Этникалык кыргыздарга көмөктөшүү кечиктирилгис маанилүү маселе

Этникалык кыргыздарга көмөктөшүү кечиктирилгис маанилүү маселе

Учурдун эң маанилүү маселелеринин бири этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу болуп саналат. Аларга жарандык алууда, эмгекке орноштуруу, турак-жай курууга жер бөлүү, пенсия жана жөлөкпул алууда көмөктөшүү керек. Ошол эле учурда учурда өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын санын тактоо керек. Бул тууралуу вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынында билдирди.

 

Андан тышкары вице-премьер-министр миграциялык саясаттын тез арада чечүүнү талап кылган негизги маселелерине көңүл бурду.

 

Султанбекова белгилегендей, кызматтын бирден-бир башкы милдеттеринин бири эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү, үчүнчү өлкөлөргө кетип жаткан мигранттарга квалификациялуу көмөк көрсөтүү, алардын коопсуздугун жана укугун камсыздоо болуп саналат. Буга тышкы миграция деңгээлин ырааттуу кыскартуу максатында республикада жаңы жумушчу орундарын түзүү керек.

 

Вице-премьер-министр билдиргендей, 2016-жылы чет жердеги кыргыз жарандарынын саны 800 миңге жеткен. Ошондой эле, ал Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын «кара тизмесинен» мекендештерди чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл экенин белгиледи.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены