Дарыгер болуп, Памирдеги элдин саламаттыгына кам көргүм келет, - Нарында окуп жаткан Анжир (сүрөт)

Дарыгер болуп, Памирдеги элдин саламаттыгына кам көргүм келет, - Нарында окуп жаткан Анжир (сүрөт)

2017-жылы Кыргызстанга Улуу жана Кичи Памирден бир нече үй-бүлө келген. Учурда Нарын шаарында ата-энеси менен бирге жашап, билим алып жаткан 12 жаштагы Анжир Гафар кызы менен аймактык кабарчы маек курду.

 

Анжирдин айтымында, учурда 4-класста билим алып, кыргызча китеп окуп калды.

 

«Улуу Памирден ата-энем жана бир тууган эжемдер менен келгем. Бул жакта Үсөн Асанов атындагы лицей-интернатында 4-класста окуйм. Жаңы келгенде кыргызча тамга да таанычу эмесмин. Азыр тамгалардын баарын үйрөнүп, китеп окуп калдым. Зуура деген эжейим бизге баарын үйрөтүп жатат. Апа жөнүндө жана жомок китептерди окуйм», - дейт ал.

 

Ал 9 жашында Куран китебин толук окуп чыккан. Анын айтымында, Памирде куранды окуткан гана мугалим бар.

 

«Памирде атайын мугалим жалдап окуйбуз. Бизде баарыбыз бирдей куран алиппесин гана окуп үйрөнөбүз. 9 жашымда куран китепти окуп чыккам. Бул жактагы мектеп да, мугалимдер да жакшы экен. Азыр "4" жана "5" деген баа алып, жакшы окуп калдым», - деди ал.

 

daryger-bolup-pamirdegi-eldin-salamattygyna 2 daryger-bolup-pamirdegi-eldin-salamattygyna 3
daryger-bolup-pamirdegi-eldin-salamattygyna 4 daryger-bolup-pamirdegi-eldin-salamattygyna 5

 

Анжир келечекте дарыгер болуп, Памирдеги элдин ден соолугуна кам көрүүнү кыялданат.

 

«Сиздерде баары бар экен, дарыгерлер жетиштүү. Памирде ооруканада эки гана дарыгер бар. Алар Тажикстандан атайын келип иштешет. Мен бул жактан билим алып, дарыгер болуп, кайра Памирге барып элдин ден соолугуна кам көргүм келет. Анткени эки дарыгер кетип калса бизде дарыгер жок калат», - дейт ал.

 

Анжир Нарындан көптөгөн курбуларды тапкан, алар менен сырдашып турат.

 

«Памирден жаңы келгенде досторум жок болчу. Азыр мектепте да досторум бар. Эжелерим келип сырдашып, кеңештерин айтып, менден сайма сайганды үйрөнүп кетишет. Алар менен сүйлөшүү аябай жагат. Интернет аркылуу да жазышып турабыз. Бош убакта сайма сайып, баштык тигип, жомок китептерди окуйм. Ал эки бир туугандын кичүүсү, жакында дагы бир туугандуу болом», - дейт ал.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены