Аталар күткөн азаттык

Аталар күткөн азаттык

Ар түрдүү тарыхый кырдаалдарга байланыштуу жер кезип, ааламга чачыраган кыргыздар бүгүнкү күндө Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Ооганстан, Түркияда жана башка жерде жашап жатышат. Кыргыздын ак калпагын башынан түшүрбөй, ар-намысын колдон бербей келаткан чыгаан инсандарыбыз арбын.

 

Мен Түркияга 2010-жылы Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнү үчүн өткөрүлгөн салтанатка иш сапар менен барып калдым. Менин көңүлүмдү бөлгөн ошол жердеги ачылган сүрөт көргөзмөсү болду. Бул бир канча жолу сүрөт көргөзмөсүн ачкан сүрөтчү Тажигүл Күнтүз эженин сүрөттөрү экен.

 

Түркиядагы жергиликтүү жашаган кыргыздар «карагер аттын кашкасы, боз жорго аттын тамгасындай» айырмаланып турушат. Мен сүрөт көргөзмөсүндө ойлуу турган, Түркияда туулуп-өскөн Тажигүл эженин жанына барып, сөз баштадым:

 

Atalar azattyk 2 Atalar azattyk 3
Түркиялык кыргыз сүрөтчү Тажигүл Күнтүз Тажигүл Күнтүздүн сурөтү

 

- Саламатсызбы, Тажигүл эже?

- Амансыңбы, Акылбек иним, эки жыл болду сени көрбөгөнүмө, кат-кабарың жок, же Кыргызстанга барганы бизди унутуп калдыңбы?

- Жок, жок, кантип, унутуп калайын … Эмнеге ойлонуп калдыңыз?

- Балалык кезим эске түштү. Мен жети жашымда 1-класста окусам керек, бир күнү сабакка бара жатсам, менден эки-үч жаш улуу кыздар мени токтотуп алышып:

- Сен кимсиң, эмне үчүн сенин көздөрүң биздикине окшобойт, жүлжүк? – дешти.

- Билмиорум (билбейм), - дедим.

- Эмнеге мурдуң бучук? – деп дагы шылдыңдаша сурашты. Мен дагы «билмиорум» деп жооп берсем, мазактап күлүп, кетип калышты. Ызаландым, көзүмдүн жашы он талаа болуп боздоп үйгө, атама бардым.

- Ата, эмнеге мен башкачамын, эмнеге мени кыздар өгөйлөйт, эмнеге кыздардыкындай көзүм бакыракай эмес? – деп ыйладым. Атамдын сай-сөөгү сыздап:

- Кызым, сен өзгөчөлүгүң менен сыймыктанышың керек! Ыйлаба, сенин улутуң КЫРГЫЗ! Кыргыз деген улуу элибиз, бейиштей болгон жерибиз бар, - деди.

- Анда эмнеге биз ал жерде жашабайбыз? – деп кайра ыйладым. Каңыргы түтөгөн атам:

- Кызым, сенин келечегиң үчүн ушинтип жер кезип жүрөбүз, - деди.

- Ата, кыргыздын кыздары мага окшойбу?-дедим.

- Ооба, кызым.

- Анда Кыргызстанга кетеличи, өзүмө окшогон кыргыз кыздар менен окуп, ошолор менен ойноюнчу, - дедим. Атамдын көзүнөн жаш кылгырып:

- Ооба, кызым, кудай буйруса жакында барабыз, сенин бактылуу күндөрүң бейиштей кыргыз жеринде өтөт, - деди.

- Бүгүн эле кетеличи, ата? – деп өңгүрөп ыйладым.

- Азыр ал жерде бизге коркунуч бар. Совет бийлиги бизди бай-манап деп куугунтукка алган, азыр барсак Сибирге айдап кууратат. Кызым, аз калды, чыдай тур. Уктасам түшүмдөн кетпейт, туулуп-өскөн Өзгөн жерим, Кара-Шоро жайлоом, - деди.

- Ата, сиз кайдан билесиз кетишибиздин аз калганына?

- Оо кызым, сыртта жүргөн кыргыздар күнүгө беш убак намазда жараткандан Кыргызстандын азаттыгын, эгемендүүлүгүн сурайбыз, кудайымдын көзү түз кыргызыма. Биздин тилек, энелердин көз жашы, аталардын баталары жетет Улуу Теңириме - деди. Жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, ошол күндөн тарта кыздардан өзгөчө экениме сыймыктана, мен кыргызмын, менин элим-жерим бар! Жакында кетем деп кыялдана баштадым.

 

Ай артынан ай, жыл атынан жыл кууп өтө берди. «Эли-жеримди көрсөм» деген кыял менен кызарып күн баткандан, агарып таң атканга дейре көз ирмебей ойго батчумун.

 

Ошентип, убакыт учкан куштай зымырап өтө берди. Он алты, он жети жаш курагым, бир күнү «Советтик өлкөлөрдөн делегация келиптир, бир кыргыз киши бар экен» деген сөз кулагыма чалынды. Жер айланып, дүйнө дүңгүрөп кеткенсиди, бутум-бутума тийбей чуркап бардым, көргөн көзүмө ишене албадым, ал киши да жанындагылардан өзгөчөлөнүп мага окшоп турат. Атамдын «Кызым, сен кыргызсың, бул үчүн ыйлабай сыймыктануу керек» деген сөзү кулагыма жаңырды.

 

Мен сүйлөсөм, ал түшүнбөй, ал сүйлөсө мен түшүнбөй турдук. «Ата» деп кыйкырып кучактагым келди. Бирок, ал кыргыз киши мени түшүнбөй орустарды ээрчип, мага көңүл бурбай басып кетти. Көзүмдөн аккан жашты сен сураба, мен айтпайын канча күн ыйлаганымды билбейм. Ошентип менин бала кездеги «кыргыз кыздар менен ойнойм, мектепке чогуу барам…» деген кыялым таш капты. «Кыргыз тилин билиш керек экен» - деп ошол күндөн баштап аракет кыла баштадым.

 

Убакыт учкан куштай өтүп, Стамбулдагы жогорку окуу жайын аяктадым. Бир күнү үналгыдан «Советтик держава кулады, Кыргызстан эгемендүү өлкө болду» деген кабарды уктум. Кубанычтан көзүмдөн жашым чууруп, өңгүрөп ыйладым. – Ата, атаке, сен күткөн күн келди! Бирок сен бул күндү көрбөй калдың, атаке! – дедим өзүмчө. Эртең эле Кыргызстандан учак келип, «Кыргыздар, жүргүлө КЫРГЫЗСТАНГА, үйүңөргө барып жашагыла» дечүдөй сезим келди. Өзүмчө эле кудуңдап, даядана баштадым. Кубанычым койнума батпайт. Атамдын намаздагы тилеги, энемдин көз жашы кудайга жетсе керек деп ойлодум. Убакыт зымырап өтө берди. Кыргызстандан кабар жок. Бир күнү Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев атайын иш сапары менен Түркияга келет деп уктук. Түнү уктабай даярданып, таң эрте аэропортко бардым.

 

Түркиянын булуң-бурчунан келген кыргыздар баштарына ак калпагын, улуттук кийимин кийип, чогулуп бир жерде турдук. Ооганстандан көчүп келген бир аксакал колуна комузун көтөрө келиптир. Биздин бул күндөгү жан дүйнөбүздүн бактылуулугуна чек жок эле. Тунгуч президент биздин ал-жайыбызды сурап, ушул эле учак менен кайра бизди Кыргызстанга алып кетчүдөй чоң үмүт менен төрт-беш саат какайып күтүп турдук.

 

Аскар Акаев учактан түшүп, басып баратып эки жакка баш ийкеп, өтүп кетти. Эмнеге бизге «Кандайсыңар, кыргыздарым?» -деп койбойт деп, ызаланып ыйлаганым… эки күн өпкөмдү баса албайм, эстеген сайын ыйлайм. Андан бери он тогуз жыл өттү. Бизди сураган деле киши болгон жок, Акылбек иним, - деп сөзүн аяктады ызаланып.

 

- Тажигүл эже, эмне үчүн сиз тарткан сүрөттөрдө кыргыз кыздарынын элеси көп чагылдырылган? – деп сөздү башка нукка бөлдүм.

 

- Байкасаң мен бир гана кыргыз кыздарынын сүрөттөрүн тартам, башка улуттун аялзаты тартылган жок. Биринчиден, аялзаты улуттун күзгүсү, экинчиден, улуттун тагдыры аялзатынын жүзүндө көрүнүп турат. Мен тарткан кыргыз кыз-келиндеринин баары бактылуу, жүзүндө күлкү, таалайлуу жашаганы билинип турат. Бул менин кыялым. Кыргыз мамлекетинин бай, башка өлкөлөр менен тең ата болушун каалаганым, кыргыз кыздары улуттук каада-салтты сактап, кыргыз улутунун жүзү болгон улуттук кийимдерди жоготпой кийишсе, көздөрүнөн кайгынын көз жашы акпаса деген тилегим, - деп сөзүн жыйынтыктай баштады.

 

Аңгыча Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин он тогуз жылдыгына арналган салтанаттуу аземдин ачылышы башталды. Жыйынга Түркиянын булуң-бурчунан келген кыргыздар чогулган. Стамбулдун так ортосунда 1453-жылы 23 жаш кезинде Фатих Султан Мехмет басып алган чептин жанында кыргыздын түндүгүнүн символу болгон желегибиз желбиреп турду. Кыргыз мамлекетинин гимни ырдала баштады, оң колубузду жүрөгүбүзгө коюп, жалпыбыз ордубуздан турдук. Тажигүл эженин көзүнө жаш тегеренип, сыймыктын да, ызанын да жашы агып жатты. Менин дагы жан дүйнөм чарк айланып, аталар жетпеген «Эгемен мамлекетте» жашап жатканыма он тогуз жыл болгонуна сыймыктана толкунданып турдум. Ошол эле мезгилде биздин эгемендүүлүгүбүз үчүн 1916-жылы 180 миң кыргыз кырылып, сөөгү көмүлбөй калганын, дүйнө кезип Ооган, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Тибет, Гималай, Өзбекстан, Казакстан жана башка жакта жашаган бүткүл кыргыз туугандардын өксүгүн эстеп ызаланып турдум.

 

Мына эми арадан алты жыл өтүп, Тажигүл эже сыяктуу кыргыз деп күйгөн инсандарыбыздын үнү угулбай, улуу муун өтсө, кийинки муун бөтөн элге сиңип жок болуп кетүү коркунучу туулуп турат. Үзүлгөндү улап, тозуганды бириктирээр күн келээр бекен!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены