«ЧАКОМАИ ГЕСУ» конкурсу

«ЧАКОМАИ ГЕСУ» конкурсу

Бул жылдын башында, январь айынын аягында өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата районубузда уюшулган иш чаралардын алкагында “Чакомаи Гесу” Республикалык конкурс биздин районубузда болуп өттү. Бул конкурска жалпысынан алганда Мургаб жамаатына караштуу 4 мектеп, андан соң кыштактардан келген башка жамаатарда өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Буга атап айтсак Ыраңкөл, Каракөл, Аличор жана Г.Бердибаев жамааттарын айтууга болот. Бул жамааттар даярданып келген өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Айрыкча райондун борбо- рундагы мектептердин даярдыктары өтө жакшы болду десек болот.

 

Атап айтсак: №1 А.Ахмедшарипов мектеби, №14 Сайниев мектеби, №9 Манас мектеби жана №12 мектепинин даярдыктарыны айтууга болот.

 

chakomai-gesu-konkursu 2

 

Бул “кыз узатуу” салтынын көрүнүшүн аткарууда жалпы №1, 9, 12, 14 мектептин коллективтери жакшы аткарышты. Ошондой эле “узун чачтуу айым” боюнча конурстар болду. Буга да жакшы даярданышкан №9 мектептен мугалимдердин айтууга болот. Айрыкча Турумтаева Шааргүлдүн чачынын узундугу боюнча өтө суктанууга болот. Бул да болсо аялдардын өзүнө карап чачтардын жакшы өсүшүнө камкордук көрүү болуп эсептелинет. Бул “узун чачтуу айым” номинациясында кыз-келиндер жакшы даярдыктар менен келишикендигин белгилеп кетүү керек.

 

Эки элдин, башкача айтканда тажик, кыргыз калкынын кыз берүү каада салтын көрсөтүүдө №14 С.Сайниев аттындагы жана №1 А.Ахмедшарипов атындагы орто мектептердин даярдап келген программалары өтө чоң деңгээлде болду. Бул конкурстарды уюштурган Мургаб райондук өкмөтүнүн аялдар жана үй бүлөө секторунун башчысы С. Мубашированын жетекчилиги астында болду.

 

Бул конкурстун жеңүүчүлөрүнө Мургаб районунун төрагасынын орун басары Хусния Ражабова сөз сүйлөп, куттуктоо айтуу менен бирге конкурстун жеңүүчүлөрүнө Мургаб районунун аткаруу органынын грамоталарын берүү менен бирге биринчи орун №14 С.Сайниев мектебине жана №1 А.Ахмедшарипов мектебине ыйгарылды. Ал эми экинчи орун №9 жана №12 мектептерге берилди. Үчүнчү орунга Раңкөл жана Каракөл жамааттары ээ болушту. Ал эми ушул конкурска башка жамааттан келишкен коллективтерге да баалуу белектер тапшырылды.

 

Ушундай конкурстар районубузда көп-көп болуп, жаштарга жана кыз-келиндерге тарбия-таалим берүү, чоңдорду сыйлоо, урматтоо жаштар арасында болуп турса дейбиз. Себеби жаштарда “улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо” – деген сөз жоголуп кетүүдө. Ошондой эле мугалим эжелердин эмгегин баалоо, аны сыйлоо жана өз баласындай бапестеп, татрбия берип, билим берген окуучулары сыйлап урматтап турса жакшы болот эле.

 

"САРЫКОЛ" пресс

ШАРАПАТ ЖАЙЧИБЕКОВА,

ардагер, калыстар тобунун мүчөсү

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены