Кайрымдуулук сүннөт тою

Кайрымдуулук сүннөт тою

Баарыбызга белгилүү болгондой эле Улут ажосу урматтуу Эмомали Рахмон жетишпеген үй бүлөлөргө, жетим жесирлере, кароосуз калгандарга, мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга өзгөчө көңүл бөлүп колдоо көрсөтүүнү эскертип келет.

 

Ошону менен бирге Мургаб районунун төрагасынын демилгеси менен жылына эл аралык Нооруз майрамына карата өтүп келе жаткан кайрымдуулук сүннөт тою 18-март күнү Мургаб районунун борборундагы “Сыймык” кафесинде Мургаб жана Бердибаев жамаатындагы 40 жетишпеген үй бүлөлөрдүн балдарына жана ата-энелерине Тажикистан Элдик Демократиялык Партиясынын аткаруу комитети тарабынан сыйлуу тамак жана төрага, мекеме жетекчилери тарабынан баалуу белектер тапшырылып, Мургаб жамаатынын артистеринин концерттик программасы мотурайган бөбөктөрдүн урматына тартууланды.

 

Бул кайрымдуулук жөрөлгөсү районубуздун башка жамаатта- рында дагы ишке ашып, 25 балага Мургаб районунун төрагасы тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Ушул жылы уюштурулган кайрымдуулук сүннөт тоюнда Мургаб райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органы жана мекеме-уюмдары тарабынан жалпысынан 20000 сомони жардам көрсөтүлдү.

 

Урматтуу кереметтүү Сары-Кол жеримдин жашоочулары жана “Сары-Кол” газетасынын окурмандары, баарыңыздардын жаз майрамыңыздарды куттуктоо менен бирге, Алла тааладан эли жерибизге тынчтык, береке-пайыз, токчулук, бакубат жашоо жана ынтымакты берүүсүн тилек кылам. Андан сырткары, бири бирибизге кайрымдуу болуп жетишпегендерге, жетим жесирлерге, кароосуз калгандарга, майып инсандарга колдоо көрсөтүп турууңуздарды суранам.

 

Т.Жапаров, Мургаб райондук мамлекеттик
бийликтин жергиликтүү аткаруу органынын

дин, үрп-адат, каада-салт жана улуттук
салтанаттарды жөнгө салуу секторунун адиси

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены