Кайрымдуулук сый-урмат- элдин кубанычы

Кайрымдуулук сый-урмат- элдин кубанычы

Жыл аягында кычыраган кыш чилдеси аяздуу суук менен кошо кирип келди. Олуялуу Сарыколдун суугун ким билбейт? Районубуздагы Н. Карабаев көчөсүндө дагы айыл жылдан-жылга чоңоюп, жашоочулардын саны жылдан жылга өсүп өнүгүүдө. Кээ бир үй бүлөлөр кантип кыштан чыгуу жөнүндө ойлоно баштаган эле, айрыкча көп балалуу, жетишсиз, жумушсуз, жардамга муктаж болгондор аз болсо да маңдайлары жылый түштү. “ Бир улакка - бир түп шыбак” дегендей Жараткан улуу зат тирүүнүн ырыскысын түрдөп-түрдөп берет экен.

 

kairymduuluk-syi-urmat-eldin-kubanychy 2Мына бул жолу Рустам Эмомалинин жардамы келгендигин, көчө комитетибиздин башчысы Чокоев Ахматалы айыл тургундарын чогултуп, кезексиз жыйында бериле турган жардамдардын жол жобосу менен элди кеңири таныштырды. Андан соң айыл тургундары муктаж үй бүлө деп беш үйдү көрсөтүштү, алар эч жерде иштебеген, көп балалуу тургундар эле. Атап айтканда Элчибеков А, Бакиров Ж, Парманов К, Үсөнов А, Аматов А.

 

Аларга, ар бир үй бүлөгө бир тонна көмүр, 50 кг ун берилсин деп, аларды айыл тургундары бир добуштан колдоого алышты. Союз таркагандан кийинки мезгилде гуманитардык жардам талашка түшүп, “мага , сага” деп көп түйшүк жаратчу эле. Азыр, кудайга шугур, элибизде токчулук, каниет, сабырдуулук орноп, “жокко-сабыр, барга-шүгүр” кылган үй бүлөлөр көбөйүп, аларды көргөндө жүрөк жылып, кубаныч пайда болот экен.

 

Жалпы айыл жашоочулары жардам берген Рустам Эмомалиге чын жүрөктөн ыраазы болуп: “Айдан аман, жылдан эсен чыгалы. Кайрымдуу Рустам Эмомалиге ден соолук, ишин кызыр жолдосун! Жетекчилерибиздин иштерин Жараткан өзү колдосун”,-деп ак бата беришти. Калкыбызга камкор сый урмат- элибиздин кубанычы экендигине дагы бир жолу күбө болдук.

 

Темир Маматмусаев

№12 мектебинин мугалими

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены