Кичи Памирдеги кыргыздар кырылып баратат, Кыргызстандан жардам күтүшөт!

Кичи Памирдеги кыргыздар кырылып баратат, Кыргызстандан жардам күтүшөт!

"Кыргыз бутагы” коомдук фонду түзүлө электе эле, 2009-жылдын август айында да алар Кичи Памир кыргыздарына барып келишкен. Быйыл да ал жакка сапар алып, бир далай жаңылыктарга күбө болуп келишиптир. Кичи Памир кыргыздарынын жашоосу кыйын, аялдардын, жаш балдардын өлүмү көп. Ал жактагы кыргыздар өздөрү 1500-2000дей калкпыз дешсе, демилгечилердин маалыматы боюнча, анда 720дай эле кыргыз калыптыр. Учурда алар "балдардын убалынан коркобуз” деп Кыргызстанга алып кетишсе деген үмүт менен жашап атышат. "Кыргыз бутагы” коомдук фондунун директору Гүлзат Болотова менен маекти сунуш кылабыз.

 


"Памылга” карай жол

 

- Гүлзат айым, Памирдеги кыр­гыздарга 2009-жылы барып, бир далай кызыктарды айтып келдиңер эле, 2011-жылы да барып келиптирсиңер…


videoknopka– Ооба, Ооганстандын Кичи Памиринде жашаган кыргыздарга 2009-жылы турист иретинде барганбыз. Ал жакта алты күн болгонбуз, жашоо-тирлиги бизди кайдигер калтырган эмес, жашоо-шарты оор экен. "Өз элибизге көчүп барсак” деген эңсөөлөрү күч. "Памир” дегенди алар "Памыл” деп айтышат экен. Бийлик башчыларына "памылдыктардын” аманатын жеткириш үчүн убада алып, алардан дайым кабар алып турганга убада берип, жыл сайын барып турабыз деген максат койгонбуз. Биринчи барганда узак, бир ай жол жүрүп, Тажикстан, Ооганстан, Вахан коридору аркылуу Сархатка чейин барып, андан ары ат, эшек менен жүрүп 4 күндө азап чегип араң жеткен болчубуз. Деңиз деңгээлинен 4000-4500 метрден ашуун бийиктикте экен. Андагы кыргыздар "3.5 сааттык эле, кыска жол бар” деп айтышкан. Күнжубай аркылуу ал жактан СССР аскерлери кирчү экен. 2010-жылы августтун башында Мургабга барып, ал жактан уруксат алып, Кичи Памирге бармакпыз. Мургабда үйлөрдү сел алып, аба ырайы катаал болуп атыптыр. Ошол учурда бизге Тажикстандан "Силер бир уюм болсоңор уруксатты тез алмаксыңар” деп айтышкан. 2010-жылы ошентип жете албай калганбыз. Кайтып келип, фонд түзүү тууралуу ойлодук, боордош кыргыздарга гуманитардык жардам алпарганга, виза алганга жакшы болот дешкенинен, Айнура Касылова, Иса Өмүракунов жана мен, үчөөбүз негиздөөчү болуп, "Кыргыз бутагы” аттуу коомдук фонд уюштурдук. Түркия, Кытай, Ооганстанда кыргыз калкыбыз бар, ошолорго жардам берели деген максатты көздөдүк. Мен мурда Түркиядагы кыргыздарга барып келгем. Мени сырттагы элибиздин жашоосу абдан кызыктырат. Кесибим медик болсо да, жүрөгүмдө кыргыз элим деген бир нерсе жанып турат.

 

- Кичи Памирге барар астында Миграция министрлигине кайрылдыңыздарбы?

- Коомдук фонд болуп түзүлгөндөн кийин Миграция министрлиги менен байланыштык. Кичи Памирге быйылкы барганыбызда Миграция министрлиги моралдык көп көмөк көрсөттү. Тышкы иштер министрлиги менен байланышканга, Тажикстандын бийлиги менен сүйлөшүүдө жардам берди. 2011-жылы 2-августта жолго чыктык. 4.5 тонна гуманитардык жардам, кийим-кече, тамак-аш алып алдык. Көпчүлүгүн өзүбүз чогулттук. Бараарыбызды укканда, тааныштар колдон келген көмөгүн көрсөттү, ал тургай апалар пенсиясынан беришти. "Эльшадай” деп аталган уюм бут кийим, кийим-кече беришти.

 

kichi pamir 2- Быйылкы багытыңар кандай болду?

- Адегенде Ошто бир күн болдук, Кичи Алайдын Сары-Таш деген, деңиз деңгээлинен 3300 метр келген бийик жерде бир күн түнөдүк. Бор-Дөбө чек арасында жүктүн документтери туура болбой, Ошко кайра кайтып келүүгө туура келди. Тажик постунда дагы бир күн түнөдүк. Суу ташкындап, көпүрөнү алып кетиптир. Суу тартылганда анан чыктык. Кызыл-Арт постунан өтүп, Тажикстандын Мургабына бардык. Мургабдын акими Мырзабек Жоошбаев жакшы жардам берди. Мургабда да документтерибиз туура болбой, ал жакта 5 күн болуп калдык. 5-күн дегенде Тажикстанда Ага хан фондунан бир команда ФОКС программасы боюнча Кичи Памирге бараткан экен. Жолубуз болуп, документтерибиз ордуна келгенден кийин ошолорго кошулуп 2 жумага уруксат алдык. Бул биз үчүн чоң кубаныч болду. Алардын коштоосуна кошулуп калдык. Биздин бир ЗИЛ машинабыз, эки жеңил машинабыз бар эле. Мурда Вахан аркылуу эшек, төө минип барсак, Мургабдан чыгып, Токтомуш-Шаймак-Күнжубай-Кичи Памирге жеттик. Токтомуш айыл өкмөтүндөгү тажикстандык кыргыздар жакшы жардам берди. Мурда биз Кичи Памирге Хорог, Ишкашим, андан Вахан коридору аркылуу Сархатка чейин барып, Сархаттан эшек, ат минип төрт күндө араң жеткенбиз да. "Бизди алып кеткени келдиңерби?”,- дешти сүйүнүп

 

- Оогандык кыргыздар силерди кандай тосуп алышты?

videoknopka- Күнжубайдан киргенде эле боз үйлөрдү көрдүк. Үч атчан киши бизди дүрбү салып карап турган экен, чаптырып келип калышты. Алардын артынан башкалар жетип келишти. Андагы кыргыздар амандашкандан кийин эле "Бизди алып кеткени келдиңерби?”,- деп сурашты. Бизди мурда да көрүшкөн да. Биз да "Мурда көргөн кишилерибизди көрө алаар бекенбиз” деген эңсөө-сагыныч менен барганбыз. Тилекке каршы, "кыргыздарга аманатыбызды ала баргыла” деген Абдрашит хан каза болуп калыптыр. ФОКС уюмундагылар болсо тескейде калды. Биз гумжардамды тескейге түшүрүп, Ак-Сууну кечип, жайлоо жакка, ат жалына чейин суу кечип өттүк. Бизди атка учкаштырып өтүштү. Алар суунун агымына киргенде, атты кантип бастырышты билишет экен, аттар да бири-бирин жандап өтөт экен. Суу бийик болуп, бир кызыбыз агып кете жаздады, белчесине чейин суу болуп. Мурда Вахан аркылуу киргенде, бир башынан кирсек, азыр Кичи Памирдин аягынан кирдик. Биринчи айылга барып, сагынычыбыз тарагыча сүйлөштүк. Кыргыздар негизи меймандос эл да, колунан эмне келсе, ошону берип, кой союп коноктоп жатышты. 14 күндө бизге 13 кой союшту. Мурда барганыбызда бизге жалаң эле камыр тамак, бешбармак, чай, топоздун сүтүн беришсе, эми жаңы бышырылган боорсок, мейиз менен, шири күрүч, каттама, аш, күрүч тамак берип жатышты. Анткени орозо учуру, анын үстүнө биздин келгенибизди рациядан угуп, даярданып, каткан тамактарын чыгарышыптыр.

 

kichi pamir 3- 2009-жылдан кийин кандай жаңылык болуптур?

- Булар бизге караганда Кыргызстандын коен жатагына чейин билет экен. Мурда биз 3 эле айылга барып, ал жактан телевизор көргөн эмеспиз. Айгүл Рыскулова министр болуп турганда телевизор алып барып беришиптир, КТР, ЭлТР каналдарын көрүп, "Азаттыкты” угушат экен. Кеч киргенде баары телевизор бар 3-4 боз үйгө чогулуп, жаңылык угуп, көрүшөт экен. Ал жактагылар сабатсыз болгондуктан, жаңылыкты угуп, көрүшкөнү жакшы да. Эми бардык айылдарды кыдырып, мурдагыдан көбүрөөк маалымат алдык. Дагы чоң нерсе – мурда ажыга баргандар аз болсо, эми ажыга баргандар көбөйүптүр. Буларда паспорт жок, Түркияга тууганына барып, паспорт алып, дарыланып келип атыптыр. Жеңилирээк операция, сокур ичеги, көз оору, өт боюнча операция жасатып келип жатышыптыр. Кабулдан паспорт алгандары бар. Биз 2009-жылы барган кезде мектеп жок, баары сабатсыз болчу. 2009-жылы Грек Мартинсон аттуу америкалык адам мектеп ачып бериптир. Күнжубай аркылуу курулуш материал алып барып, Бозой-Күмбөз деген жерге мектеп ачыптыр. Азыр 50дөй бала билим алат экен. 1-5-класс (сынып дешет). Арасында 2-3 эле кыз бар.

 

- Мурда силер барганда мектеп такыр жок болчу да…

- Анда мектеп жок эле. Үч бөлмөлүү мектеп ачылыптыр. Фарси, урду, дарий тилдеринде окутулат, кыргыз тили окутулбайт. Келишим менен Ооганстандан келген мугалимдер сабак берет. Кичи Памирден эки кыргыз мугалим иштейт, бирок алар фарси тилинде окутат. Мектепке кирип көрдүк. Илгеркидей, 10 балага бир китеп, куран окугандай, бир убакта шатыратып окушат. Партаны Пакистандан келген уста эми жасап жатыптыр. Көбү жерде эле отурушат. Бул жакта жай айы кыска да, эки эле ай, деңиз деңгээлинен 4200-4300 метр бийиктикте. Бизге да кыйын болду, дем ала албай кан басымыбыз көтөрүлүп кетип жатты. Мектептин жанында жатакана сыяктуу боз үйлөр бар. Алыс жашагандары жатып окушат, жакындары барып-келет экен.

 

- Медициналык жактан тейлөө кандай болуп жатыптыр?

- Акушер аял, медсестра келишим менен келип турат экен. Бирок айылдын баарын кыдырып жетише албайт. Мурда биз ал жакта аялзатынын өмүрү кыска, картаң көрүнөт деп айтып келбедик беле. Азыр деле аялдардын өлүмү көп. Биз барганда медсестрага жолугуп калып "Кантип бул жактагы аялзатынын өмүрүн узартса болот?”,- деп сурасак, ал "эң биринчи шарт керек, аялдарды караганга жакшы клиника болсо”,- деп айткан. Ошол эле кезде биз бир укмуштуудай нерсеге туш болдук. Бозой-Күмбөздүн кыштоосуна бир күн жол алыс болуп түнөп калдык. Абдрашит хандын кыштоосундагы көргөнүбүз бизди таң калтырды. Тоонун башында аппак чоң көчмө суперклиника-автобус жапжаңы жабдуусу менен турат. Жаңы эле медсестра менен, эл менен жолукканда ал тууралуу эч кимиси сөз кылган эмес. Тамак жок, от жок. 3 кыз, 1 эркек кыштоодо калдык. Кыздар таш үйгө жаткандан коркуп, биз ошол машинада түнөдүк. Эркек бала таш короодо жатты. Суперклиниканын ичинде 3 бөлмө, кушетка, рентген кабинети бар экен. Ал жерде желдеткичтер, рентген аппарат, жуунгуч турат. Дары толтура, бирок мөөнөттөрү өтүп кетиптир.

 

- Аны ким алып келиптир?

- Ошо бизге табышмак боюнча калды. Ооганстан-Пакистан достугу деп англис тилиндеги жазуу бар экен сыртында. Элден акырында сурасак, ал автобус 4-5 жыл мурда Ооганстан аркылуу бөлүнгөн окшойт. Угушубузга караганда, Швеция бөлүп берген. Мургабдын акими клиниканы Шаймакка коелу деп суранса, белгиленген жерге, Кичи Памирге Абдрашит хандын кыштоосуна гана коюлсун деген шарты бар окшойт. Ошо менен адис жогунанбы, айтор, ачылбаган боюнча турган экен. Таң калычтуусу, көбү ич өткөктөн же жүрөк оорудан өлүп жатышса, ошол ооруга керектүү дарынын баары бул жерде мөөнөтү өтүп, пайдаланылбай турат. Аялдар төрөттөн кыйналып өлүп жатат. Машина генератор менен иштейт экен, генератору да турат. Эл деле буга жооп бере алган жок. Бизге ушул табышмак бойдон калды. Дагы бир кызык нерсе – тоонун башына чыгып, сүрөт тартып жүрсөм, төгүлүп жаткан толтура дарыны көрдүм (Мен медикмин да). Келип жолугуп, "эмне үчүн дарыны төгүп салгансыңар?” деп сурадым. Көрсө, элибизде башка улуттар бизди өлтүрүп салбайбы деген коркунуч бар экен. Берген дарыларын корккондон да ичпей коюшат тура. Алар менен жолугуп, дарыларды ичкиле деп түшүндүрүп айтып берсек, ошо күндөн кээ бирөө иче башташты. Аялдардын, жаш балдардын өлүмү көп. 455 бала кайтыш болуптур, бул он жылдын аралыгында окшойт. Бир бала "биз төрт эшиктүү түрмөдө жашайбыз”,- деп айтат. "Апам 13 бала төрөдү, андан үчөө калса, эжем эгизи менен кошо өлдү” дейт. Бирөө "5 балам жер үстүндө, беш балам жер астында” деди. Аялдар төрөттө тону түшпөй өлүп калат экен. "Коркок тийди” дешет экен, коркуп, чыңырып атып эле өлүп калды дешет. Бири төрөлүп өлөт, бирөө төрөлбөй өлөт, бир жашка жетип же жетпей эле чарчап калгандар көп. Бир эже айтат, "16-17 ни төрөдүм, бирөө эле калды” дейт, бирөөнүн 7 баласы тең өлүп калыптыр. "Кызыл чыкты” деп кызамыктан өлгөндөрү көп болуптур. Аялдардын саны аз, анын үстүнө аз да жашашат экен. Бир айылда гана бир байбиче 72 жашка чыгыптыр. Аялдардын аздыгынан үйлөнбөгөн эркектер көп. 50-55 жашка чыккан киши 15 жаштагы кызды алып жатыптыр. Бир киши 50дөн өтүп кетсе да үйлөнө элек экен. Колунда барлары кыздарын башкаларга бербей, бири-бири менен кайчы куда боло берет экен. Кыз кымбат. Бай болсо, калыңын көп берип, мисалы, "100 кой, 1 жамбы, 10 жамбы” деп топоз, төө беришет экен да, колунда жогу үйлөнбөй калат. Башка элден кыз албайт. Бирөө "сүннө тажик” деп тажиктен кыз алса, аларды бөлүп коюшуптур. "Биз жакында Кыргызстанга барабыз, Кыргызстандагы илимдүү кыздарга үйлөнөбүз” деп үмүт кылышат экен.

 

- Кара дары дегенди пайдалангандар бар дедиңер эле, азыр кандай экен?

- Кара дарыны пайдаланганынын бир себеби, кызамык болуп, ошо убакта кара дары-апийим ичип, оорусу тез сыртына чыгып, айыгып кетиптир. Кээ бири кара дарыны көп ичип, көз каранды болуп калган турбайбы. Жакшы нерсеси – Кыргызстанга, Түркияга кетебиз деп айыгып, кээ бири Ваханда дарыланып аткандар, таштагандар бар экен. Эл өзү турмушта көрүп, кара дары кедейчиликке алып келет деп калышыптыр. "Балдарымдын убалына калгым келбейт”

 

- Кыргыз тилинде таза сүйлөшөт бекен?

- Кыргызча таза сүйлөшөт, фарси, урду, түрк тилдерин түшүнөт. Аялдар үйдө көп отургандыктан, үйрөнө албайт экен. Абдрашит хан кайтыш болгондон кийин ордуна баласы Рушан хан болуптур. 28 жашта. 4 бала, 4 кызы бар экен. Анын спутник телефону бар, бирок бирдиги жок сүйлөшө албай жүрүптүр, биз карта ала барганбыз, аны салып, биздин миграция министри Алмаз Абытов менен сүйлөштү. Тоонун башынан жакшы угулбайт. Элибиздин суранычы "Тил жоголсо, дил жоголот” деп, тоо арасында кыргыз тилин сактап келишиптир. "Тил билбесем, кыргыз болбой калам” дешет экен. Балдарын жаңы ачылган мектепке жибергиси келбегенинин да себеби, урду, фарси тилдерин үйрөнүп кетип, кыргызчаны унутуп калат дешет. "Биринчи мугалим” фильминдегидей суу кечип барып окушат. Ата-энелери балдарын окуудан келатканда дүрбү менен карап турат экен. Балдарыбызды Кыргызстан алып окутса, берет элек дешет. Ал жактагы бөбөктөрдөн "Кыргызстанга барасыңарбы?” – десек, "Барабыз”, – дешет. "Кыргызстанда эмне бар?” – десек, "Ал жакта жылуу, алма бар”, – деп жооп беришти. "Памыл кандай?”, – десек, "Кыйноо, суук”, – дешет. "Ата-бабам ушул жашоого алып келди, ушул жашоого мен макул элем. Мен эми балдарымдын убалына калгым келбейт, балдарым жакшы турмушту көрсө болот эле”, – деп бир кишинин айтканы эсибизде калды. Экинчи чоң арзуусу – 2009-жылдан бери, биз баргандан бери, алар эл-жерибизге көчүп кетсек деп эле эңсеп калышыптыр. "Атасы баласын сураса бербей коебу. (Кыргызстанды алар атага, өздөрүн баласына салыштырып жатышканы). Келип бизди койнуңарга катып алсаңар экен. Үмүт-тилегибиз силерсиңер, силер менен бир жерде, бир топуракта көмүлсөк”, – деген сөздү ар бир айыл, ар бир үй, ар бир кишиден уктук.

 

- Ал жакта канча кыргыз бар экен?

- Биздин ал жакка барган максатыбыз да канча кыргыз бар экен деп кызыгып, статистикалык маалымат чогултуп келели дегенбиз. Ал жакта 21 айыл, 12 жылга бар экен, жылгада 5-6 айыл бар. Барганда, айыл аксакалдары, раис, жардамчыларынан уруксат алдык. Эртеси эртең менен акимдерди чогултуп, бүт раистерди чакырттык. Бир жаңылык – Түркиядан буларга рация белек кылышыптыр. Биз келгенде да бири-бирине рация аркылуу кабарлашыптыр.

 

- Кичи Памирдеги кыргыздар 1916-жылы Рахманкул хан менен качкан кыргыздардын тукуму да…

- Ооба. Биз барганда Улуу Памирден да конок келиптир, алардан маалымат алдык. Чоң Памирде эл аз. Кичи Памирде 1500-2000 калк бар деп жатышса, иш жүзүндө 720 болуп калыптыр. Улуу Памирде 1000 киши жашайт деп атышат, 500 элеби деп калдык. Экөөнүн ортосу ат менен 3 күндүк жол экен. Туугандар катташып турушат, кыз алышкандары бар. Алардын ханы Турдахун хан Кабулда турат. 6 раис, молдо, ажылар бар экен. Үркүндө качкан Рахманкул хан менен кеткендер Ооганстан, Кытай, Пакистанга байыр алышкан да. Пакистандан Рахманкул хан Түркияга кетип, Абрашит хан Памирде калган. Кичи Памирдегилер болсо Ооганстанга караштуу.

 

- Балдары алма, конфет дегенди билишпейт бекен? Сооданы кантип, каяктан жасашат?

- Алма, конфет жеп көрө элек балдар көп экен. Аялдар пияз, чеснок дегенди да тамакка туурап көрө элек. Тамактары эт, камыр. Манты касканды Тажикстандан алышыптыр. Күрүч баскан идиш, эт туурагыч көрдүк кээ бир үйлөрдөн, бир-эки-үч үйдөн кийим тигүүчү машина көрдүк. Аялдар негизинен кийим тигет экен. Илгери тери иштетип, ат жабдыктарын жасашчу экен, ал өнөрү калып калыптыр. Топоздун жүнүнөн төшөк, жууркан, аркан эшип, чий токушат, чийди кооздошот, өрмөк өрүшөт. Кийим тиккен кол машинаны мурун көргөн эмеспиз. Бир аял Турна деген кызына көйнөк тигип атыптыр. Кыздар бизди кучактап кармалап, белибизди ченеп эле атышкан, көрсө, биздин размерибизди алып, бизге сонун көйнөк тигип коюшуптур. Материал да беришти, балдарга шапке, кытай сааттарын белек кылышты. Бир айылдан экинчи айылга ат менен узатып коюп жатышты. Пакистандан узак жол жүрүп барып, бартер менен соода жасап келишет экен. Пакистандык соодагерлер өздөрү келип, бул жактан бартер менен соода кылып, кыргыздардан эчки айдап баратканын көрдүк.

 

- Кыргыздын ыр-бийлерин билишет бекен?

- "Биздин көңүлүбүз өлгөн” дешип, көп ырдабай калыптыр. Жанагындай өлүм көбүнөн улам го. Нургүл деген кызыбыз "Ак тамак, көк тамак” деген күүнү чертсе, дароо ошону илип ала коюп, кайра чертип бергенге аракет жасап жатышты. Комузду белекке ала барганбыз. Өздөрүнүн ооз комузу бар экен. "Манас” айтуу жоголуп кетиптир, ордо да ойнобой калышыптыр. Өлүм көп болгондуктан ырымдап, балдарын башка бирөөгө эки жылдап бакканга берип коюу салты бар, бешиктен зыянбы деп, балдарын жел бешикке салып калышыптыр.

 

- Кичи Памирдеги кыргыздардын өтүнүчтөрүн Акүйдөгүлөргө жеткирдиңерби?

- Мамлекетке, президентке кайрыла албай калдык. Атамбаев президент болду, эми кайрылалы деп жатабыз. Миграция министрлиги менен байланыштык, алар жооп берип жатышат. Кыргызстандагы мекендештерибизге, мамлекет башчы, чоңдорго айтаарыбыз – оогандык Памир кыргыздарынын көйгөйлөрүн, аманатын угуп, аны аткаруунун жолдорун карап көрүшсө деп айтар элек. Алар менен алгачкы байланышкан бизге да кошулуп, колдоочулар көп болсо экен деген тилегибиз бар.

 

P.S. Учурдан пайдаланып, Памир кыргыздарына барган учурубузда моралдык колдоо көрсөткөн Миграция министрлигине, министр Алмазбек Абытовго, тажикстандык кыргыздарга, Тажикстандын Мургаб районунун акими Мурзабай Жоошбаевге, Шаймактагы фондго, Шаймактын жашоочуларына ыраазычылык билдиребиз.

 

Акырында кайрылаарыбыз, памирлик кыргыздарга же өз мекенинен алыста жашаган кыргыздарга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүнү, кеңеш, сунуш-пикир айтууну каалагандар "Dе-факто” гезитинин редакциясына же "Кыргыз бутагы” коомдук фондуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Фонддун дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150/40. Моб. тел. 0772 96-14-61.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены