Кайрылмандарды эмес,бийлик каражандарын ойлоп жатат

Кайрылмандарды эмес,бийлик каражандарын ойлоп жатат

Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: “Кайрылмандарды эмес,бийлик каражандарын ойлоп жатат”

 

- Садыр Нуркожоевич, этникалык кыргыздарды өз мекенине алып келуу максатында "Кайрылмандар" деген мыйзамдын автору сиз деп угуп калдык. Бул мыйзамды сиз жазгансыз да?

 

- Ооба бул мыйзамдын автору менмин. 2007-жылы депутат болуп олтурган мезгилде жаздым эле. 15-16 –октябрда парламенттин толук кароосунан өткөргөм. Бир аптадан кийин 22-октябрь күнү « Парламент таратылсын”- деген Президенттин указы чыгып, парламент таркап кеткен. Бир айдан кийин «Кайрылмандар” мыйзамына президент кол коюп, мыйзам иштей баштаган.

 


- Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган делегаттар “Азаттык плюс” радиосунун журналисттеринин коштоосунда Улуу Памирдеги этникалык кыргыздарга барышып, алардын жашоосу менен таанышып келишти. Ошол мыйзам бүгүн канчалык деңгээлде аткарылып жатат деп ойлойсуз?

 

- Ал мыйзамдын негизинде бүгүнкү күндө республика боюнча жүз миңге жакын кайрылмандар келип өз мекенинде жашап жатышат. Бирок тилекке каршы өкмөттүн чабалдыгынан улам аларга эч кандай жардамдар каралаган жок. Ачык айтканда мыйзамда көрсөтүлгөн шарттар, нормалар таптакыр аткарылбай жатат да. Мисалы мыйзамда "Кайрылман" күбөлүгү кайрылмандарга бекер берилет”- деп жазылып турат. Күбөлүк эки эле барактан турат ага көп деле акча кетпейт. Бирок ал күбөлүктү бүгүн бюрократиялык жолдор менен акчага берген учурлар кездешип жүрөт. Мындан сырткары “Кайрылмандарга үй салып алууга жер бөлүнүп берилет”- деп көрсөтүлгөн. Жер берилмек түгүл айрым Таджикстандан көчүп келишкен кайрылмандарыбыз талаада, темир гараждарда жашап жатышкан учурлары кездешет. Тилекке каршы бийлик жеткиликтүү көнүл бурбагандыктан айрымдары кайырчы болуп кеткен көрүнүштөр бар. Өкмөт алардын көйгөйүн чечүүгө жардам бергендин ордуна , популизмдик кылып 1 кг май, 1 кг чай деген сыяктуу жардамдарды жаңы жыл алдында шылдың кылгансып таркатып жүрүшөт. Мындай арзыбаган жардамды уялбай дүйнөлүк радиолордон “Өкмөт темир гараждарда жашап жатышкан этникалык кыргыздарга ушундай белектерди берди” дешип дүңгүрөтө бердиртишет. Бул жакта туруп уялат экенсиң.

 

- Бул маселени кантип чечиш керек ? Кандай сунуштарыңыз бар?

 

- Менин баамымда кайрылмандардын маселесин чечүүдө көп деле акча каражат жумшаштын кереги жок . Элдин ички тышкы миграциянын негизинде ташталып кетип жаткан айылдардан, чек араларга жакын жайгашкан жерлерден аларага жер бөлүп берип берүү керек. Ошол жактарга жайгаштырышуунун көп жакшы жактары бар. Колдон келсе үй-жай салып алуу үчүн пайызы жок кредиттерди бериш керек болчу. Мына мисалы өкмөт “Кумтөрдөн” 21 миллион доллар алып, элге 7% дан кредит берип жатабыз деген шылтоо менен кумга сингендей кылып чачып жок кылышты. Ошол акчанын жарымын эле жумшаса, кайрылмандарга бир топ жардам болмок да . Мындан сырткары өкмөттүн эле көзүн карап олтурбай, ар кандай эл аралык долбоорлор менен дагы ушул ишке каражат тартса болот. Мисалы ООН до этникалыктар, качкындар боюнча атайын долбоорлор иштейт. Өкүнүчтүүсү биздин чоңдор,бийлик билермандары иш менен алек болуштун ордуна ушак, саясый оппоненттерин куугунтуктоо, калп убадалар жана ушул сыяктуу бир тыйын пайдасы жок иштер менен алек болуп жатышпайбы.

 

-"Кайрылман" деген мыйзамынызда этникалык мекендештерибизди көчүрүп келүү мамлекет тарабынан каржыланабы же өздөрү көчүп келишеби? Тагыраагы бүгүнкү күнгө чейинки келген кайрылмандар кандай жолдор менен келишкен?

 

-Мамлекет тараптан эч кандай каржылоосуз эле өздөрү көчүп келишкен . Мамлекет болгону мыйзамды так аткарып анча -мынча эле көз салып койсо, өздөрү эле ирденип кетишмек. Негизинен кайрылмандар эмгекчил келишет эмеспи. Өз тарыхий мекендерине кайтып “жыргайбыз”-деп үмүт артып келип жатышат да. Тилекке каршы мамлекет көнүл бурбаган соң, кайра көчүп кетип калып жаткан үй-бүлөөлөр да жок эмес. Кыскасы жалпы мамлекетибизге кайрылмандардын пайдасынан башка зыяны жок болчу. Памирдеги этникалык кыргыздар жөнүндө тартылган тасмаларды карап бооруң ачыйт . Катаал шарттан азыр 700 дөй адам калды деген маалыматтар бар.”Тарыхый мекенибизге кайтып келсек”- деп Кудайга жалынып олтурушат. Кайрылмандарды эмес,бийлик каражандарын ойлоп жатат.

 

Шаршемби, 14 Үчтүн айы 2015

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены