Баш-Гүмбөз айылында майыптар күнү белгиленди

Баш-Гүмбөз айылында майыптар күнү белгиленди

Мургаб райондук мамлекеттик жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын үйлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүү бөлүмүнүн иш чарасынын негизинде Аличор жамаатынын Баш-Гүмбөз айылында 8-июлда Майыптар күнү белгиленди. Майыптар күнүнө арналган салтанатка Мургаб районунун төрагасы М. Жоошбаев, МЖБАО үйлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүү бөлүмү башчысы Кубатбеков Ражапали, Аличор жамаатынын төрагасы Назарманбетов А жана башка райондун өкүлдөрү катышты. Майыптар күнүнө арналган салтанатты Баш-Гүмбөз айылынын өкүлү Шаимов И ачып куттуктоо сөзүн Мургаб районунун төрагасына берди. Төрага өз сөзүндө Улут ажосунун, Президентибиз улуу урматтуу Эмомали Рахмондун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн талыкпай кылган камкордугуна кеңири токтолуп, майыптарды жана алардын ата энелерин жалпы эле элди майыптар күнү менен куттуктап, биринчи жана экинчи группадагы майыптарга белектерди тапшырды.

 

bash-g-mb-z-aiylynda-maiyptar 2

 

Ошондой эле Мургаб райондук мамлекеттик жергиликтүү бийликтин аткаруу органынын үйлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүү бөлүмү тарабынан атайын уюштурулган тамак аш берилди. Облустук протез филиалы тарабынан аксакалдарга майыптарга, таяк жана балдак таякчасы тапшырылды.

 

Андан соң Баш-Гүмбөз айылынын жаштары тарабынан уюштурулган концерттик программасы тартууланды. Баш-Гүмбөз айылынын жашоочулары Өлкө Президенти улуу урматтуу Эмомали Рахмонго, Тажикстан Өкмөтүнө жана райондук өкмөткө терең ыраазычылыктарын билдиришүү менен аларга бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалашты.

"САРЫКОЛ" пресс.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены