Депутат: Памирлик кыргыздардын Кыргызстанга көчүп келиши өкмөт үчүн пиар гана болуп калды

Депутат: Памирлик кыргыздардын Кыргызстанга көчүп келиши өкмөт үчүн пиар гана болуп калды

Аида Касымалиева келгиндердин эмдигиче турак жайлары, жумушу жоктугуна нааразы болот. Эки жылдан бери алар жарандык да алышкан эмес

 

Памирлик кыргыздарды Кыргызстанга алып келип таштап коюшту, алар болсо өлбөстүн күнүн көрүп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Аида Касымалиева билдирди.

 

- Эки жыл мурун Памрден Кыргызстанга 50 этникалык кыргыздарды алып келишкен, - деп эске салды ал. - Алардын ушуга чейин же үйү, же жумушу жок эптеп жашап жүрүшөт. Келгиндер эки жылдан бери жарандык алыш үчүн жан алакетке түшүп жүрөт, аларды улам эле Бишкекке барганга мажбурлашат. Алар аны кантип аткарышат, шаарды билбесе, же акчалары болбосо? Аларды көчүрүп келген мамлекеттик органдар болсо биз балдарын алып келип эле окуталы дегенбиз, чоңдоруна келгиле деген эмеспиз деп жатышат.

 

Касымалиева мыйзам боюнча этникалык кыргыздар жарандыкты жеңилдетилген тартип менен алыш керектигин белгилейт. Алтургай башка мамлекеттин жарандыгынан чыкпай туруп алса да боло берет аларга. Андан сырткары, кайрылмандарга жер үлүшүн түбөлүккө бөлүп берүү ылайык.

 

- Алар эч нерсе алышпаптыр, - дейт ал. - Алардын бутуна туруп кетүүсү үчүн донорлор көп каражат беришкен. Өкмөт аларга мебель сатып берген, бирок аларды үйү болбосо кайда коёт. Аларга деген акчалардын каякка кеткендиги белгилүү да. Кимдир бирөөлөр аларды Кыргызстанга алып келгенде пиар кылышкан өздөрүн, алар болсо келип алышып азап тартып атышат. Мекемелер аралык топ түзүүнү суранам, аларга деген акчанын кайда кеткенин билүү керек жана бул маселе эмне үчүн алигиче чечилбейт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены