"Кайрылмандан" кайрым жокпу?

"Кайрылмандан" кайрым жокпу?

Кайрылмандарды колдоо боюнча жаңы мамлекеттик программа сунушталууда. Бирок аны ишке ашырууга каражат маселеси карала элек. Өкмөт этникалык кыргыздарга жеңилдиктерди караган “Кайрылман” программасынын өзгөртүлгөн жаңы вариантын сунуштады. Бул мамлекеттик программа 2016-2020-жылдар аралыгында кайрылмандарга укуктук жана социалдык көмөк берүү максатын көздөйт. Аны ишке ашырууга азырынча каражат карала элек. Ал арада тарыхый мекенине кайткан кыргыздар милициянын кодулоосунан кутулбай келатканына даттанышууда. Ал эмес, айрымдары туулган жерине кайра кетүү камылгасын да көрүп жатат.

 

Кайра кете баштаган кайрылмандар да бар

Расмий маалыматтарга ылайык, эгемендик алгандан бери чет элден Кыргызстанга көчүп келген кыргыздардын саны 50 миңге чамалады, негизинен Тажикстан менен Өзбекстандан келгендер. Алардын 40 миңдейине жарандык берилди. Дагы 4 миңи убактылуу күбөлүк менен жашап жүрөт. Калгандары документтериндеги кемчиликтерден улам жарандык алуу укугуна ээ болгон эмес.

 

Kairylm kairym jok 2Саидрахман Шарипов мындан бир топ жыл мурун үй-бүлөсү менен Тажикстандан Чүйгө көчүп келген. Бул жакта үч жылдай убакыт жашагандан соң жарандык алышкан:

 

- Турмуш-шарттын айынан келгенбиз. 7-8 жыл мурун Тажикстандан жер которгон мекендештерибиз аябай көп болчу. Азыр ал жакта деле жашоо жакшырып калгандыктан, кайра туулган жерине кетип жаткандар көбөйө баштады.

 

Саидрахмандын айтымында, кайрылмандар документин тууралап алса болду, жер, үй маселесин өз каражаты менен чечкенге аракет кылышат. Бирок аларды түйшөлткөн маселе - эл арасында “келгиндер” деген түшүнүктүн жоюлбай, милициянын кодулоосу токтобой жатканында болууда:

 

- Кыргыз паспортун алганыбыз менен, документте “туулган жери - Тажикстан” деп жазылат. Милиция ошонусуна карап эле ар кандай шылтоо менен тыйын-тыпыр алганга аракет кылат.

 

Этникалык кыргыздардын укуктук жана социалдык маселелерин чечүүгө багытталган “Кайрылман” программасынынын алгачкы варианты 2007-жылы жазылган. Бирок ал ортодогу бийлик алмашууга, этникалык кыргыздар боюнча уюмдун Тышкы иштер министрлигинен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине которуу жараяндарына байланыштуу токтоп калган. Андан кийинки жумуштар "Кайрылмандар жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде гана аткарылып келген.

 

Жаңы программанын жаңылыгы эмнеде?

Жаңы сунушталып жаткан программа деле мурдагысынан көп айырмаланбайт. Болгону мында үй-жай салуу үчүн жер өкмөт сунуштаган аймактардан гана берилери жазылган. Бирок адистер кайрылман жарандык алган соң жерге ээ болуу үчүн кезегин күтпөй эле жеке каражатына там сатып алуу камылгасын көрө бергени дурус экенин белгилешет.

 

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кайрылмандар жана жер которгондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Айгүл Борбугул кызы этникалык кыргыздарга жер бөлүштүрүү маселеси дагы бир топ жыл көйгөй бойдон кала бериши мүмкүндүгүн айтууда:

 

Kairylm kairym jok 3- Анткени, Кыргызстанда туулуп-өскөн жарандар деле үй салганга жер алыш үчүн жылдап кезекте турушат. Жарандык алган этникалык кыргыздар жер алуу укугуна ээ болушканы менен, аны алуу үчүн жылдап күтүшү керек. Бизди түйшөлтүп жатканы - кайрылмандардын документиндеги кемчиликтер. Жарандык берели же башка социалдык маселелерин чечкенге көмөктөшөлү десек, документтери жок... Жаңы программада ушул маселелерди жоюуга аракеттери каралган.

 

 

 

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кайрылмандарды кабыл алууга чектөө коюлбайт. Кыргызстанда жашагысы келген ар бир этникалык кыргызга эшик ачык.

 

Бирок айрым серепчилер документте жазылгандар ишке ашарына күмөн санайт. Алардын бири Кайрылмандар менен иштөө боюнча түзүлгөн коомдук кеңештин жетекчиси Зайнидин Тагаев:

 

- 2007-жылы кабыл алынган программа менен азыркысынын айырмасы деле жок. Мен таанышып чыктым. Бул деле аткарылышы күмөн документ. Анткени программа жазылганы менен аны ишке ашыруу механизми так көрсөтүлбөй калган. Мисалы, көйгөйлөрдү чечүүгө каражат бөлүү маселеси жазылган эмес. Программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттенби жа башка булактанбы, каражат табыш керек. Программаны кабыл алышат, жергиликтүү бийликтерге жиберишет. Ошону менен столду үстүндө кала берет.

 

Кайрылмандар боюнча мамлекеттик жаңы программа азырынча коомдук талкууга чыгарылды. Аны иштеп чыккандар каржы маселеси акырындап чечилерине үмүт артууда. Айгүл Борбугул кызы акча жагы документ бекитилгенден кийин баш оорута турган маселе экенин айтат:

 

- Коомдук талкуудан өтүп, министрликтер аралык макулдашуулар жүргузүлүп, Юстиция министрлигине каттоого алынат. Өкмөт документти бекитип, Жогорку Кеңештин сынынан өтсө гана бюджеттен каржы бөлүштүрүү боюнча эсеп-кысап иштери башталат.

 

Этникалык кыргыздар Өзбекстан менен Тажикстандан сырткары Кытайда жана Ооганстанда көп. Ооган кыргыздарын көчүрүп келүү маселеси бир канча ирет көтөрүлгөн. Бирок азырынча кыргыз бийлиги коомдук уюмдар менен бирдикте аларга тийиштүү жардамды жерине жеткирип берүү менен чектелүүдө.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены