Күмүшайдын күжүрмөн иштери

Күмүшайдын күжүрмөн иштери

Союз тарап Тажикстан Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери мына быйыл 22 жыл болду. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгы бизгв эмне берди? Албетте эркиндикти алган өлкө демократиялуу өнүгүү жолуна түшүү менен келечекке үмүт менен карап, жашоо турмушубузду алга жылдырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Албетте өз алдынчалуулукту алган жылдардын алгачкы мезгилдеринде жалпы эле өлкөнүн жарандары кайсы жолго түшөрүн билбей бир кыйлага чайналып калышты. Мындай кырдаалда алыскы Мургаб районунун жашоочуларынын апкаарып калаары турган иш эле. Көпчүлүгү жакшы жашоо издеп кошуна Кыргызстандын Чүй өрөөнүнөн бери жайгашып көчүп кетишпедиби. Ошондой кырдаалдарда апкаарып калбай, ушул Сары-Кол жергесинде дагы жаңы экономикалык өнүгүүнүн жаңы ыкмасы болгон базар эконмикасынын татаал сырларын талыкпай үйрөнүп, кыйынчылыктарга карабай иштермандык жан дүйнөсү менен эл жерине пайда келтирсем деген инсандар дагы чыгышты.

 

KumushaiСары-кол жергесиндеги ошондой иштерман инсандардын бири, жердешибиз Тажалиева Күмүшай Мамасаитовна болду. Ал тууралуу азыркы учурда чыны менен эле районубузда тили жаңы чыккан баладан баштап, кемпир чалга чейин бул айымдын жасаган иштери тууралуу сыймыктанып айтып жүрүшкөнү бардыгыбызга эле белгилүү. Бул ишкер айым туурасында айтуудан мурда артка бир аз чегинүү жасап, анын өмүр жолуна саресеп салып карап көрөлүчү. Ал тоолуу Мургаб айылында, жалпы элге аттын кашкасындай белгилүү дарыгер-хирург Мамасаит Мансурович Тажалиевдин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Бул үй бүлөнүн бапдарынын эң улуусу. Бала кезинде көпчүлүк учурда чоң энесинин тарбиясында болуптур. Күмүшай окуучу кезинде эле комсомолдук активисттерден болуп, окуучулар арасында уюштуруу иштерин апып барар эле, ал окуучулук кезинде Мургаб райондук комсомол комитетини бюро мүчөлүгүнө шайланган.

 

 

Kumushai (2)Мектепти аяктагандан кийин Күмүшай башкалардай болуп жогорку окуу жайларына деле окуган жок. Тагдыр экен өзү жактырган Байназаров Ташмухамедке баш кошуп өз тиричиликтерин өткөрүп, бала бакыралуу болушту. Союздун ыдырашы менен бардык жашоо өзгөрүп, базар экономикасы басымдуулук кылбадыбы. Инженер болуп иштеген жубайынын айлыгын карап үйдө отура берген менен, жашоо улам кыйндай бере тургандыгын сезип, Күмүшай да базарга чыгып көрүүнү эп көрдү. Ошондо ал коомубузга жаңы кирген базар экономикасынын татаал дагы, кыйын дагы сырларын үйрөнүүгө белсенип киришти. Күмүшай жолдошу экөө кеңешип, коомдук тамактанууну уюштуруп көрүүнү чечишти. Эптеп жыйнаган каражаттарын үнөмдөп отурушуп Мургабдагы “Сары-Кол” базарына биринчилерден болуп чакан гана "Нур”деп аталган ашкана уюштурушту. Ал жерге мүмкүн болушунча заманбап тейлөөнү, тазалыкты уюштурууга аракет кылды. Бул Kumushai (1)иштердин баарын аткаруу ага баштапкы учурда оор болуп жатты. Күнү түнү талбай эмгектенүү керек болду. Аз болсо дагы тапкан кирешелеринен ашканага иштей турган адамдарды таап аларга акы төлөөгө жетише алды. Ошентип ал өзү эле эмес иш таппай жүргөндөр үчүн жумушчу орундарды да түзө баштады. Бир аз убакыттан кийин тобокелге салып ашканасын кеңейтип, атайын үлпөт тойлорду өткөрүү үчүн банкет залын курууга кредит алып иштей баштады.

 

 

 

Бул долбоору дагы ийгиликтүү ишке ашып "Нур” кафесинин банкеттик залы учурда көптөгөн жаштардын үйлөнүү бактысынын тушоосу ушул жерде кесилип жатат. Муну менен эле токтоп калбастан Күмүшай жолдошу экөө Мургаб айылына автозаправка дагы ачып койду, аны иштетүү үчүн дагы жумушчуларды ишке алган.

-Артыбызды кылчайып карасак, убагында билинбегени менен бир топ эле кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрүппүз- дейт Күмүшай

- Баштаганда коркуп, кийин жыйынтыгында эстен кеткис жасаган иштерибиз дагы болду.

Күмүшай менен Ташмухамеддин ошондой эстен кеткис, элдин эсинде, райондун тарыхында калган иштеринин бири, Мургабда көп жылдан бери иштебей турган эки кабаттуу мейманкананы кайра жаратып иштеткендиги болду.

-Бул мейманкананы оңдоо түзөө иштерин жүргүзүүдө бир кыйла кый¬ынчылыктарга туш болдук-дейт Күмүшай-аны калыбына келтирүү үчүн көптөгөн каражаттарды жумшоого туура келди.

Деерлик бир жыл боюу аны калыбы¬на келтирүү менен алектендик, анткени мында көп нерселерди жоктон пайда кылууга туура келди. Ооба, Күмүшайдын эмгеги текке кетпеди. Бир кезде эч кандай пайдаланылбай жаткан бул эки кабатту мейманкана чыныгы ишкердин колунан кулпуруп чыкты, башкача айтканда Мургаб районунун борборунун көркүнө көрк кошкон имараттардын бирине айланды.

 

Бул бир жагы. Экинчи жагынан бул мейманкана азыр тоолуу районубуздагы заманбап тейлөө менен камсыздалган инфраструктра болуп калды. Учурда бул”Памир” мейманканасы жүздөн ашуун орунга ылайыкташып өзүнүн тазалыгы, тейлөөнүн деерлик жогорку сапаты менен келген меймандарды өзүне тартып турат. Бул мейманкана ачылгандан бери эле анда жүздөгөн меймандар, айрыкча чет өлкөлүк туристтер, өлкөбүздүн аймагынан келишкен адамдар ал жердеги жогорку тейлөө маданиятына ыраазы пикирлерди айтып кетип жатышат, Алар мейманканада уюшулган китепте даана жазылып турат. Дагы бир жагы учурда мейманканада иштеген персоналдардын саны 20 жакын, бул жагынан алганда райондун жашоочуларын жумуш менен камсыздоодо дагы Күмүшайдын күжүрмөн эмгеги мактоого татыктуу. Ал гана эмес, мейманкананын алдына тигилген боз үй Сары- Кол кыргыздарынын илгерки тарыхынан кабар берип турат, аны көрүү үчүн күндө ондогон туристтер келип турушат, булардын бардыгын Күмүшай өзү гиддин милдетин аткарып.тааныштырып чыгат. Мейманканада жалаң эле түнөп кетүү эмес, эс алууга, тамактанууга да жакшы шарттар түзүлгөн.

 

Алсак азыр мейманканда заманбап ашкана, отуруп эс алганча тамактануучу сөрүлөр уюштурулган, андан тышкары интернет иштетүүчү бөлмө, магазиндер иштеп жатат, ал эми жайында отуруп эс алуучу комплекстердин курулуштары аякгоонун алдында турат. Сөздүн акырында айтарыбыз климаты татаал, эч кандай шарт жок, Мургаб районунда ушул сыяктуу жогорку инфраструктураны ачып, аны иштетип, жаткан Күмүшай Тажалиеванын бул эмгегине жалпы райондун эли эле эмес, келген меймандар дагы ыраазы. Бул иштерди аткарууда анын эң жакын жардамчылары жубайы Ташмухамед менен кыздары, уулу анан дагы бир тууган иниси Таир болуп эсептелет.

 

Мейманканадан алыстап баратып, жергебиздин Күмүшай сыяктуу ишмерлери көп болсо Мургаб жергесинин келечекте чоң шаарга айланарына бекем ишенип бара жаттык. Азаматсьң, Күмүшай, чыныгы ишкердик ишиңе ийгилик гана каалайбыз демекчибиз.

 

"САРЫКОЛ" гезити сентябрь 2013

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены