"Ат чабыш" тасмасы Францияда көрсөтүлдү (видео)

"Ат чабыш" тасмасы Францияда көрсөтүлдү  (видео)

Франциядагы жылкы жарманкесинде Тажикстандын Мургаб жергесиндеги «Ат-Чабыш» фестивалы тууралуу ушул эле аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлдү. Авиньон шаарындагы төрт күндүк Жылкы-Жан фестивалында тасманы тарткан режиссер Филип Прюдаң "Азаттыктын" бир катар суроолоруна жооп берди.

 

Франциялык режиссер алды менен мургабдык кыргыздардын ат чабыш жарманкеси тууралуу даректүү тасма тартуу идеясы кайдан келгенин мындайча баяндады:

 

- Фильмди тартуу идеясы мургабдык кыргыздардын өздөрүнөн болду. Тасманы Франциядагы Имаж-Имаж (www.imageimages.fr) деп аталган биздин кино компания Экидия телеканалы менен бирге каржылады. Имаж-Имаж этнографиялык даректүү тасмаларды тартууга адистешет. Бизди бай маданий мурасын сактап калган элеттиктер кызыктырат. Мисалы, Тажикстандан кийин мен Борбордук Африкадагы пигмейлерди тартып келдим. Кыргызстанга биринчи жолу 2004-2005-жылдары баргам. Ага чейин Тажикстанда болгом. Ошондо Мургабда кыргыздар жашаарын билгем.

 

"Ат чабыш" Францияда көрсөтүлө баштады


 

 

"Азаттык": «Ат-Чабыш» тасмасын тартууда кандай кыйынчылыктар болду?

 

- Биринчиден, ал жакка жетиш кыйын, жолу узак жана татаал. Экинчиден, албетте, бийик тоодон кыйналдык. Мургабда орточо бийиктик 4000 миң метр эмеспи. Тасманы тартып бүтүп алалы деп күчүбүздү аяп аттык. Дагы бир кыйынчылык Батыш менен Чыгыштын ортосундагы маданий айырмачылыкка байланыштуу болду.

 

"Азаттык": Бийик тоодон кандайча кыйналдыңар?

 

At festiv 2- Биринчиден, бийик тоодо дем кыстыгат. Түтөк болуп, жатып калсак, бизди эвакуациялоого туура келсе, кинону тартып бүтпөй калабыз деп корктук. Мен буга чейин башка аймактарда бийик тоолордо кино тарткам, ошондуктан күчүмдү кандай сарамжалдашты билем. Бирок биздин оператор бийик тоого биринчи жолу келген, мен ошондон чочуладым. Көнбөгөн киши мынча бийикте ооруп, өлүп калышы да ажеп эмес.

 

"Азаттык": Батыш-Чыгыш ажырымы тууралуу айттыңар, ал айырмачылык эмнеден байкалды?

 

- Биринчиден, ал жактарда советтик доордон калган орустардын таасири дагы деле бар - колунда видео камера кармап жүргөн кишиден чочулашат. Жөнөкөй адамдар арасында да, бийликтерде да чочулаган мамиле сезилди. Бирок мен Ат-Чабыш жарманкесин тартканы келдим десем, туура түшүнүшүп, аралашып кеттим, бийликтердин мамилеси да жакшы жагына өзгөрдү.

 

"Азаттык": Мургабдык кыргыздардын келечеги тууралуу кандай ойдо калдыңар?

 

- Кайсы өлкөдө болбосун, улуттук азчылык өз маданиятын сактай билсе, өз ордун табат. Кыргыздардын маданияты жылкыга байланышкан. Алар бул маданиятты баалап, кайра жандандыра башташты. Мургабчылар туура жолдо баратышат деп ойлойм. Эгер жылкы фестивалы аркылуу бул аймакта туристтердин саны өссө, тажик бийликтери да кыргыздарга мамилесин өзгөртө баштайт. Ошол аркылуу бул аймакта басмайылын дагы бекемдеп алышат. Кыргыздарга жылкы көңүл ачуу үчүн керек эмес, жылкы күнүмдүк турмуш зарылчылыгы болуп саналат. Эгер мындай маанилүү элементти элдин турмушунан алып салса, алардын маданияты да өлөт.

 

"Азаттык": «Ат-Чабыш» тасмасын кайда көрсөтөсүңөр?

 

- Тасманы албетте, аны каржылашкан Экидия ТВден берилет. Ошондой эле эл аралык фильм фестивалдарда көрсөтөлү деп жатабыз. Аны көп өлкөлөрдө көрө алышат деп үмүттөнөм. Мындан тышкары фестивалдын уюштуруучусу, Бишкектеги "Кыргыз аты" коомдук корунун жетекчиси Жаклин Рипарга тасманын көчүрмөсүн жана көрсөтүү укугун бергенбиз, ал тасманы мургабчыларга алып барып көрсөткөнү жатат.


Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены