Этникалык кыргыздардын абалы талкууда

Этникалык кыргыздардын абалы талкууда

Учурда этникалык кыргыздардын саны 9 миңге жакын. Алардын дээрлик баардыгы оор абалда күн кечирип жакынкы жана алыскы аймактарда жашашат. Алардын саны күндөн-күнгө азайып бара жаткандыгына байланыштуу, сактап калуу жана жашоо турмуштарын жакшыртуу боюнча бүгүн кезектеги коомдук кеңештин отуруму болуп өтт.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жарандык алган этникалык кыргыздардын саны 42 миң. Анын 6 миңи кайрылмандык статусуна ээ болсо, 5 миңи өз алдынча жашашат. Ал эми жакынкы жана алыскы аймакта күн кечирген кыргыздар 9 миңдин айланасы. Бул так сандар Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча түзүлгөн коомдук кеңеш тарабынан алынган. Учурда этникалык кыргыздардын дээрлик баардыгы оор абалда жашашат. Андыктан алардын көйгөйүн, жогорку жакка чыгарып чечип берүү үчүн кеңеш бүгүн кезектеги 6 отурумун өткөрүштү. Отурумга быйылкы жылы Памир жергесине гумжардам жеткирип келген делигация, көз карандысыз эксперттер, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар катышышты. Иш-чаранын уюштуруучусу аталган кеңештин төрагасы Зайнидин Тагаев өз сөзүндө этникалык кыргыздарга ар тармактан жардам берүү боюнча стратегиялык пландарды ишке ашыруу үчүн жасалган кадамдар деп түшүндүрөт.

 

Угуу


 

Ал эми миграция боюнча көз карандысыз эксперт Жолдош Турдубаев: « Гумжардам менен маселе чечилди дегенге болбойт. Анткени ал жардам убактылуу гана бериле турган нерсе. Бирок менин жеке оюмда болгону 9миңге жакын этникалык кыргызды Кыргызстанга алып келүүгө мамлекеттин колунан келет. Биз бир мамлекет болгондон кийин эл аралык байланыштарды бекемдеп, ооган бийлиги менен чечсе болот»,-дейт ал.

 

Буга чейин маалым болгондой, 6 эң орчунду кырдаалда жашаган памирлик кыргыздарга гумжардан Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн болчу. Анда Кыргызстандан барган делигациянын башында турган Алиясбек Алымкулов мамлекеттин каржысынан эмес, донорлордун жардамы менен 20га жакын баланы окутуп, доктурларды жана мугалимдерди чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн болгондугун айтат. Бирок бул сунушту азырынча памирлик кыргыздар кабылдай элек.

 

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө этникалык кыргыздардын жалпы саны 9 миңге жакын. Ал эми анын 2 миңге жакыны Кичи жана Чоң Памирде жашашат. Ал эми калганы мурунку Совет мамлекеттеринин карамагындагы өлкөлөрдө отурукташкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены