Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

2-октябрдан 11-октябрга чейин КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан уюштурулган “Памирлик кыргыздарга Кыргызстандын элинен жардам” акциясынан чогултулган каражаттар Афганистан мамлекетинде күн кечирип келе жатышкан Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүндө жашаган кыргыз боордоштого жеткирилип берилди. Бул боюнча жеринде Бишкек шаардык казыятынын басма сөз катчысы Толкунбек Жуманов кабарлаганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

 

“Памирлик кыргыздарга Кыргызстандын элинен жардам” акциясына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Бишкек шаардык казыяты жана жалпы мусулмандар четте калбастан жардамдарын чогултушуп, кийим-кече жана акчалай каражаттарын топтошкон. Топтолгон каражаттар учурда өз максатына жетип, Памирлик кыргыз боордошторго тапшырылып берилди.

 

“Афганистан мамлекетинде жашаган кыргыздар Кичи Памир жана Улуу Памир болуп экиге бөлүнгөн аймакта күн кечиришет экен. Кыргыз боордоштор жашаган аймак Пакистан, Кытай, Тажикстан жана Афганистан мамлекеттери менен курчалат. Эки памирде жалпысынан 350 үй-бүлө жашашат”,-деди Толкунбек Жуманов.

 

Бишкек шаардык казыятынын басма сөз катчысынын маалыматына ылайык, Памирдеги кыргыз боордоштор туруксуз аба ырайы болгондуктан көчүп-конуп жашашат. Ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес. Себеби, кыргыз боордоштор үчтөн, төрттөн үй-бүлө болуп кышта, жазда, жайда, күздө жашачу жерлерде көчүп-көнуп күн кечиришет.

 

“Айыл башчыларын “Шора”-деп аташат экен. Кичи Памирде 8 шора, Чоң Памирде 6 шора бар экен. 14 шораны (Айыл башчылары) чогултуп кыргыз элинен келген жардамды толугу менен тапшырып бердик”,-деди шаардык казыяттын басма сөз катчысы.

 

 

Памирлик кыргыздарга берилген жардамды КРнын Өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрагасы Адылов Бакытбек Адылович жетекчилиги астында, ар кайсы уюмдардан 22 делегат барышкан.

 

«Жалпы элден топтолгон кийим-кече, тамак-аш азыктары жана ар кандай керектүү буюм-тайымдар жалпысынан 8 КАМАЗ болуп, Кичи Памирге 4 КАМАЗ, Улуу Памирге 4 КАМАЗ жардам тапшырылды. Мунун ичинде жалпы мусулмандар тарабынан Бишкек шаардык казыятына жана шаар аймагындагы мечиттерге топтолгон акчалай жардамдар жана кийим-кечелер бар»,-деди Толкунбек Жуманов.

 

“Эки памирде жашаган кыргыз боордоштор Ханафий мазхабын бекем карманышат экен”,-деди шаардык казыяттын басма сөз катчысы. Анын айтымында, жергиликтүү калктын өздөрүнүн имамдары Ислам дини, Ханафий мазхабы боюнча баяндамаларды жасап, 5 убак намаздарын окушат.

 

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Бишкек шаардык казыяты уюштурган "Памирде жашаган кыргыз боордошторго жардам" акциясында чогултулган кийим-кече, көз айнек, чокойлор толугу менен КРдин Өкмөтүнө караштуу миграция кызматына өткөрүлгөн. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-январында КМДБ жана Бишкек шаардык казыяты Памирде жашаган кыргыз боордошторго колдоо көрсөтүү максатында "Памирде жашаган кыргыз боордошторго жардам" акциясын уюштурушкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены