Чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү үчүн Ош шаарында түзүлгөн борбор

Чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү үчүн Ош шаарында түзүлгөн борбор

Ош шаарында чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү максатындагы иш-чараларды жүргүзүүчү атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Ош шаарында өткөн маалымат жыйында уюмдун түзүүчүлөрүнүн бири Расул Абазбек уулу билдирди.

 

Борбор этникадык кыргыздарга жакындан жардам көрсөтүүнү максат кылууда, деди ал.

 

«Чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын саны жылдан-жылга азаюуда. Изилдөөлөргө таянсак, 20-кылымдын 70-жылдарындагы совет этнографтарынын изилдөөлөрү боюнча 15 миңге жеткен Памир кыргыздарынын бүгүнкү саны болжол менен 1100 гана адамды түзөт. Калк 40 жыл аралыгында көбөйүүнүн ордуна кайра кескин азайып кеткен. Азыркы учурда биз негизги максат катары аларга жакындан жардам көрсөтүүнү көздөп жатабыз.

 

Жогорку бийлик адамдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, изилдөө иштерин баштаганы турабыз. Күз айларында атайын гуманитардык жардам алып барууну да пландап жатабыз. Алар менен тыгыз байланышып, билим алууну каалагандарын алып келип, билим алууга шарт түзүүнү пландап жатабыз», - деди Р.Абазбек уулу.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены