Байланышыбыз мындан ары да чыңдала берет

Байланышыбыз мындан ары да чыңдала берет

Жакында Мургаб райондук «Сары-Кол» гезитинин башкы редактору Гожомберди Ниязбеков менен Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору Маматазим Осмонов менен Тажикстан республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу областындагы жылуу маанайдагы жолугушуу өткөрүп, өз ара тажрыйба алмашышты Эки гезиттин башкы редакторлору бири-бирине өздөрү жетектеген гезиттин жаңы сандарынан жөнөтө турган болушту. Биз учурдан пайдаланып, Г. Ниязбековдон 15 миңге жакын, калкы бар, анын 90%ын кыргыздар түзгөн Мургаб районунун тарыхына токтолуп, анын Кыргызстан менен болгон байланышы жана өзү жетектеген басылмадагы жаңылыктар тууралуу айтып берүүсүн сурандык.

 

— Тарыхый маалыматтарда Падышалык Россия 1893-жылы Ош-Хорог жолундагы деңиз деңгээлинен 3612 метр бийиктикте жайгашкан Мургабда «Памир посту» деп аталган аскердик чыңдоону курган. Анын башында аскер инженери штабс-капитан Серебренников турган. Облустун чыгыш тарабында жайгашкан Мургаб районунун аянты 38442,2 чарчы км. Ал 1932-жылы 27-октябрда түзүлгөн. Азыркы учурда райондо Кара-Көл, Көөнө-Коргон, Мадиян, Баш-Күмбөз, Булуң-Көл, Раң-Көл, Чечекти, Токтомуш, Шаймак сыяктуу айылдардан турган Мургаб, Кара-Көл, Кожо Бердибаев, Аличур, Раң-Көл, Кызыл-Рабат сыяктуу алты айыл жамааты бар. Райондогу 15 мектептин бирөөндө окутуу тажик, бирөөндө аралаш, калган 13 мектепте кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

 

Бизде адистер жетишпей жаткан учурда элдин сабатын жоюудагы кыргызстандыктардын салымын өзгөчө белгилеп өтүү зарыл. Алардын ысымдары мургабдыктардын дале эсинде турат. Бизде белгилүү акын-жазуучулар Мурза Гапаров, Анатай Өмүрканов. Эрнис Турсуновдор иштеп кеткен. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Челпек айлынан келген Абдыкадыр Ахмедшариповдун эмгек жолу ушул жерде башталган. Мургабдагы № 1-мектепке Абдыкадыр Ахмедшариповдун аты коюлган. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айылынан барган Абдыкадыр Талканчиев агай мургаптыктардын арасында абдан сыйлуу адам болгон. Өз ишин жакшы билген педагог болчу. Кийин жооптуу кызматтарга көтөрүлгөн. Бир топ жыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында биздин балдар үчүн атайын орун бөлүп турган. Азыр деле

 

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан мургабдык жаштарыбыз ондоп саналат.

 

Азыркы учурда Тоолуу Бадахшан автономиялуу областында 1 облустук, 1 шаардык жана 7 райондук гезит жарык көрөт. Анын ичинде Мургаб районундагы 76 жылдык өмүрү бар «Сары-Кол» гезити да бар. Басылмабыз өткөн жылы март айында кайрадан расмий каттоодон өтүп, кыргыз жана тажик тилинде 8 бетте жарык көрө баштады.

 

Бизге бир нече жылдан бери «Кыргыз Туусу», өткөн жылдан бери «Ачык сөз» газеталары келип жатат. Бул гезиттер аркылуу Кыргыз республикасында болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып жатабыз. Эми «Ош жаңырыгы» гезитин алып калсак, элибиз ого бетер кубанат. Кыргызстандан чыккан гезиттер жаштарыбызга эне тилинде туура жазууга жана сөз тизмектерин талапка ылайык түзүүгө жардам берип жаткандыгын айта кетүүгө тийишпиз. Жолугушуунун аягында мургабдыктар «Кыргыз Туусу», «Ачык сөз» жана «Ош жаңырыгы» гезиттеринин жетекчилерин үстүбүздөгү жылдын август айында Мургабда өткөрүлө турган улуттук оюндардын облустук салтанатына чакыруу кагаздарын тапшырышты.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены