ХОРОГ: Мургаб таланттары борбордо “Нооруз” майрамында (видео/сүрөт)

24-март күнү Тоолуу-Бадахшан облусунун борбору Хорог шаарынын борбордук маданият жана эс алуу паркында “Нооруз” майрамынын урматына салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү.

 

Бул майрамга алдынкы райондордун катары биздин Мургаб районубуздан жердештер активтүү катышып ыр, бийлерди тартуулашты. Бийчилер №9 Манас мектебинин эжекелери жана окуучулары. Ырды аткарган жигит Ильяз Курбанбеков. Майрамдык программаны даярдаган Осмонбев Асылбек.

 

Майрам эртең менен баштапып сейил бакта көргөзмөлөр жана жарманкелер ачылып, анда айыл чарба жана токой чарба продукциялары, көчөттөр, кол өнөрчүлүк, туристтик сувенирлер, ошондой эле улуттук тамак-аштар жана кийимдер көрсөтүлдү.

 

Мааракенин катышуучуларын жана Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун бардык жашоочуларын облустун төрагасы Ёдгор Файзов куттуктады.

 

 

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены