Этникалык кыргыздар ааламдашуу доорунда

Этникалык кыргыздар ааламдашуу доорунда

«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров этникалык кыргыздардын Эл аралык Фондунун ардактуу мүчөлөрү болушту. Жакында 630га жакын этникалык кыргыздардын башын бириктирген республикалык чоң жыйында Фондду түзүү боюнча маселе каралып, анын багыты аныкталды. Фонд Кыргызстанда алгач ирет түзүлүп, көздөгөн максаты боюнча дүйнөлүк деңгээлди камтыйт.

 

ИНТЕГРАЦИЯ, ДЕМЕК ААЛАМДАШУУ

Ааламдашуу доорунда интеграциялык кызматташуунун ролу өсүүдө. Бул бүгүнкү күндүн орчундуу заманбап талаптарынан. Ушул өңүттөн алып караганда, интеграция аркылуу мамилелерди түзүү, өнөктөшүү, бири бири менен шериктешип иштөө адам баласынын бийик максаттарына айланууда. Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кирүү менен дүйнөлүк чакырыктарга кадам таштады.

 

«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров өлкөбүз татаал шартты баштан кечирип жатканын сезип, алдын ала кризиске каршы чараларды иштеп чыгууга партияны чакырды. Лидерлердин кайрылуусунда республиканын ар бир жараны жана алардын салымы жогору бааланып, биринчи кезекте саясаттын экономикасы эмес, экономикалык саясат жогору турушу керектигине басым жасашты. Экономикалык саясаттын өзөгүндө ар бир эмгекчинин, дыйкандын, кызматкердин орду жогору коюлуп, бирдиктүү кызматташуу мамилеси гана өнүгүүгө жеткирет. «Бир билек, бир тилек гана бүтүндүктү камсыздайт» - дешти алар этникалык кыргыздардын курултайында.

 

Кытай, Туркия, Ооган, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринен келген боордоштор көптөгөн катаал кыйынчылыктарды баштан кечирген. Бул кыйынчылыктар алардын туулган жерине, ак мөңгүлүү Ала Тоого болгон сүйүүсүн майтарбастан, кайра күчтөндүрүп, таалыкпастан эмгектенүүгө үйрөттү. Кыргызстанда жалкоо гана саясаттан тыш калбаса, калктын кеңири катмары саясатты жакшы өздөштүргөн. Түркөй саясатчылык алакандай Кыргызстанды алтыга бөлүп, эли тентип, бозду. Деген менен кан- жанын аябаган эр азаматтар бул караңгылыктан чыгуунун жолдорун караштырып, «элим, жерим» дегендер алдыга сүрөп жөнөдү.

 

Жакында этникалык кыргыздардын республикалык курултайы өтүп, ага «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын жетекчилиги чакырылды. Боордошторубуздун жыйынында этникалык кыргыздардын Эл аралык фонду түзүлүп, партиянын лидерлери Фонддун ардактуу мүчөлөрү болушту. Бул курултайга катышкан көпчүлүк 70 – 80ге таяп калган этникалык аксакал, карылардын чечимине байланыштуу эле. Себеп дегенде этникалык кыргыздардын Эл аралык Фондду түзүү демилгеси партиянын жетекчилигине таандык.

 

ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН ФОНДУ – ДҮЙНӨЛҮК КӨПҮРӨ

Фонд дүйнөнүн көп жерин жердеп жашап келе жаткан кыргыздардын башын бириктирүүгө багытталган. Башка мамлекеттерде жашап жаткан этникалык кыргыздардын маданий үрп – адаттарын, салт санаасын, тилин, дилин сактоо максатын туткан бул каржылык уюмдун түзүлүшү да бекеринен эмес. Себеби Кыргызстанга кайтып келген мекендештерибиздин дээрлик басымдуу бөлүгүнүн урук- туугандары, жек-жаат, куда- сөөктөрү ошол мамлекеттерде турушат.

 

Мамлекеттик деңгээлдеги «Кайрылман» программасы да каржылык себептерден, мекенине кайтууну көздөгөн баардык кыргыздарды камтый алган жок. Бул жаатта Фонддун мүмкүнчүлүгү кеңири жана даректүү. Фонд өз алдынча уюм катары жашап кетүүсү күмөн. Андыктан мунун алдында этникалык кыргыздардын кызыкчылыгын көздөгөн Ассоциациянын түзүлүшү абзел. Ассоциация өз кезегинде чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын өкүлчүлүктөрү менен иш алып бармакчы. Мындай саясат башка өлкөлөрдөгү кыргыздардын көйгөйүн жакындан билүүгө жана аларга көмөктөшүүгө шарт түзмөкчү. Этникалык кыргыздардын Эл аралык Фондунун президенти Шамсидин Манасов тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын жашоо шарты жакшы дегени менен социалдык багыттагы чечилбеген көйгөйлөрү арбын экенин айтат.

 

Фондду экономикалык жактан алып карай турган болсок-бул инвестиция. Демек, «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын программасында «экономика, экономика жана дагы экономика» деген ураан бекер болбостон, коомчулуктун кеңири катмары, алардын ичинде, этникалык кыргыздар тарабынан бир добуштан колдоого алынып турат. Себеби бул фонд жана партиялык программанын максаттары бири бирине шайкеш. Буга байланыштуу чет мамлекеттерде калган кыргыздардын тагдырына таасир этип, ошол эле кезде туулган жердин өнүгүп, өсүшүнө инвестициялык булактарды тартуу көмөгүн көрсөтүү саналат. Жарандык этникалык кыргыздар үчүн маанилүү. Себеби алар мекенинин мыйзамдуу атуулдарынан болууну эңсеп келишкен. Уктаса түшүндө, ойлосо оюнда жүргөн көксөө катары кабылданат. Ата мекендин татыктуу уул – кыздарынан болуу, өз элин, жерин табуу намыстуу да, ардактуу да.

 

Курултайга жыйналган боордоштор социалдык- экономикалык маселелерге басым жасап, оорчулук кезде оорун колдон, жеңилин жерден алууга багыт алышты. Чет жердеги кыргыз туугандар аркылуу мамлекет аралык байланыштарды бекемдөө менен Кыргызстанга өз салымдарын кошуу артыкчылык деп табылды. Бул багытта этникалык кыргыздардын Эл аралык Фонду негизги көпүрө катары кызмат аркаламакчы.

 

АТА – ТЕГИБИЗ САМАГАН ЖАРАНДЫК

«Кыргызстандын атуулу, жараны болуу ата- тегибизден каныбызга сиңген көксөө» - дейт алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген кыргыздар. Тарыхый ата мекенин көрүү тилектери орундалып, бүгүнкү күндө алардын 50 миңге жакыны Кыргыз мамлекетинин толук кандуу уул - кыздарынан болушту.

 

Деген менен башка мамлекеттердей эле Кыргыз Республикасы дүйнөлүк кризиске кептелип, экономикалык, социалдык көйгөйлөрүн чечип алууда тоскоолдуктарга такалууда. Бул маселе бүтүн, бирдиктүү болсок чечилет дейт Туркиянын Ван облусунан келген Аймухаммед уулу Абдулхаким. Өз сөзүндө Туркия Азия менен Европа контитенттеринин тогуз тоомунда жайгашкандыктан, соода, ишкерчилик мыкты өнүккөн. Демек, бул жаатта кыргыздар түрктөрдөн өнүгүүнүн алгылыктуу тажрыйбаларын сиңире алат. Муну Туркиядагы кыргыздардын жардамы менен өздөштүрүүгө мүмкүн дейт Вандык кыргыз.

 

13

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены