Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктикти байырлаган кыргыздар (сүрөтбаян)

Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктикти байырлаган кыргыздар (сүрөтбаян)

Жакында эле вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Улуу Памирге кыргыз өкмөтүнүн делегациясын баштап барды. Анда Ооганстандагы Кичи жана Уулу Памирлик кыргыздардын ичинен Кыргызстанга 6 үй-бүлөдөн турган 33 этникалык кыргызды билим берүү максатында Нарын районундагы Куланак айылына көчүрүп келди.

 

Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Арасында кош бойлуу айым жана 1.5 жаштагы бала да бар. Учурда бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда этникалык кыргыздардын балдарын Кыргызстанга алып келип окутуу боюнча меморандум түзүлгөн. Ошондой эле кыргыз өкмөтү этникалык кыргыздар менен ишин “Кайрылман” программасынын алкагында жүргүзөт.

 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын аракеттери Памир кыргыздарын өлкөгө көчүрүп келүүгө эмес, алардын балдарын окутуп, жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталышы керектигин айткан.

 

 

Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктиктеги Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны азыркы учурда 1,5 миңдин тегерегинде болсо, 10 жыл мурда 5 миңдей болчу. Алардын санынын кескин азайып жатышынын бирден-бир себеби медициналык тейлөөнүн жоктугу. Ошондой эле туугандар арасында бири-бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүнө шарт түзүүдө.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены