“Бадахшандын энциклопедиясы”

“Бадахшандын энциклопедиясы”

“Бадахшандын энциклопедиясынын” (“Энсиклопедияи Бадахшон”) биринчи китеби жарыкка чыкты. Бул энциклопедиянын чыгуусун өлкөнүн белгилүү инсаны, саясий-коомдук ишмер, академик Мамадшо Илолов жетектеген. Редакциялык курамына районубуздун төрагасы М. А. Жоошбаев кирип, архивдик материалдарды атайын комиссия чогулткан.

 

Анда Тоолуу Бадахшандын белгилүү жер-суулары, белгилүү инсандары: окумуштуу-илимпоздор, саяий-коомдук ишмерлери, облус, райондун белдүү жетекчилери, ж.б. баалуулуктары камтылган. Бадахшандын көп жылдык тарыхын камтыган алгачкы бул жыйнакка Мургаб районунун да жер-суулары, эл башкарган райондун жетекчилери: К. Артыков, С. Конокбаев, О. Исманов, Г. Бердибаев, А. Атабаев, С. Абдырахманова, И. Шаджанов, М. Тойчиев, М. Жоошбаевдер, эл чыгаандары: А. Акжолбеков, Т. Шайымкулов, С. Ниязбеков, М. Тажалиев, Д. Асадбеков, Т. Колчокбаев, М. Жумабаев, А. Амираканов ж.б. белгилүү инсандар кирген. Бул дагы элибиздин тарыхынын өчпөс изи болуп кала берет.

 

R.S. Урматтуу окурмандар, Сиздердин эсиңиздерге сала кетебиз; биздин Мургаб районубуздун белгилүү чыгаан уул-кыздары тууралуу материалдарды чогултуу иши улантылууда. Материалдар“Сары кол” гезитинин дарегинде жиберилүүдө.

Сурап билүү телефону: (+992) 900 58 57 67.

Агай (Ниязбеков Г. С.)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены