Көчмөндөрдүн ат оюндары фестивалы Түркияда өтөт

Көчмөндөрдүн ат оюндары фестивалы Түркияда өтөт

Түркиянын Бурса шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган Түрк дүйнөсү спорт оюндары фестивалы 23-24-июлда Кожайайла жайлоосунда өтмөкчү.

 

Бул жылы алгачкы жолу уюштурулган иш-чарага кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, монгол, ооган жана татар спортчулары катышып, алардын өкүлдөрү 16 боз үй тигишмекчи.

 

Эки күндүк программада көкбөрү, күрөш, ат чабыш сыяктуу ат оюндары менен бирге ар түркүн көчмөндөр оюндары ойнотулат. Бул иш-чарада Түркиянын Улуу памир кыргыз айылынан жана Чолпон-Атадан катыша турган кыргыз спортчуларынын ат үстүндөгү көрсөтө турган кайталангыс шоусун түрк көрүүчүлөрү чыдамсыздык менен күтүүдө.

 

Бурса шаарынын мэриясы жана Евразия түрк диаспоралар федерациясынын колдоосу менен уюштурулган бул фестивалда көчмөндөрдүн жана жергиликтүү элдин азык-түлүктөрү көргөзмөгө коюлуп, улуттук тамак-аштар да жасалмакчы. Ыр-күү менен коштолгон фестивалдын программасы Аксакалдар курултайы менен жыйынтыкталат.

комментарии

Азат

Пятница, 29 Июля 2016 09:33

Супер !!!

Давут.

Четверг, 21 Июля 2016 19:01

Азаматсынар.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены