Кыргыз элини үрп-адат, каада-салттары жана бүгүнкү күндүн жаштары

Кыргыз элини үрп-адат, каада-салттары жана бүгүнкү күндүн жаштары

Кыргыз эли байыртадан уюткулуу улут болуп, улуу тарыхка бай, салт-санжырага бай, узак жашаган  өз каада-салтын жоготпой келген улуу кыргыз болуп эсептелет эмеспи.

 

Ушул улуу журттун урпактары, келечек ээлери, жаш муундар бүгүнкү күнү ата-бабалардын башынан кечирген тарыхты жана каада-салтты урматтабай, унутуп бара жаткандары ойлондурбай койбойт.

 

Себеби, коом өзгөргөн сайын адамдардын көз карашы да өзгөрүлөт. Ошол себептен менин айтарым кыргыз элинин үрп-адат, каада-салттары бүгүнкү күндө жаштар арасында деген сөздүн (кептин) чоң мааниси бар. Ата-бабалардан калган бул салтты, тарыхты азыр жаштарга айтсак жомоктой сезилет.

 

Жок, аны биз бүгүнкү күндө билишибиз керек. Бирок илгерки аксакалдардын аздап бара жатканы жанды кейитет, себеби биз өткөндөрдү билүүдөн бөскөрүп калып отурабыз. Шүгүр, дагы эле айыл аксакалдары бар экендигине, а бирок, жаштар бул аксакалдардан өткөндү сурап, салтка көңүл бөлүп, жаштар өз ара талкуулашпайт, ойлонуп да коюшпайт. “ Карысы бардын, ырысы бар” – дегендей карыларды ардактап алардын асыл сөздөрүн уксак, үйрөнсөк... Эмнеге, не үчүн? Деген суроолор туулат. Бул суроонун себеби өтө маанилүү. Ил- геркилердин ички дүйнөсүнүн тазалыгын, алардын акылман сөздөргө бай экендигин баалашыбыз керек.

 

“Карынын сөзүн капка сал” – демекчи эң биринчи “Саламдашпай сөз баштаба” – деген асыл сөздөн баштамакчымын. Азыркы учурда салам берүү да өтө кыйынга турат, жаныңдан өткөн жаштар тааныса-тааныбаса саламдашып койсо болот, жок тескерисинче сени тааныбасам дегендей жер карашып өтүшөт. Ошол себептен биз жакырбыз, эмнеден жакырбыз урмат менен сыйдан. Узакка олтуруп сүйлөшүп жаткан аксакалдардын жанында турган жаштар алардын сүйлөшкөндөрүнө көңүл да бурушпайт, кулак да салышпайт. А кары адамдар үчүн мындай сүйлөшүү бир ыракат. Себеби өткөн-кеткендерден кеп курушуп, ата-тегибизден, уруудан уруу кууп бир адам тууралуу болсо сенин сөзсүз ата-тегиң сүрүшүп билишкен, а азырча жөн аны сурап да коюшпайт.

 

Балким бир күнү сен башка бир айылга барганда атаңды көргөн, энеңди тааныган адам карылар сөзсүз ата-тегиңди сурап калса эмнени жооп берем деп да ойлонбогондор бар. Азыркы жаштар ызы-чууга батып эле, башка элдердин музыкаларын коюшуп ойногонго куштар, ал эми кыргыздын музыкасынан илгерки акардион менен ырдалган ырларды эч бир укканга көңүлдөрү барышпайт, анын маңызын, мазмунун уксаң түшүнүктүү да, тарбиялуу да экенине баа беришпейт. Өздөрү түшүнбөгөн музыка аларды жыргалга баткызат. Өкүнүч...

 

Тарых, таржымал, салт-санжыраны аныктап угуу же окуп билүүнү ойлонушпайт. Азыркы учурдагы адабий учурап китептерди, мурастарды окуу сейрек бара жаткандыгы да ойлондурбай койбойт. Өзүңөргө көөнөрбөгөн рухий байлык тартуулаган, сени ойлондуруп сезимге аруулук, мээримиңе мээрим кошкон кээде кубандырып кээде капаландырган, билимиңе билим кошкон жан досуң китеп эмеспи. А жаштар бүгүн көбүнчө эмне менен алек экенин турмуш жашоо өзү көрсөтүп турат, ошону менен силер артта калып бара жатасыңар.

 

Сары-Кол накта таза нукура салттуу кыргыз элинин уюткусу. Ушул таза нарктуу анык кыргыз урпактары тыңшагыла, уккула кылчайып артка карап өз каада салтка, урмат-сыйга, түпкү атаны сүрүүгө үйрөнгүлө. Эрте эле жашың өтүп өз балдарыңа да үйрөтүүнү унутпагыла.

 

Жигиттер болочок аталар ата-бабалардан калган өзүңөргө тиешелүү салт-санжыраны, милдетиңерди билүүгө шашылгыла! Ат, төө, өгүз минүүнү, мал багууну да, кой союп мүчөлөп, конок күтүүнү, табак тартуу эрежелерин билип, конок менен ишиңер болуп өз бүлөңдү күтүүнү ойлонгула.

 

Ал эми болочок эжелер, жаш кыздар, келиндер илгери жоктон жонгон, жарыңа кеңешчи болгон сарамжалдуу, уз, чебер энелерден үлгү алгыла, шашылгыла ата-бабанын каада салтындагыдай мейман дос, ак пейил, эненин кызы дегидей сарамжалдуу болууну көздөгүлө. Сабырдуу болуп, ачууга алдырбаган, баарын жеңе билген олуттуу жандардан болууга жетишкиле!

 

Бүгүнкү күндөгү жашоо шартта ата-энелерди, эже-агайларды, ага-инилерди да биримдикке чакырам. Келгиле туугандар жаштардын келечегин ойлонолу. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгаралы. Жаштарды тарбияга чакырып, ушул каада-салтка тарбиялайлы. Ата-энелер деле бирибизден бирибиз дүйнө ишине аша чаап, ашырып, байлыкка, мансапка унтулбай жаш муундарга туура көрсөтмөлөрдү берип, жети атадан тартып, уруу урууну түшүндүрүп өз салтыбызда тарбиялайлы.

 

Жалпы жаштар ыйык туткун,
Улуу кыргыз даңкыны.
Бийик туткун улуу кыргыз салтыны,
Ардактай бил, Сары-Колдун баркыны,
Сыйлай жүргүн бардык улуу карыны.

 

Демек, келечек жаштардыкы, бүгүнкү күндөгү улан кыздарды мен өз салттарында жүрүүгө, өз салттарын урматтоого чакырамын.

 

А. Жуниева, кыргыз тил мугалими,
Баш-Гүмбөз айылы.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены