экен. Мен аны кийин улуттун сакталып калышы туурасында маселеге келгенде түшүндүм. Демек Сары-Кол кыргыздарынын ар бир адамынын өзүнүн түпкү касиети бар.

 

Япондордун чыгарган китеби бар экен, бул азыр Кенжебек Алдаяр аттуу комузчуда бар. Кенжебек байке айтат: "Китепте мындай жазылган, "Дүйнөдөгү Памирде туулган адамдар, асман менен, кудай менен байланыштуу. Ошол Памирде туулган адамдар дүйнөнү өзгөртүүчү касиетти бар адамдар туулат” – деп жазылганын окуп алып, баягы китепти тажиктерди эмне деп жазган деп ыргытып жибердим, кийин Манас боюнча изилдеп, З.Сапановдун макаласын окугандан кийин, баягы китепти кайра алдым. Көрсө ал жерде жалаң кыргыз жашайт экен, анан окуп туруп мен баа бердим. Манас да ошол жерден келип дүйнөнү өзгөрткөн экен. Сары-колдо Опол-Тоо деген тоо бар. Манаста айтылып жүргөн Опол-Тоо. Тоолор уланып, уланып отуруп чоку болот да. Ал эми Опол тоо деген бир эле дөң, дөбө. Ал уланбайт. Ошол дөбө дүйнөдө экинчи бийик чоку. Биринчи чоку Еверест. Тибет менен Гималай. Гиамалай да кыргыздын жери. Гималай менен Памир алай деп коет муну. Бер жагы Памир Алай, экинчи жагы Гималай. Анан биринчи адам Гималайга, Тибетке түшкөн деп тарыхый булактарда айтылып жүрөт.

 

Дагы бир еврейлердин пайгамбары Моисей биринчи Опол-Тоого түшкөн дейт. Биринчи адам баласы Опол-Тоого, Памир-Алайга түшкөн дейт. Муну бир Мшкетов деген окумуштуу барып, 18-кылымда далилдеп жазган. Дүйнөнү суу каптап туруп түшкөндө Моисей дегени ал Муса пайгамбар биринчи адам Мустак – Атага түшүп, музга түшкөн дейт. Анан улам суу тартылып кургак кобөйгөн сайын адамдар акырындап дүйнөгө жайылып кеткен делет. Мушкетов: "В первые колыбел человечестве появился Мустак-Ате” деген сөзү бар. Дагы бир кызыгы биринчи түшкөн кишинин аты "адам”. Арабдар да, орустар да башка тилдегилерде да адам деп айтылат, бирок, бул сөздү түздөн-түз маанисинде адам деп кыргыздар гана атайт. Манас ошондуктан Опол-Тоо калган жер деп айтып жатат. Ошол Опол-Тоодо Бахбур (Бабыр), Бабырдын баласы Төбөй, Тобөйдөн Ногой, ногойдон Жакыптардын мекени биринчи адам түшкөн тоо Опол-Тоо болуп жатат. Демек биринчи адам баласы түшкөн жерди Манастын ата – бабасы жердеп калган. Анан Манастын атасы Жакыптын кубаланган жери Опол-тоодон Алтайга карап кубаланган. Анан Манас Алтайда туулган. Бирок, түпкү атасы ошол Опол-Тоодо. Ошол Опол-тоодон биринчи адам баласы түшкөндүктөн ыйык нерселердин көбү ошол жерден башталат.

 

Сапанов Зулпукаар Акматбекович Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун, Мургаб районунун Көөнө – Коргон деген айылында туулган.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены