Этникалык кыргыздар Кыргызстандын Жогорку окуу жайларына кабыл алынат

Этникалык кыргыздар Кыргызстандын Жогорку окуу жайларына кабыл алынат

Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандын Жогорку окуу жайларына окууга кабыл алынат.

 

Алар үчүн документтерди кабыл алуу ушул жылдын 15-16 август күндөрү КРдин Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында жүргүзүлөт. Эки күндүк кабыл алуу саат 9.00 кечки 18.00 чейин болот.

 

КРдин Билим берүү министрлиги билдирген боюнча, этникалык кыргыздардан эки документ талап кылынат. 1) орто билим тууралуу аттестат, 2) өзү жашаган өлкөнүн жарандыгын күбөлөндүргөн паспорт.

 

 

Ал эми кирүү экзамендери Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү, 237 дарегиндеги КРдин Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жүргүзүлөт. Студенттерди окууга кабыл алынганы кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча билинет.

 

Экзамендердин жыйынтыгы 20-августка чейин Билим берүү министрлигинин сайтына http://edu.gov.kg жайгаштырылат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены