Этникалык кыргыздар жашаган Сары-Могол айылы моло таштардын көптүгүнөн улам аталган (фото)

Этникалык кыргыздар жашаган Сары-Могол айылы моло таштардын көптүгүнөн улам аталган (фото)

Элдик уламыш: Алай районунун Сары-Могол айылы моло таштардын көптүгүнөн Сары-Могол деп аталып калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

 

Алардын айтымында, Сары-Могол аталышынын келип чыгышы боюнча эки башка уламыш айтылып келет.

 

«Биздин айыл кышкысын суук, жайкысын салкын, абасы таза. Бул жерде илгери өңү сары болгон бир монгол жашап кеткен экен. Ошондон улам айыл Сары-Могол аталган дешет. Ал эми, айрымдар моло жана жылмакай таштар көп болгондуктан Сары-Могол деп аталып калган деп айтышат», - дешти жергиликтүүлөр.

 

Сары-Могол айылын жашоочулары Таджикистандын Мургаб районунан келген этникалык кыргыздар, калктын саны 5 миңге жетет. Алар көбүнчө мал чарбачылыгы менен алектенишет.

 

Айылдын ортосунда Х.Алимсеитов атындагы орто мектеби орун алып, 7 мечит жайгашкан. Быйыл айылга алгачкы жолу спорт зал курулууда.

 

Сары-Моголдо топоз көп багылгандыктан улуттук ат оюндары менен кошо бука тартыш да ойнолот.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены