Байас Турал: «Зулпукаар Сапановтун китеби жаңы көз карашты камтып турат»

Байас Турал: «Зулпукаар Сапановтун китеби жаңы көз карашты камтып турат»

—Байас ага, биздин журналист Зулпукаар Сапанов Шамбаладагы катылган сырды ачып, «Кыдыр Санжырасын» жазып, «Ыйык» делген китептердеги алешемдиктерди тизип, динаятчыларга суроо койгон экен, бирок диний миссионерлер суроолорго жооп бербестен, регион аралык кастыкты козутту деген шылтоо менен мамлекеттеги жазалоочу органдарга арызданып, кылмыш ишин козготуп, сотко берип, чыр чыгарууда. Аталган китепти окуп чыккан тарыхчы катары эмнелерди айта аласыз? Чындап эле бул китепте элди же динди касташтырган маселе барбы?

— Аталган китеп мага аябай чоң таасир калтырды. «Кыдыр санжырасынын» көлөмү да, көтөргөн идеясы да абдан чоң экен. Китепте Кыдыр-Шаа уруусунун санжырасынан баштап, жалпы адамзаттын келип чыгышына байланышкан маселелер көтөрүлгөн. Убагында бир өрөөндөн аты алыска чыкпаган адамдарды “улуттук баатырларга” айлантып жазып жаткандардан айырмаланып, мени бүгүнкү илимий чыгармачыл интеллигенциясынын ичинен дүйнөлүк денгээлдеги маселелерди козгоп, ушундай батыл сөз айткан жаштардын чыгып жатканы абдан кубандырат. Андагы көтөргөн идеялар чоң сөз кылууга арзыйт. Эң негизгиси, “бул китептер — ыйык китептер, андагы айтылгандардын баары Кудайдын сөздөрү, ага каршы өз пикиринди билдиргенге болбойт” деп саналган китептерге карата жеке өзүнүн оюн ачык, батыл билдиргенинде. Кудайдын атынан сүйлөп келген кээ бир пайгамбарлардын туура эмес иштерине илимий талдоо жүргүзүп, алардын жүзүн ачып көрсөткөнүндө. Адамдын көзүн чындык ачат. Китепте, окуган адамдарды таң калтыра турган кызык фактылар бар. Экинчиси, Кыдыр-Шаа уруусуна байланышкан текстерде анын санжырасы айтылган. Ага карама-каршы көз караштар, макул болбогон пикирлер да айтылышы мүмкүн. Китептеги сөздү айтканга автордун кандай укугу болсо, аны кубаттаган же ага карама-каршы ойлорду айтканга башка адамдардын да ошондой эле укуктары бар. Ал эми алар менен макул болобу же болбойбу ал автордун өзүнүн жеке иши. Айрым адамдар автор “өз уруусун аябай эле көтөрүп айтыптыр” деши ыктымал. Чын эле автор, өз уруусунун аталышын санжырада айтылып келаткандай адам аты (Кыдыршаа) менен эмес, мифтик персонаж – Кыдыр ата менен байланыштырып айтканы бир топ “шектенүүнү” туудурат. Автордун ою боюнча, Кыдыршаа уруусунун “түп атасы” Кыдыр ата болсо, Кыдыршаа уруусу өзү жалпы адамзаттын “түп атасы” деген жыйынтык келип чыгат. Бул албетте, азырынча автордун жеке өзүнүн пикири. Буга чейин кээ бир “көзү ачыктар” тарабынан: “жалпы адамзат Кыргыздан тараган” деген ойлор да айтылып, ал ошол кезде көпчүлүктүн жылмайуусун пайда кылган болчу. Менимче, бул илимий жактан далилдөөгө мүмкүн эмес идея деп ойлойм.

Мына ушул көз караштан алганда, автор өз уруусунун тарыхын изилдегенге караганда, өз уруусун жасалма көтөрүп жаткандай туюм калтырат. А бирок кептин жөнү бир аз башкача. Чынында, көчмөн элдердин тарыхтары, ошол элдердин өздөрүн пайда кылган уруулардын тарыхтарында жатат. Ар ким өз атасын жана өз уругун таанып билбесе, ал анан кантип башка бирөөнүн атасын таанып билет? Башканы таанып билбесе, ал анан кантип аны кадырлап, сыйлайт? Логика боюнча, өзүнүн уругун билбеген адам башка бирөөнүн да ата-тегин жана уругун билбейт. Тагырак айтканда, кыргыздын санжырасын билбеген адам Кыргыздын касиетин түшүнбөйт. Демек муну менен ал өзүнүн маңкурт адам экенин тастыктайт. Мурун кыргыздар

андай адамдарды “кулдар” деп айтышкан. Чынында кулдардын санжырасы болгон эмес. Санжыра элдин тамыры, теги тууралу айтылган оозеки тарых. Мына бүгүн «урууларга бөлүнбөй, улут дегиле» деп жатат. Негизи, элди урууларга эч ким бөлгөн эмес, эл өзү уруулардан турат. Дагы бир жолу айтам — биз көчмөн элдин урпактарыбыз. Көчмөн элдин коому уруктардан жана уруулардан турган. Көчмөн элди бир дарак түрүндө элестетсек, уруулар анын бутактары. Урууларды биз ойлоп тапкан жокпуз. Кыргыз элинин башатында да “кыргыз” атын алган адам (түп ата), анан андан тараган уруктар жана уруулар жатат. Кыргыз отурукташкан элдерге окшоп, “жасалма жол” менен түзүлгөн калк эмес. Кыргыз табигий жол менен өсүп-өнүп калыптанган улут. Эч ким жасалма жол менен уруктарды же урууларды түзө албайт. Аны эч ким ойлоп табалбайт. Мисалы мен Кыдыр-Шаа уруусун кантип ойлоп табам? Ал табигий жол менен өсүп чыккан Кыргыздын бир бутагы. Аны айтпа дегенге биздин укугубуз жок. Кыдыр-Шаа дегенди айтпа, Кыргыз дегин деген сөз — ал атаңдын атын айтпа, чоң атандын эле атын айт деген сыңары сөз.

— Китептеги идея жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

— «Кыдыр Санжырасында» мыкты идеялар көтөрүлгөн. Эң негизгиси Кыргызды эле эмес, бүткүл адамзаттын тамыры бир деген теорияны бекемдеп, аны бир өзөккө бириктирүү идеясы жатат. Бул идеянын тамыры тээ байыркы шумер уламыштарынан башталат. Алардан семиттердин ата-бабалары алышып, Ной пайгамбарды жаратышкан. Арий уламыштарында ал адам – Ману (Манус) деген ысым менен белгилүү. Зулпукаар аны Кыдыр атанын ысмы менен байланыштырып жатат. Бул албетте талаш-тартышты туудуручу жана көптөрдү артынан ээрчитүүчү кызык идея. Бизде ошол Кыдырдын өзү алиге чейин изилдөөгө алынган жок. Совет дооруна чейинки жана андан кийинки мезгилдерде изилдешкен айрым бир орус тилдүү окумуштууларды айтпаганда, кыргыз илимпоздорунун ичинен аны ар тараптуу изилдөөгө алган илимпоздор чыга элек. Негизги, ал (кыдыр) “кудай” экени же “адам” экени белгисиз, көпчүлүктүн көзүнө көрүнбөгөн, мифтик персонаж. Айрым бир илимий текстерде ага «байыркы арий кудайларынын бири» деген аныктама берилип жүрөт. Андан башка байыркы арийлер коомунда башкы бакшылар “ходар” (индия) же “зодар” (иран) деген формаларда айтылганы бизге белгилүү. Менимче Кыдырдын ысмы ушул түшүнүктөр менен байланыштуу болуу керек. Алгачкы арийлер атлант цивилизациясынан калган илимге ээ адамдар болушканы тууралу ойлор бар. Андай болсо, ходарлар (кыдырлар) дал ошондой — бизге белгисиз илимди алып жүргөн, бийик даражага ээ, касиеттүү, илимдүү адамдар болушканы шексиз. Бүгүнкү күнү индуизм дининде андай адамдарды “брахмандар” дешет. Алар ушул заманда да “кол тийгис адамдар” катары саналышат. Бирок атланттар алып жүргөн илимден алар да ажырап калышкан.

Кыдыр ислам булактарында “хызыр” формасында кездешет. Бүгүнкү күнү түрк окумуштуулары Кыдырдын ысмын монгол-бурят-тибеттик мифтик персонаж Гэсер менен байланыштырып жатышат. Ал эми Зулпукар Сапанов болсо, дүйнөнү топон суу каптаганда, кыямат кайымдан аман калган адамды Кыдыр деп көрсөтүп жатканы мени абдан кызыктырды. Биз ушул кезге чейин топон суудан шумер Утнапишти (же Зиусудра), семит Ной, арий Ману аман калышканын билчүбүз. Зулпукар иним жогорку ысымдарды Кыдырдын аты менен берип жатат. Бул өзүнчө кызык табылга.

Эгер адамзат тарыхына кайрылсак, семит элдеринин ыйык китептериндеги көптөгөн окуялар жана мифтик сюжеттер шумерлерден алышканын көрөбүз. Биз пайгамбарлар деген акылман адамдар ал окуялардын сюжеттерин кайрадан иштеп чыгышып, шумердик адамдардын ысымдарын өз элинин адам аттары менен алмаштырып, анан алардын жыйындысын ыйык китептерге айлантып, дүйнөгө өз дүйнөтаанымдарын жайылтышууда. Биз ал китептерди тамшанып окуп, андагы пайгамбарлардын айткан акылдарын “кудайдын сөздөрү” деп эсептейбиз. Алар өз

дүйнөтаанымдары камтылган ошол китептерди жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүштү. Бул семит урпактарынын улуулугун жана чыныгы акылмандар экендигин көрсөтөт. Биз – арий урпактары да алардан көп нерселерди өздөштүрүүбүз зарыл. Өзүбүздүн арий ата-бабалар калтырган мурастарды ошол семит уулдарындай жалпы адамзаттын деңгээлине алып чыкканды үйрөнүшүбүз керек. Мына ушул маселеде Зулпукаар Сапановдун аракети алкоого татырлык. Анын китебинде өзүнчө бир кызык ойлорго, терең изилдөөлөргө түртүп, илимий талаш-тартыштарды жаратып, дүйнөнү башка көз караштан карай турган кызык идея камтылган. Ал эми ислам динин кудайтаануу илими катары эмес, арапташтыруу идеологиясы катары таратып жаткан айрым молдокелердин байыркы кыргыз дүйнөтаанымын илимий мүнөздө сөз кылган адамдарды кудайга каршы, исламды бурмалаган адамдар катары көрсөтүп келатышканы туура эмес. Кыргызды кыргызга каршы коюп жаткан мындай аракеттерди токтотуу керек. Биз колдон келсе, Мухаммед пайгамбар жайылткан ислам дининин алгачкы формасын калыбына келтирүүгө аракет кылышыбыз керек. Анткени, алгачкы ислам өзүнүн негизи катары чындыкты, тазалыкты жана илимди эсептеген. Дал ошол учурда Орто Азиядан ал Хорезми, ал Фараби, ибн Сина, Беруни сыяктуу гений окумуштуулар, Рудаки, Фирдоуси, Омор Хаям, Саади, Хафиз сыяктуу улуу акындар чыгышкан. Тилекке каршы ислам дини орто кылымдан кийин өзүнүн түпкү максатын жана багытын өзгөрткөн. “Чала молдо дин бузарларды” сынга алган акындар менен окумуштуулар куугунтукка алынган. Ислам илим издеген динден, илимдин өнүгүшүн токтоткон идеологияга айланган. Ошондон кийин илим Орто Азиядан Европага ооп өткөн.

— Илимий версияны сотко бергени туурабы?

— Мен бул кабарды жакында уктум, молдокелер чындыкка чычалап, Зулпукаарды сотко берип, ага кылмыш ишин козгошуптур. Мен муну өтө туура эмес, одоно иш деп эсептейм. Бул молдолордун өздөрүн уят кыла турган фактор. Биздин мамлекеттин күч жана сот органдары буга өтө кылдат, реалдуу мамиле жасашы шарт. Эмне үчүн Европанын окумуштуулары биз ыйык деп эсептеген китептерге илимий талдоо жүргүзүп, алардын текстерин, башка булактардагы текстер менен салыштырып изилдеп жатышса, биздин антүүгө укугубуз жок? Биз кайсы кылымда, кандай доордо жашап жатабыз? Мисалы, “Курандагы” Ибрагим пайгамбар, ал “Торадагы” Авраам экенин, биз аларды салыштырып изилдеген европалык окумуштуулардын илимий эмгектеринен улам билип келатабыз. Чындыкты билгендин эмнеси жаман? Ал ыйык китептерди изилдеген окумуштуулардын арасында Б.Рассел сыяктуу Нобел сыйлыгын алган улуу илимпоздор бар. Европанын артыкчылыгы, алгачкы исламга окшоп илимге артыкчылык бергенинде, биздин кемчилигибиз илимден динди жогору койгонубузда. Биз Кудайдын улуулугун даңазалап, бирок дайым Адамдын мүмкүнчүлүгүн чектейбиз. Анан дагы Баш Мыйзамында “светтик” деп жазган Республикада диндин өкүлдөрү илимдин өкүлүн сотко берип жатканын кандай түшүнүүгө болот? Бул жарандардын ой эркиндигин, сөз эркиндигин дин өкүлдөрү тарабынан чектөө дегенди билдирбейби? Биз эмне деген коомдо жашап жатабыз? Биз илимди өнүктүрүүгө багыт алган өлкөбүзбү же динди идеологияга айлантуу максатын көздөгөн мамлекетпизби? Бийлик органдары буга тыюу салышы керек. Мындайды баш-аламандыкты токтотуш керек. Анан Дүйшөн ажы “менин кадыр-баркыма шек келди” деп жатыптыр, мен китептен анын ысмына байланыштуу айтылган эч нерсени окуган жокмун. Эгер ал андай дооматты Муса же Мухаммед пайгамбар үчүн коюп жатса, анда алардын атынан ушундай доомат койгонго анын кандай укугу бар? Китепке болгон жеке адамдын көз карашы үчүн кандай коом жаранды жазалайт?

Китепке жазган пикир үчүн эле “шек келтирди” дей берсе, биздин Республика эртең эмне деген мамлекет болот? Илим кантип өнүгөт, сөз эркиндиги кантип корголот?

Бул эмне деген өкүмзорлук? Динге жамынып алып, адамдарды коркуткан мындай идеологияны токтотуш керек. Антпесек биз коомду жаман жакка алып барабыз.

Угушума караганда, кээ бир молдолор аша чаап, «Манасты» да айтпагыла, окубагыла” деген үгүт-насаат жүргүзүшөт имиш. Бул эмне деген сөз? «Манас» — “Авеста”, “Ригведа”, “Библия”, “Тора”, “Куран” сыяктуу эле биздин ыйык китебибиз. Кыргыздар ислам дини пайда боло электен миң жылдар мурун Теңирге (Алла) сыйынып, түп атасы – Манастын арбагын ыйык тутуп келген эл. Кыргызды “кыргыз” кылган, урууларды бириктирип, эл-журт кылып уюткан, азыркы турган жерин мекенге айлантып, аны кийинки урпактарга мурас кылып калтырып кеткен Мухамммед пайгамбар эмес, дал ушул Манас атабыз болгон. Эгер молдолордун кимдир бирөөсү кыргыз болгусу келбесе, Манасты түп ата катары тааныбаса, анда алардын өздөрүнүн иши. Анда кааласа, Арабияга барып, араб болуп жашай берсин. Андай маңкурттардын жолун эч ким тоспойт.

Ар бир элди ошол элдин жан дүйнөсү жараткан дин сактайт. Ошондуктан диндеги эң чоң күнөө – ал кудайын алмаштыргандардын күнөөсү болуп саналат. Анткени кудайын алмаштыргандардын жашоо образы өзгөрөт, жүргөн-турганы, кебете-кешпири бузулат. Биздин коомдо ошолордун баары болуп жатат. Биздин ата-бабалардын жан дүйнөсү Теңир дүйнөтаанымын жараткан. Ал бир эле биздин элге эмес, бир замандарда Чыгыштагы деңизден тартып, батышы Дунай дарыясына чейинки созулган ортоңку аймакта жашашкан көчмөн элдердин баарын бириктирип турган. Дүйнөлүк диндердин башаты дал ушул Теңир дүйнөтаанымында жатат. Балким ошол үчүн биздин арапташкан молдолор кыргыз балдарын бузуп жаткан башка диний секталарга каршы чыккандын ордуна Теңир дүйнөтаанымын сөз кылган илимпоздорго каршы уюшуп, аларды каапырларга айлантып жүрүшөт. Азыр кыргызды кыргызга каршы койгон башка диндер эмес, дал ушул ислам дини болууда. Ислам бүгүн ата-бабалар кармап келген жолдон тайып, арапташтыруу идеологиясына айланды.

Кыргыз эркеги кырк жашка чыкканда – мурут, алтымыштан ашканда, атасы жок болсо сакал койгон. Атасы болсо, жүзгө чыкса да сакал койгон эмес. Азыр ата-бабанын салты менен иши маңкуртка айланган балдар ээгине чыккан эки кылды сербейтип, адамга эмес, шайтанга окшошуп жүрүшөт. Бүгүн улуттук деңгээлдеги чоң коркунучту христиан ж.б. секталар эмес, ислам дини жаратып баштады. Мисалы, биздин ата-бабалардын дүйнөтаанымында Кудай менен Адам сүйлөшөт деген түшүнүк жок. Теңирдин көрүнүшү – ал космос, аалам. Анын көрүнбөгөн жагы – Абсалюттук дух.

— Китепте диндерди же элдерди касташтыруу жокпу?

— «Кыдыр санжырасынан» элдерди касташтыруу, аларды бири-бирине карама каршы коюу идеясын көргөн жокмун. Тескерисинче ынтымакка чакырган, биримдикке ширеткен идеялар арбын. Алардын баары ар кандай аргументтер менен ынанымдуу жазылган. Улуттардын ынтымакка келүүсүн санжыранын далили менен берген. Автор «ыйык» деп саналган китептерге анализ берип, автор катары өзүнүн жеке пикирин айткан. Эгер туура эмес болсо, анда ага аргумент менен, фактылар менен, илимдин тили менен жооп бериш керек дин өкүлдөрү. Анан андай аргументи жок, өзүн Муса пайгамбардын ордуна коюп, “менин кадыр-баркыма шек келди” дегени акылга сыйбайт. Бул өтө туура эмес жорук. Ал кайсы молдо болсо да, коркутуу менен өзүнүн билимсиздигин, пастыгын көрсөтөт. Ким туура, ким туура эмес экенин Эл, Убакыт өзү таразалап алат.

Биздин мамлекеттин мыйзамына ылайык ар бир адам өз оюн эркин билдирет. Ал үчүн куугунтукталбайт. Экинчиден, Зулпукаар журналист. Ал коомго коркунуч келтирген нерсени айтып чыкканга акысы бар. Дегеним, Европа цивилизациясы өнүгүп, өзүнүн жогорку чегине жетти. Бүгүн окумуштуулар, “адамзат мындан ары кандай өнүгөт” деген маселеге баш катырып отурушат. Себеби Европа өзүнүн бере

турганын дүйнөгө берип бүттү, аны европалык окумуштуулар өздөрү да айтып жатышат. Мына ушундай учурда Түрк элдери да өздөрүнүн эмне миссияны аткарарын айтыш керек. Дүйнөнү Түрк элдери көп жолу өзгөрткөн. Алардын ата-бабалары ал турсун “шумер” деген ат менен азыркы адамзат цивилизациясына негиз салышкан. Биз азыр сөз кылып жаткан китепте («Кыдыр санжырасында») опол тоодой мыкты идеялар бар. Бул китеп кыргыз коомундагы алдыга умтулган жаңы көз карашты кармап турат. Мындан улам мен чыгармачыл адам катары З.Сапановго ырахмат деп айткандан башка эч нерсе айта албайм. Албетте, менин көз карашыма төп келбеген жерлери да бар, бирок негизги идея абдан мыкты, азамат экен бул жигит. Мен Зулпукаардай эркин ой жүгүрткөн, батыл сөздөрду айткан жаштар көп болсо деп Кудайдан тилеймин. Ал Кыргыздын жөн эл эмес, улуу журт, байыркы калк, түптүү эл экендигин даңазалап жатат.

Мындай эр-азаматтарды алакан менен жаакка чаппастан, колдон келсе, алаканга салып көтөрүп, аларды андан ары иштегенине шарт түзүп беришибиз керек.

Булак: “Полит-клиника” гезити

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены