Каада-салттарды жөнгө салуу мыйзамына өзгөртүү, толуктоолор тууралуу

Каада-салттарды жөнгө салуу мыйзамына өзгөртүү, толуктоолор тууралуу

Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмон өлкө парламентинде кабыл алынып, жактырылган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ТРнын “Каада-салт, үрп-адат жана салтанаттарды жөнгө салуу”, “Билим берүү”, “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө”, “Кесиптик орто билим берүү жөнүндө”, “Кесиптик жогорку билим берүү жана диплом алгандан кийинки адистик билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына, ТРнын жаза Кодексине жана “Административдик укук бузуучулук боюнча” Кодексине кол койду.

 

Тажикстан Республикасынын «Тажикстан Республикасынын үрп-адат, каада-салттарды жөнгө салуу» (мындан ары мыйзам) мыйзамына бир катар толуктоолор киргизилип, 28.08.2017 №1461 өлкө Президенти тарабынан кол коюлду. Аталган мыйзамда туруктуу жана коомдук комиссиялардын укуктарын кеңейтип, көп чыгыпдарга жол бербөөгө жаңынан талаптар бекитилген. Тактап айтканда, Орозо айт, Курбан айт майрамдарында аз чыгым менен гана дасторкон даярдалуусу зарыл.

 

kaada-salttardy-zh-ng-saluu-myizamyna 2Мындан тышкары, жаш баланы сүннөткө отургузуу жана ушуга байланыштуу маарекелер үй-бүлөнүн гана чегинде, баланын төрөлгөнүдөн 20-күнгө чейин тиешелүү медициналык мекемлерде кылынуусун талап кылат. Жээнтек тоюн өткөрүүгө тыйуу салынат.

 

Мындан тышкары мыйзамдын 10-беренесине дагы өзгөртүүлөр киргизилип, алардын ичинде, келиндин үйүнө жол тосуу, ж.б.у.с нерселер камтылды. Олуттуу толуктоолор маркумду узатуу тартибине кошулуп алар менен бирге, бардык маркумду узатуу жөрөлгөсүнө байланыштуу иш чаралар мал союлбай жана тамак-аш уюштурбай кылунуусун талабтайт. Алардын ичинде, үчтүк, кырктык, жылдык, караш, жумалык, жетилик, жыйырмалык, бирдик,алты айлык, жөрөлгөлөрү мал сойбой жана даам бербей өткөрүүгө милдеттүү. Ал эми ажы сапарына аттанган жана ыйык парзын аткарып келген жарандарды тосуу жана узатуу үй-бүлөнүн чегинде гана өткөрүлөт. Ажы адам аш берүүгө тыйуу салынат.

 

Мындан тышкары, тойкана, кафе жана башка маарекелер өтүлүүчү жайлардын ээлери мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү жана мыйзам бузулган учурда алар дагы тиешелүү түрдө жоопко тартылышат. Ушуга байланыштуу ар бир айылдын имамы туруктуу жана коомдук комиссиянын мүчөлөрү мыйзамдын талабтарын тегиз көзөмөлдөп, кайсы бир жаран мыйзам ченеминен чыгып кеткен болсо кошулуп жоопко тартылышат. Баардык той-маарекелердин узактыгы 3-саатттан ашпоосун мыйзам чектейт. Маарекелерди өткөрүү убактысы шаарларда 8 ден 22ге чейин, айыл шаарчаларда болсо, 1-апрелден 31-октябрга чейин 6дан 22ге чейин, 1-ноябрдан 31-мартка чейин өткөрүлүшү зарыл. 15-беренеге ылайык, өкмөт мүчөсү, област шаарлардын, райондордун төрагалары, башка бийлик ээлери, мамлекеттик кызматчылар, соттор, прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик финансы көзөмөл кызматынын,- бажы, салык кызматкерлери жана башка укуу коргоо органдарынын ишчилери жана алардын балдары ушул мыйзамды бузгун учурда, ээлеген орундарынан бошотулат.

 

kaada-salttardy-zh-ng-saluu-myizamyna 3Ал эми башка жарандарга Тажикстан Республикасынын Административдик укук бузуу Кодексинин 481-беренсине дагы толуктоолор кошулуп алардын ичинен физикалык жактарга 100 көрсөткүч (5000) сомони, иш орундарын ээлегендерге 500 көрсөткүч (25000) миң сомони, юридикалык жактарга 700 көрсөткүч (35000) миң сомони айыптар белгиленди. Жеке ишкерлерге, дин жаатындага алымдарга, имамдарга 700 көрсөткүч (35000) миң сомони айыптар белгиленди. Ал эми атайлап кайрадан мыйзамды бир нече бузган адамдарга төмөнкүчө айып акчалары бекитилди. Физикалык жактарга 600 көрсөткүч (30000) миң сомони, иш орундарын ээлегендерге 800 көрсөткүч (40000) миң сомони, юридикалык жактарга 1000 көрсөткүч (50000) миң сомони деп белгиленди.

 

Мургаб районунун дин иштери, үрп адат каада-салттарды

жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу сектор башчысы: Сатаров У.А.

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены