Башка өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарга мамилебиз кандай?

Башка өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарга мамилебиз кандай?

Кытайлык кыргыздардын укук маселесине кайдыгер карабаган жагдайыбыз кийинки кезде көңүл чордонун ээлеп келет. Күз айларында тутанган коомдук пикирлердин алды митингге айланып, анын акыркысы жакында борбордук аянтта катышуучулардын күч органдары тарабынан таратылышы менен аяктады. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" демекчи, калкыбыз боордошторго боор тартып, кейип турган чагы. Каны, жаны бир болгон, кошуна мамлекетте жашап жаткан элдин көйгөйү канчалык орундуу? Башка өлкөлөрдө жашап жаткан этникалык кыргыздарга дайыма эле күйүмдүү болуп келебизби? Кытайлык кыргыздарга боор тарткан маселе канчалык саясатташкан? Аны чечүүгө таасир этүүчү дагы кандай жолдор бар?

 

Адатта кылым карыткан түпкүлүктүү элибиз жөнүндө кеп козголгондо "Асманда жылдыз көп, жерде кыргыз көп" деп, көкүрөк керип алмай жайыбыз бар. Этникалык кыргыздар эзелтен бери орус, казак, өзбек, тажик, монгол, кытай, ооган, түрк, мажар жерлеринен орун алып жашап калышкан. Алардын айрым топтору Кыргызстанга көчүп келген болсо, көпчүлүк бөлүгүндө мамлекетибизге көчүп келүү ниеттери суз. Бул алардын жашап жаткан мамлекетиндеги жашоо-шарт, социалдык-экономикалык, укуктук эркиндик ж.б. маселелерге түздөн-түз байланыштуу. Дагы бирлери көмөк көрсөтүүгө муктаж. Желегибизди желбиретип, мамлекет уюткусун түптөгөн соң, алыстагы бир боорлорго кам көрүү, алардын талабын коргоого көмөктөшүү эл шайлаган мамлекет башчыларыбыздын жүгү десек болот. Тилекке каршы этникалык кыргыздарга байланышкан маселелер дайыма эле көңүл жылытарлык таризде чечиле бербей келет.

 

Монгол жергесинде жашаган кыргыздар бир учурда А. Акаевге "Кыргызстанга көчүрүп кеткиле" деп жардам сурап кайрылышкан. Кат Ак үйдүн кеңселеринде чаң басып кала берген. Кезегинде президенттин Монголияга жасалган иш сапарында да кат ээлерине жолугуу аракети болбой, Акаев Улан-Батордун тегерегин тегеренип туруп, кайра баса берген. Учурда ал жактагылардын жашоо шарттары мурдагыга салыштырмалуу оңолуп, Кыргызстанга келүү ниеттери жок.

 

Түркия кыргыздарынын да кыргыз жергесине кайтуу ниеттери жок

Ал эми Памирлик кыргыздар көмөккө муктаж. Аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси бир нече ирет көтөрүлгөн менен ишке ашпай келет. Буга карата жасалган бараандуу аракеттер деле байкалбайт. Нарын жергесине көчүрүлүп келген 5-6 үй-бүлөнүн кээ бири кайра кеткенге шашышты. Жашап жаткандар деле балдарынын билим алып жаткандыгын эске албаганда, жыргап кетишкендиги байкалбайт. Бул иш-чара жакшы жөрөлгө болгондугуна карабай атка минерлердин көз боёмо жарнамасы сыяктуу туюлат.

 

Өзбекстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздардын саны айрым маалыматтар боюнча 3 миллионду чапчыйт. Токсонунчу жылдардын соңунда Кыргызстанга көчүп келгендердин саны арбын болгон. Кийинчерээк жаштар көп келе баштады. Алардын бул жакка келүү себептери ар түрдүү.

 

Тажикстандан мекенибизге кайткан боордоштор эки себеп менен келди. Биринчиси – Тажикстандагы жарандык согуштун айынан Мургаб, Жерге-Тал райондорунан Ош жана Чүй облусттарынын аймактарына келип жашап жаткан бозгундар. Экинчиси – социалдык-экономикалык, жеке маселелерден улам кыргыз жергесине кайткандар. Убагында согуштун кесепетинен улам баш баанектеп келген бозгундарга өкмөт тарабынан убактылуу жашоочу жай берилип, жер-жерлерге бөлүштүрүү сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Биртике гуманитардык ж.б. жардамдар берилген. Деген менен алар 20 жылдай убакыттан бери өз арбайларын өздөрү согуп келишет. "Кайрылман" уюмунун жарандык алып берүү боюнча жасаган аракеттерин эске албаганда, боордошторду шайлоо алдында, добуш алуу учурунда гана эстеп калышат.

 

Жогорудагыларга салыштырмалуу Кытайдагы кыргыздардын көйгөйү башка. Алардын Кыргызстандан баш баанек сурап, мукураган жери жок. Укуктары чектелип жаткандыгына байланыштуу бизде жасалып жаткан аракеттердин негизи саясатташып кеткендиги эбак эле байкалган. Эгерде биз башка өлкөлөрдөгү боордошторубуздун укуктарынын тебеленишине чын жүрөктөн күйө турган болсок, эмне үчүн Өзбекстан менен Тажикстандагы этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн көңүл чордонуна койбойбуз? Кыргызстанга көчүп кетүү үчүн ал жактагы үй-мүлктөрүн саткан учурда жергиликтүүлөр эки-үч эсе арзандатып алышат. Же болбосо этникалык топ жашаган айылдардын инфраструктурасын атайлап бузуп, суу, электр жарыгы сыяктуу зарылдыктарды жасалма түрдө таңкыстыкка учуратып, натыйжада элдин ал аймактан көчүп кетүүсүнө муктаж кылган учурларды билсек да, билгибиз келбейт! Жакынкы кошуна жашаган боордоштордун көйгөйү саясатчылар үчүн "кызыктуу тема" эмес.

 

Кытайдын ички саясаты, жүргүзүп жаткан иштери туңгуюк токой кейиптенип, жабык сыяктанат. Компартия кыргыз, казак, уйгур, өзбек, татар сыяктуу мусулман жарандарына "тарбиялык" иштерди жүргүзүү алдында оңду-солду калчап туруп, ушул ишти жасоону туура деп таап, анан кадам шилтегендей таасир калтырат. Анткени, ал өлкөнүн саясатын биздегидей беделдүү 10 саясатчы, капчыктуу 5 партия калчап коё албайт. Миңдеген мусулмандардын кыжырына тийип албоо жагын этияттанышып, алдын ала ойлонушкандай. Деген менен "тарбиялануучуларга" геноцид жүргүзүлүп, же репрессиялык аракеттер жасалып жаткан жери жок го. Кандай болгон учурда да түптүү калкым сабырдуу болуп, азгырыктарга азгырылбаганы ийги!

 

Расул Базарбаев

Булак: "Жаңы Ордо"

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены