Башкы маселе-жайыттарды коргоо жана туура пайданалуу

Башкы маселе-жайыттарды коргоо жана туура пайданалуу

Баарына белгилүү болгондой районубуздагы эл аралык ACTED уюму тарабынан “Жайыттарды туура пайдалануу жана туруктуу башкаруу” боюнча долбоору иштеп, фермердик чарбалардын иш аракеттери алга жылып, эл арасында мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

 

Бул долбоор Евросоюз тарабынан каржыланып, жер-жерлердеги фермердик чарбалык асоссацияларга колдоолор көрсөтүлүп, иш столдору, китеп коюучу шкафтар, документ сактоочу сейфтер, компьютерлер ж.б. жардамдар берилген.

 


Бул жолу чарбалардын координациялык кеңеши жана тажрыйба алмашуусу Кара-Көл АФХсынын базасында өткөрүлдү. Иш чарага райондун чарбаларынын жетекчилери А.Жолукеев, Т.Оматов, А.Мантаев, Р.Көкүлов, Ш. Курбаналиев,долбоордун жетекчиси Таджидинов Сүйүнтбек ж.б. катышты. Жыйынды Кара-Көл чарбасынын директору Нурмаматов Мусабай ачып, жалпы Кара-Көл өрөөнүндөгү мал чарбачылыгынын, фермердик чарбанын абалы, жетишкендиктери жана көңүл бурула турган маселелерине кеңири токтолду. Ал райондук Өкмөттүн жайыттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча койгон талаптарынын аткарылышында ACTED уюму тарабынан иштелип жаткан долбоордун ролуна өзгөчө маани берди:

 

Bashky masele jaiytt 2

 

“Чындыгында Союздан кийин мал чарбасы аксап турду-, деди өз сөзүндө. Ал эми азыр эгемендүүлүктүн берекелүү жылдарында мал чарбасын өнүктүрүү, өстүрүү, анын азык-түлүктөрүн пайдаланууга Тажикстан Өкмөтүнөн тартып Райондук Өкмөткө чейин өзгөчө көңүл бурулууда. Бул иште райондук жетекчилик, чет элдик инвесторлорду тартып, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө зор көңүл бурууда. Алардын катарында С.Таджидинов жетектеген ACTED уюмунун эл үчүн, жер үчүн, келечек үчүн кошкон салымын айтпай коюуга болбойт. Өзгөчө жайыттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча иштеп жаткан долбоордун башталышы менен фермердик чарбалардын ишинин жылышы айкын байкалууда. Бул иште биз, фермерлер районубуздун төрагасы Жоошбаев Мурзабай Абилакимовичке өтө чоң ыраазычылыгыбызды жана алкышыбызды билдиребиз. Долбоорду жетектеген Сүйүнтбекке дагы ыраазычылык айтабыз”.


Андан ары М.Нурматов Кара-Көл чарбасындагы фермерлердин алгылыктуу демилгелери, Дөбө-Өтөк, Кара-Арттагы кудуктардын казылышы, Ширалжин, Чөбөктө жайыттарга суу коюлуп, чабындыга айландыруу аракеттери, жайыттардын графигинин сакталуусу, мамлекеттик салыктардын төлөнүшү, малдарды ветеринардык тейлөө ж.б. маселелерге токтолду. Кеңештин жүрүшүндө ар бир фермердик чарбалардын жетекчилери жер-жерлердеги жүрүп жаткан иш тажрыйбаларына токтолуп, аларды башка чарбаларга дагы сунушташты. Маселен; жайыттарды коргоо жана пайдалануу боюнча Ыраң-Көл, Ак-Суу, Аличор чарбаларынын иш тажрыйбалары өтө кызыгууну туудурду. Бул иш чаранын катышуучулары М. Сатаров жана аксакалы К.Жаникулов: “Сарыкол жерибизде сыймыктана турган нерсебиз көп. Сыймыктанарыбыз ушул сөз болуп жаткан - жер жана жайыттарыбыз. Аны пайдаланууда биз ата-бабадан калган салттуу билимдерибизди унутта калтыра баштадык. Жаш муундар бул билимдерден кабары болбой калабы деп чочуйбуз.” - деп белгилеп өтүштү. Кеңештин андан аркы жүрүшүндө жайыттарды пайдалануудан тартып, кой кыркуу, төл алуу, мамсалык, мал ылаңдарын дарылоо, алдын алуу, кочкор коюу, корукчу, карышкыр масе- леси, жайыттардагы жол-көпүрө, дегеле мал чарбачылыгына тиешелүү маселелери кызуу талкууга алынды.

 

Bashky masele jaiytt 3

 

Андан кийин аталган долбоордун алкагында “Коомдо, жайыттарды жана жаратылыш ресурстарын башкарууда аялдардын ролу боюнча агартуу маалыматтык иш-чарасы” кичи долбоо- ру боюнча айылдык клубда чоң программадагы ыр-күү коштогон иш-чара өттү. Ага айылдын ак элечек энелери, ишкер айымдары жана өнөрлүү кыз-келиндери чакырылып, аны Кара-Көлдөгү №10 Мамырайымов атындагы жалпы билим берүү мекемесинин мугалимдер жана окуучу лар коллективдери колдоп, жайыттарды, жаратылыш ресурстарын башкаруудагы аялдардын айтып бүткүс зор ролуна татыктуу баа берилди. Бул иш-чараны долбоордун жетекчиси С.Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебинин жетекчиси Турдуматова Жайнагүл Элчибековна ачты жана иш чараны алып барды. Ал өз сөзүндө аялдардын мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыттарды пайдалануудагы аялдардын эбегейсиз чоң ролун баса белгилеп, райондун мал чарбасын өнүктүрүүдөгү белгилүү аялдары жөнүндө, алардын эмгектери, ошондой эле өлкөбүздүн жана кыргыз элинин тарыхындагы көрүнүктүү аялдардын үлгүлүү иштеринин негизинде жаштарды айрыкча кыз-келиндерди өрнөктүү өмүрлөрдөн таалим-тарбия алууга үндөдү.


Ал жаштарга кайрылып,аларды “Жаштар Жылы” менен куттуктап, Мургаб районубуздагы мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө, анын ичинде жайыттарды жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууга, ата-бабадан калган асыл салттуу билимдерди өздөштүрүүгө жана алар аркылуу өлкөбүздүн жана эли-жерибиздин өнүгүшүндө татыктуу жаштардан болууга чакырды. Ушундай эле иш-чаралар бардык жамааттарда өткөрүлүп, долбоордун жыйынтыгы Ыраң-Көл жамаатында жыйынтыкталды. Айта кетчү нерсе; бул долбоор боюнча райондо атайын конкурс жарыяланып, С.Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебинен жиберилген сценарий тандалып алынган. Аны Турдуматова Жайнагүл жана Сатикулов Эркебайлар жетектеп, 6 мектепте театралдаштырылган концерттик программаларды даярдашып, бул долбоорду ишке ашырууда кыш-кыроонун күнүнө карабай жамааттарда болушуп, жергиликтүү калкка тартуулашты. Натыйжада, бул аракеттери текке кетпей, өз мектептерине донорлор жана ACTED уюму тарабынан С.Ниязбеков атындагы көркөм өнөр мектебине заманбап музыкалык аппаратура жана окуучуларга улуттук үлгүдөгү формаларды белекке алышты. Бул мугалимдердин аракеттери-өз мектеби, окуучулары үчүн же жалпы эле эли-жерине кылган чоң кызматы деп билебиз. Ылайым, элибизде ушундай жакшылыктуу иштер боло берсин.


Г.Ниязбеков.

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены