Этностук кыргыздар

Этностук кыргыздар

Єлкєбїз эгемендик алгандан кийин анын аймагына чет єлкєлєрдє жашаган кыргыз улутундагы адамдар ыктыярдуу жана мажбур тїрдє кєчїп келе баштаганы коомчулукка жакшы маалым. Этностук кыргыздардын миграциясы негизинен 1993-1997-жылдарды кучагына алат. Ал жылдары СССР ыдырап, коўшулаш Тажикстанда жарандык согуш башталган. Ошондо Тажикстан Республикасынын жарандары, анын ичинде тажиктер да, качкын катары Кыргызстанга топ-тобу менен келишкен. Алардын 30 миўге жакыны (негизинен Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунан) бара-бара тарыхый мекенибиз деп таянып, Кыргызстанда туруктуу жашап калышты.

 

 

2001-жылы 29-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздарга жардам кєрсєтїї боюнча иш чаралар» деген жарлыгы жарыяланып, ага улай эле, 2002- жылы 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн токтому чыккандан соў Тажикстандан гана эмес, Єзбекстанда жашаган этностук кыргыздардын кєчїп келїї тенденциясы кїчєдї. Этностук кыргыздардын Кыргызстанга кєчїп келїїсїнїн негизги себептери:

- бир улуттун бир бїтїн тарыхый аймакка чогулууга умтулушу;

- этномаданиятты, социалдык-маданий баалуулуктарды жогору коюу менен, єз маданиятын, каада-салттарын жана тилин сактап калууну кєздєє;

- мурда жашаган жерлердеги калктын социалдык-экономикалык абалынын начардыгы;

- айрым учурларда жердин тардыгынан жер тилкесинин жетишпегендиги;

- ишкердик кылууга тоскоолдук болгондук;

- улутуна карата кемсинтїї ж.б.

Анын їстїнє, агездеги кыргыз бийлигинин жогоруда аталган чечимдерин чектеш республикалардын аймагында жашаган кыргыздар тарыхый мекенибизге барсак, бизди кучак жайып тосуп алып, бардык шарттарды тїзїп берет экен дегендей таризде кабыл алышканын да танууга болбойт. Улуттук статистикалык комитеттин мааин маалыматы боюнча келгендердин 4881и - этностук кыргыз. Бирок, бул расмий кєрсєткїч, ал эми расмий эмес, Кыргызстанга каттоосуз кирген адамдардын саны, балким, мындан эки эсе жогору. 1991-2012-жылдары Кыргыз Республикасына келген 30471 этностук кыргыздын 17 288и кыргыз жарандыгын алган. Учурда 4881 этностук кыргыз “Кайрылман” статусуна ээ жана республикабыздын аймактарында тємєнкїдєй катышта жайгашкан:

 

1. Жалал-Абад облусунда – 2697;

2. Баткен облусунда – 1162;

3. Ош облусунда – 512;

4. Чїй облусунда – 287;

5. Ош шаарында - 147;

6. Бишкек шаарында - 75;

7. Ысык-Кєл облусунда 1 адам

 

Азыр этностук кыргыздардын кєбї Чїй єрєєнїндє жашайт, анткени токсонунчу жылдары Тажикстандан келген качкындарды аткаруу бийлигинин єкїлдєрї кєбїнесе Чїй облусуна жайгаштырган. Алар бош калган бала бакчалардын, ооруканалардын имараттарына баш калкалаганы белгилїї. Кийинчерээк колунда барлары їй сатып алып, жашап калышты, жер сатып алгандары дагы болду. Кыргыз Єкмєтї 2006-2008-жылдары «Тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздарды колдоо боюнча «Кайрылман» Мамлекеттик программасын” бекиткен эле. Ал эми 2007-жылы Жогорку Кеўеш тарабынан «Тарыхый мекенине кайтып келїїчї этностук кыргыздарга берилїїчї мамлекеттик кепилдиктер жєнїндє» мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын жана программанын негизинде этностук кыргыздарга Кыргызстандын жарандарына тийиштїї, шайлоого жана шайлануудан, аскерде кызмат кылуудан тышкары бардык укуктар берилген. Андан тышкары, кєптєгєн жеўилдиктер ыйгарылган. Тилеккке каршы, єлкєбїздїн Президенти 2001-жылы кабыл алган жарлык да, Єкмєттїн 2001-жылы кабыл алган иш чаралары да, аталган мыйзам да Кыргыз Республикасынын аймагына мажбур тїрдє же єз ыктыяры менен туруктуу жашоого кєчїп келген этностук кыргыздарга тарыхый мекенинде толук кандуу шарт тїзїп бере алган жок. Бир гана «Кайрылман» статусу бериле баштаганы этностук кыргыздардын кыргыз жарандыгын алууга жагымдуу єбєлгє тїзгєнсїйт.

 

Чынында аталган мыйзамдагы жер їлїшїн берїї, турак жай сатып алууга же курууга жеўилдетилген ссуда берїї, жумушка орнотуу жактары ушул кїнгє чейин ишке ашпай келатат. Анткени бизде жїргїзїлгєн жер реформасынын чегинде жерлер мурда эле менчикке берилип кеткен. Антсе да, кайрылмандарга мамлекеттин менчигинде (ФПС) турган же болбосо чек арага жакын аймактардан жерлер берилсе, маселе бир топ жеўилдемек. Ссуда берилбегендиктен, этностук кыргыздардын кєбї азыркы учурга чейин батирлерде жашайт, айласы куругандан бош калган гараждардын имараттарында жашап жаткандар кезигет. Учурунда республиканын миграция жана жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Миграция фондусу этностук кыргыздардын маселеси боюнча ырааттуу иштейт эле. Фонддун карамагында Чїй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы аймактык оорукананын эски имаратынын 5 корпусу жана Москва районунун Беловодское айылындагы аймактык оорукананын 1 корпусу турган жана алар этностук кыргыздарды убактылуу кабыл алуучу пункт катарында иштеген.

 

Ивановкада азыркыга чейин 50гє жакын їй-бїлє кїн кечирет. Алар ошол оорукананын єздєрї жашаган имараттарын менчикке чыгарып берїїнї суранып жїрїшєт, менчикке чыгарышса, авариялык абалда турган имаратты єз кїчтєрї менен оўдоп алышмак. Ал эми Беловодскидеги пунктта Їй-бїлєлїк балдар їйї уюшулуп, 8 жалгыз бой эне 22 томолой жетим жана жарым жетим балдар жашап, багылып жаткан. 2009-жылы Миграция фондусу жоюлуп кеткенден кийин аталган имарат кайрадан Москва райондук аймактык оорукананын карамагына єткєрїлїп берилип, ал жердеги энелер, балдар жана жетим балдар ар кайсы жакка тарап кетїїгє аргасыз болушту. Кыргызстандын жарандыгын алууда Єзбекстандан кєчїп келген этностук кыргыздарда да кыйынчылыктар бар.

 

2000- жылдары Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда 2 келишим тїзїлгєн: биринчиси, этностук кыргыздарды кєчїрїїнї жєнгє салуу жана алардын укугун коргоо, экинчиси, жеўилдетилген тартипте жарандык алуу. Ал эми Єзбекстан мындай келишимдерге макул болгон эмес, ошол себептен Єзбекстандан келген этностук кыргыздар Кыргыз Республикасынын атуулдугун алууда кєптєгєн тоскоолдуктарга дуушар болууда. Асыресе, улуту єзбек деп жазылып калгандар жана Кыргызстандын жаранына баш кошкондор, ал жактан каттоодон чыкпай келгендер (аларды каттоодон атайын чыгарышпаган фактылар да бар), жарандык ала албай, ар кайсы эшикти тїртїп жїрїшєт. Кыргызстанга кєчїп келген этностук кыргыздардын жергиликтїї эл менен тил таап жашап кетишинде, мындайча айтканда, интеграция болушунда айрым бир маселелер да жок эмес. Айрыкча Чїй єрєєнїнє жайгашкандардын кєпчїлїгї бир топ кыйынчылыкка дуушар болууда. Жергиликтїї калктын кээ бир тїшїнїгї тайыздары аларды “сарттар”, “тажиктер”, “єзбектер” деп басмырлаганга чейин барышат. Їйлєрїн, ижарага алып иштеткен, тїшїмдєрїн єрттєп, талкалап кеткен учурлар болгон.

 

Ушуга байланыштуу этностук кыргыздардын жергиликтїї калкка интеграция болушун жєнгє салуу, чыр-чатактардын алдын алуу абзел. Бул багытта, мисалы, “Кайрылман кїнїн” белгилеп, ар кандай маданий, билим берїї, оюн-зоок программаларын камтыган иш-чараларды, мисалы, фестивалдарды єткєрїї оў натыйжа берет беле деп ойлойбуз. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынан сырт жактарда 900 миўге жакын этностук кыргыздар жашайт, анын ичинен:

 

1. Россия Федерациясында – 241802 адам (Кыргыз Республикасынын 380 000 жараны Россия Федерациясынын жарандыгын алган);

2. Єзбекстанда – 385 000;

3. Кытай Эл Республикасында – 189 309;

4. Тажикстанда – 56 000;

5. Ооган Ислам Республикасында – 2 000;

6. Тїрикияда 5 000 адам

 

Чет єлкєлєрдєгї этностук кыргыздар, атап айтканда, Кытайдагы, Ооганстанда жана Тїркияда жашаган кыргыз улутундагы адамдар Кыргызстанга кєчїп келїї жєнїндє кайрылышкан. 2000-жылдарда аларды кєчїрїп келїї мамлекеттин саясаты катары киргизилген. Арийне, боордошторду тарыхый мекенине кєчїрїї боюнча ченемдик укуктук актылардын жана мамлекеттер аралык келишимдердин толук эместигинен же такыр эле жоктугунан, андан тышкары, Кыргыз Республикасынын этностук кыргыздарды кєчїрїп келїїгє экономикалык жактан мїмкїнчїлїгї чакталуулугуна байланыштуу бул маселе ачык бойдон калып келатат. Айта кетчї нерсе, єз мекендештерин колдоо жагынан тєгєрєктїн тєрт бурчундагы башка мамлекеттерде тажрыйба мол.

 

Атап айтсак, Германия, Израиль, Эстония улутташтарын дїйнє боюнча чогултуп, аларга тарыхый мекенинен кадимкидей жакшы шарттарды тїзїп берген. Россия орус улутундагы аял-эркек, жаштарды гана эмес, бїт эле мурдагы СССРдын жарандарынын Россияга кєчїп баруусун стимулдаштырып, демографиялык маселесин чечїїдє. Бул багыттаатайын «Соотечественники» деген мамлекеттик программа иштейт. Ал эми коўшу Казакстан «Оролман» программасынын алкагында дїйнєдєгї казактарды тарыхый Ата мекенине кєчїрїп келип, жер бєлїп, їй салып берип, отурукташтырууда. Бизде дагы Ооганстандагы, Кытайдагы кыргыздардын кєчїп келебиз деген кай- рылууларын, ошондой эле, Тажикстандан, Єзбекстандан келип жаткан этностук кыргыздарды эске алып, «Кайрылман» программасын жандандырып, «Тарыхый ме- кенине кайтып келїїчї этностук кыргыз- дарга берилїїчї мамлекеттик кепилдиктер жєнїндє» мыйзамды кайрадан тыкыр карап чыгып, майнаптуу иш алпаруунун зарылдыгы бышып жетилди. Жакында береги маселе Жогорку Кеўештин талкуусуна коюлуп, депутаттар, адистер ар тїрдїї пикирлерин орто- го салышты. Эми этностук кыргыздардын кєйгєйї парламенттеги “Єкмєттїк саатка” да чыгарылат. Ушундай талкуулардан жана талаш-тартыштардан соў кандайдыр бир алгылыктуу чечимдер кабыл алынарынан їмїтїбїз чон.

 

БАРОМЕТР №10 / 12-июнь / 2013-ж.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены