Бир жарым миң этникалык кыргыздар Кыргызстан жарандыгын алалбай келет

Бир жарым миң этникалык кыргыздар Кыргызстан жарандыгын алалбай келет

Бир жарым миң этникалык кыргыздар Кыргызстан жарандыгын алалбай келет. Арасында 10 жылдап күткөндөр бар. Бул тууралу «24.kg» агенттигине «Аалам кыргыздары» журналынын башкы редактору Акылбек Атабаев билдирди.

 

Айтымында, алардын көпчүлүгү Өзбекстандан ооп келген кыргыздар. Учурда алар Жалал-Абат, Бишкек, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларында турушат.

 

«Биздин мыйзамдарда кош жарандык каралган эмес. Андыктан Кыргызстан жарандыгын алыш үчүн алар мурда жашаган өлкөсүнүн жарандыгынан чыгышы керек.

Өзбекстанда жарандыктан баш тартуу өтө татаал. Ал гана эмес, каттоодон чыгуу аябай машакатуу. Азыр Кыргызстан жарандыгын алалбаган кыргыздар негизинен ушул өлкөдөн. Алар каттоодон да чыга алышкан эмес. Ушуга байланыштуу аларга Кыргызстан жарандыгы берилбей келет».

 

Тажикстан менен жеңилдетилген процедуралар иштелип чыккан. Ал өлкөдөн келген этникалык кыргыздар каттоодон чыгып келип эле жарандык алууга документ тапшырса болот.

 

«Учурда Кыргызстанга кайткан этникалык кыргыздарды колдоо максатында иштелип чыккан «Кайрылман» программасына өзгөртүү, толуктолор киргизилүүдө. Анда алар жарандык алуусу жеңилдетилген ченемдер күчөнө кирет. Өзбекстандан келген кыргыздарга жардам берүү үчүн Башмыйзамга өзгөртү киргизүүнү сунуштап атабыз».

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены