Этникалык кыргыздар жерге ээ болуп, там салууга укуктуу

Этникалык кыргыздар жерге ээ болуп, там салууга укуктуу

Кыргызстандык ар бир жаран төрт сотых жер алып, үй салууга укугу бар. Биздин партия ушул нерсени эске алып, мүчө болуп жүргөн адамдарга жер участогун берүүнү жүзөгө ашырабыз. Айрыкча этникалык боордошторубуздун маселесин чечүүгө умтулабыз.

Курулуш иштерине өзүбүздүн мүчөлөрүбүздүн күчүн пайдаланабыз. Архитектуралык талапка жооп берген турак-жайларды, социалдык курулуштарды жайларды салууга бөтөнчө көңүл бурмакчыбыз. Эптеп эле ылайдан курулган үйлөрдүн салынышына жол бербейбиз.

Инвесторлорду таап, каражат түшүрүүгө бүткүл акыл, аракетибизди жумшайбыз. Анткени заманбап курулуштарды салуу үчүн чоң каражат талап кылынат. Мындан сырткары ири курулуш уюмдары менен болгон алаканы жандандырабыз. Учурдун талабынан четтеп кетүүгө бөгөт коюлат.

 

Улуттук кол өнөрчүлүктү, сокмочулукту, өрмөчүлүктү, тигүүчүлүктү, саймачылыкты өркүндөтүүгө кеңири маани берилет. Ууздардын, чеберлердин башын бириктирип, кыз-келиндерди жумуш оруну менен камсыздайбыз. Башка пайдалуу иштерге да сергек мамиле жасалмакчы.

Рита Сулайманова, “Жаңы мезгил” партиясынын лидери:

«Биздин тилектерибиз ишке ашчу мезгил келди, алдыга карай умтулабыз»

Биздин мамлекетте толгон-токой партиялар жаралып, көбүнүн аты гана кагазда калганын билебиз. Ал тургай анча-мынча эдиреңдегендердин партиясы күм-жам болгону ырас. Шайлоо болоордун алдында эле пайда болгон партиялардын келечеги бүдөмүк экенин танууга болбойт. Ошентсе да эртеңки жаркын турмуштун жаралышына ишенип, бир жакшы ишти баштайлы деген партиялардын сабында “Жаңы мезгил” партиясы бар дегенге жүйөөлүү себеп бар. Алардын түпкүргө түшпөй келатканына себепкер болгон партиянын лидери Рита Сулайманова менен бет маңдай олтуруп маектешүүгө тема табылды. Анткени бул партия онго чыгып калыптыр. Эмесе сөздү көп чаргытпай өз нугуна буралы.

— Жаңыдан партия түзүлгөндөсиз кырктын кырындагы асылкеч айым экенсиз. Кандайча болуп аралашып калдыңыз эле партиянын ишине?

— Мен өзү жогорку билимдүү тарыхчымын. Бирок, турмуштун айынан кесибимди таштоого туура келди. Күндөрдүн бир күнүндө маркум Аскар Базаркуловдун партиясына туш келип, ошол бойдон чыга албай калдым. Анткени кыйналгандардын көйгөйүн чечүүгө аттанган партиянын күчү мени да терең ойго салды. Лидерибиз кайтыш болгон соң кыйлага чейин эмне кылышты билбей дендароо болгонубузду унута элекмин. Антсе да турмуштун ысык-суугуна чыдап, андан ары күрөшүүгөүмүт байланды. Биз көрбөгөн кордук калган жок. Кимдердин гана эшигин сагаалап, бекер убакытты кечирбедик дейсиз? Андай атка минерлердин азгырытма кебине ишенип көп нервибизди короттук. Партиянын мүчөлөрү көз боемочулардын “акырына” айланганы өзүнчө узун кеп. Эмне деген кыйынчылыктарды баштан кечирбедик, чиркин!

— Абдан көп түйшүктөрдү тартыпсыздар. Анткени менен сөздү позитив жагына бурбайлыбы? Жакында далай жыл артка жылдырылып келген соттук иштен жеңүүчү болупсуздар. Эмки кадамдар кайсыл багытка бурулат?

— Биринчи кезекте оро-пара келип калган он жылдык мааракебизди салтанаттуу кырдаалда өткөрүп алалы деген чечимге келдик. Биздин мүчөлөрүбүз ар кайсы региондо турмушун өткөрүп жүрүшөт. Өзүбүзчө ийри отуруп, түз масилеттешип мынчалык болгон соңүлкөн кафеде тоюбузду белгилөөнү ылайык көрдүк. Буйруса өзүңүз да ага күбө болосуз. Андан кийинки кадамдарыбызды деле чектеп алганбыз. Эң ириде аябай кыйналган партиянын мүчөлөрүнө жер участогун беребиз. Күн жылуу кезинде биздин жерди тийиштүү тармактар жөндөп беришине көзөмөлдүк кыбабыз. Эгерде былкылдабай жата берсек тамсилдеги ийнеликтин кейпин кийип калышыбыз кеп эмес. Ошондуктан кайрадан белди бек бууп аракетибизди токтотпойбуз.

— Эми кептин орду келип турганда айтып калалы. Айрым адамдар дагы баягы жерди бизнеске айландырган шылуундар кирип кетпесе экен деген кооптонуусун айтышууда. Ошентип кетпес бекен?

— Бул сурооңуздун жөнү бар. Мындай коркунуч деле бекерден айтылбаса керек? Ооба, менин ак көңүлдүгүмдү пайдалангысы келгендер баш багып калууда. Бирок, келгендердин демин суутпай кеңештерин угуп коюп жатам. Антпесем мындайлар түркүн божомол-дөдөмөлдү жайылтууга аракеттенишет. Т-ээ илгертен эле жердин эсебинен кардын кампайткандардын айрымдарын алаканга салгандай билебиз. Биз убакыттын өтүшү менен кыйла акылга келдик, такшалдык. Колдон келсе азгырылбоого, артыбыздан кеп илештирүүгө жол бербештин айласын табууга күч үрөйбүз.

— Баса, сиз эки күн мурда Кара-Балта тараптагы этникалык кыргыздардын бүгүнкү абалы менен таанышып келген турбайсызбы? Деги эмнени көрдүңүз, кандай ойдо калдыңыз?

— Чынында эле боордошторубуздун жашоосу оор экен. Алардын абалын көзүм менен көрүп зээним кейиди. Ушунчалык кыйналып жатса да ачуусун сыртка чыгарбай, эртеңки күнгө топук кылып турмушун өткөргөн бир туугандарымдын чыдамкайлыгына тан бердим. Мен алардын оорун колдон, жеңилин жерден алууга бүткүл дараметимди чегерүүгө даярмын. Биздин өлкөдө жашап аткан соң алар деле жерге ээ болуп, там салууга укуктуу. Арийне, башка мүчөлөрүбүздүн да көптөн бери күткөн тилегин жүзөгө ашырууга мезгил келди деп айтам. Баса, Дача-Суудагы мекендештердин деле маселесин чечип койсо болчудай. Эгерде бизге мүмкүнчүлүк берсе көп кабаттуу үйлөрдү салып аларды жайгаштырсак эмнеге болбойт? Бирок, ал ишти мыкчыгерлер колдон чыгарбайт го?

— Айтчу сөзүңүз арбын экенин баамдап турабыз. Ошентсе да кепти кыскарталы. Сөздүн соңунда не деген тилектериңиз бар?

— Жер маселеси толук чечилсе өз ишибизди күрдөөлдүү түрдө баштайбыз. Ачыла элек сандыгыбызда дагы айтылбаган сырларыбыз бар. Калганын ыңгайы келгенде айтып берейин. Партиянын мүчөлөрүнө болсо бакубатчылыкты, токчулукту, сабырдуулукту, биримдикти каалайм. Ылайым кыргыз мамлекети өнүгүп, өсүп элине камкор болсун!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены