Кайрылмандар же жер которгондор: Кыргызстанда алардын саны канча?

Кайрылмандар же жер которгондор: Кыргызстанда алардын саны канча?

Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар иши боюнча бөлүм башчысы Жыпара Мамбетовага кайрылдык.

"Экономикага" берген маегинде Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн "Кайрылман" мамлекеттик программасы менен келген этникалык кыргыздар жана жер которуп келгендердин интеграция болуу маселесинин оош-кыйышы тууралуу айтып берди.

 

–Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда канча жер которуп келгендер бар? Алардын ичинен канчасы кыргыз жарандыгын алган жана кайрылман статусу барлары канча?

 

–Биз жакында эле жер которуп келгендер тууралуу маалыматтарды тактап чыктык. 2013-жылдан тарта Кыргызстандын жарандыгын башка өлкөлөрдөн келген 32 миң 2 этникалык кыргыз алган, алардын ичинен 4 миң 220 адам жарандыкты былтыр алышты. Ал эми миграция органдары тарабынан убактылуу кайрылман статусу "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдик" тууралу мыйзамга ылайык берилет. 2016-жылы кайрылман статусун 1024, 2017-жылы 1536 адам алган. Биздин маалыматтар боюнча өсүү темпи 47 пайызды түздү.

 

–Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн жер которуп келген этникалык кыргыздардын саны канча?

 

–Мен тактоо киргизип коеюн дедим эле. Бизде эмнегедир 10–20 жыл мурун эле келгендерди дагы этникалык кыргыз аташат, бул туура эмес. Себеби кыргыз жарандыгын алгандан кийин алар Кыргызстандын башка жарандарындай эле адамдар, алар көчүп келген өлкөдө этникалык кыргыз деп саналышчу.

 

Статистика тууралуу айта турган болсом жер которуп келгендердин так санын билүүгө аракет жасадык, ал үчүн жергиликтүү органдарга кайрылып маалымат алдык. Кыргыз жарандыгы жок жер которуп келгендердин саны 13 миң 370 экенин аныктадык, 2017-жылдын жыйынтыгы менен жарандык алгандарды кемите турган болсок анда 2018-жылдын январына карата алардын саны 9 миң 150.

 

–Көчүп келгендер көбүнчө кайда жашашат?

 

–Алар көбүнчө Чүй облусунда жана Бишкекте. Сокулукта, Кара-Балтада, Беловодскта, Ысык-Ата районунда. Ошондой эле Ош жана Баткен облустарында да бар.

 

–Алар эмнеге өз убагында кыргыз жарандыгын ала албай калышкан?

 

–Башкы себеби маалыматтын жетишсиздиги. Алар тиешелүү маалыматка ээ эмес. Каттоого туруу керектигин билбейт. Көбү каттоосуз жашагандыктан алардын так санын билүү да кыйын.

 

Миграция кызматынын аймактарда бөлүмдөрү жок, бул дагы абалга терс таасирин тийгизет. Алар ар бир маселе боюнча аймактардан борборго келе алышпайт, мүмкүнчүлүктөр жок дегендей. Ошто же Баткенде бөлүмдөрүбүз жок. Биздин бөлүмдө аз гана киши экенин көрүп жатпайсызбы.

 

–Кайрылман статусун алуу үчүн кандай документтер керек?

 

–Кайрылман статусун алуу үчүн жарандын паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, нике күбөлүгү, үй-бүлө курамы тууралуу жана жашаган жеринен справка керек. Мыйзам боюнча кайрылман статусун ата-эненин бирөө алса эле ал бардык үй-бүлөгө тиешелүү болот.

 

Эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, анда башка туугандарынын күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн жана ата-энесинин нике күбөлүгүн көрсөтүүсү абзел. Андан соң алар атайын форма толтурушат. Биздин кызматкерлер аларды толтурууга жардам беришет. Документтерди кароо 2 айга созулат. Кайрылман күбөлүгү 1 жылга берилет жана 2 жолу узартса болот.

 

–Кайрылмандар кандай жеңилдиктерди ала алышат?

 

–Биринчиден, алар кыргыз жарандыгын алууда жеңилдиктерге ээ болушат. Экинчиден, алар жогорку окуу жайда окууга жеңилдик алышат. Жумушка уруксат кагазы жок эле орношо алышат. Ошондой эле чек арадан өтүүдө жана жүк алып өтүшсө эч кандай салык алынбайт. Бул жеңилдиктер кайрылман статусу барларга гана тиешелүү экенин белгилеп кетейин. Ал эми Кыргызстандын жарандыгын албаган этникалык кыргыздарга тышкы миграция тууралуу мыйзам иштейт, себеби алар юридикалык жактан чет өлкө жарандары болуп саналат.

 

–Кайрылмандын күбөлүгү тууралуу суроого келсек. Алар жашаган жеринен кантип справка алышат, алар чет элдик жаран да?

 

–Ооба, туура. Алар каттоого турууда дагы кыйынчылык болуп жатканын айтып арызданышат, алар каттоосу бар туугандары же жакындары аркылуу кайрылышарын билдиришүүдө. Каттоого туруу маселеси алар үчүн оор. Бул мыйзамдын талабы, аны аткаруубуз керек. Жер которуп келгендер канча экенин билүү үчүн каттоого туруу абзел.

 

–Көпчүлүгү кыргыз жарандыгын алышканы менен балдарына паспорт ала албай жатышканын айтып, арызданышууда...

 

–Ар бир мындай учурда өзүнчө алып кароо керек, себеби ар бир адамдын өз тарыхы бар. Сиздердин гезит аркылуу аларга кайрылгым келет, кыргыз жарандыгын алып жатканда ата-энелер үй-бүлөлүк абалын жана балдарын толугу менен жазуулары керек. Маалымат камтыган справка өз убагында берилбей калгандыктан ушундай маселелер келип чыгат. Толук жана так маалымат берүүлөрү керек. Жаш курагы жеткенден кийин паспорт алуу үчүн кайрылгандар да жок эмес, ушундай учурда маселе жаралат.

 

–Кара-Балтада мурдагы бала бакчада жана Ивановкадагы мурунку ооруканада жашап жаткан жер которуп келгендер менен жолугушканбыз. Алар имараттарды менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо узатышты?

 

–Мен бул маселе боюнча өзүм аларга барып жолугушуп келгем. Тилекке каршы, мыйзам боюнча мындай мүмкүнчүлүк жок. Ал имараттар кандай абалда болбосун менчиктештирүүгө болбойт. Бул өтө татаал маселе. Жер которуп келгендерди убактылуу жайгаштырчу борбор түзсөк жакшы болмок, ошондо көптөгөн маселелер чечилмек. Жакынкы аралыкта бул маселе чечилет деп ойлойм.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены