Ат-Башынын Чар кыштоосундагы памирлик үй-бүлө Терек-Сууга көчүрүлдү (сүрөт)

Ат-Башынын Чар кыштоосундагы памирлик үй-бүлө Терек-Сууга көчүрүлдү (сүрөт)

Чар кыштоосуна бара турган жолдун жабылып калып жаткандыгына байланыштуу ал жердеги памирлик үй-бүлө айылга көчүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

 

Маалым болгондой, 13-октябрда Ат-Башынын Чар кыштоосуна Памирден бир үй-бүлө келген. Ошондон бери, тактап айтканда 2,5 айдан бери алар мал багып, айлык алып, балдары айылга барып окуп жатышкан. Бирок учурда кардын калың болгондугуна байланыштуу жолдор жабылып, айылга каттоого оорчулуктар пайда болгондуктан бул үй-бүлө Терек-Суу айылына көчүрүлдү. Ал жактан демөөрчүлөр жана айыл тургундары байма-бай жардам беришүүдө.

 

«Буга чейин бизге памирлик 2 үй-бүлө келип кеткен. Абылкадыр Касымов аттуу жараныбыз аларга колдоо көрсөтүп турган. Алар 9 ай жашады. Алардын Памирде малдары бар экен. Жакын туугандарын кыйбай, балдарын окутуп алып кайра кетишкен. Бул жолу Памирден 4 баласы менен Абибиллан, Карима көчүп келишти. Алар кетпейбиз, ушул жерде калабыз деп келген. Чарда турушту. Кышта жол жабылып калып жатты. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери барып жолду ачыш үчүн 10 000 сомдун майы керектелет экен. Ошол шарттарды карадык. Мамлекет дагы алардын эл арасында болушун талап кылып жатат. Ошол себептерден улам ал үй-бүлөнү 31-декабрда Терек-Суу деген айылга көчүрүп келгенбиз. Ал жерден дин жолунда жүргөн адамдар жардам берип жатышат. Ал айылда мечит бар, барып намаз окуп жатышат. Аларга баш-көз болгон киши “малга кирди-чыкты жардам берсе берсин, бербесе деле соопчулук үчүн айына 5000 сом айлык берип турайын. Майда-чүйдө керегине жаратып алсын, колдон келген жардамымды берейин. Жер тилкем бар, ошол жакка үй салып алсын, мал энчилеп жардам берейин” деп шарттарын айткан. Ошол кишинин үйүнө жайгаштырганбыз. Эми бул үй-бүлө эл ичинде болуп, балдары мектепке, бала бакчага бара башташат. Ошентип жакшы шарттар түзүлүп калды. Баш-көз болуп жаткан киши дароо 15 000 сом акча берип, 1 козусун союп берди. Ошол эле айылдын тургундары өз каалоолору менен жардам беришүүдө», - деди ал.

 

at-bashynyn-char-kyshtoosundagy-pamirlik 2 at-bashynyn-char-kyshtoosundagy-pamirlik 3
at-bashynyn-char-kyshtoosundagy-pamirlik 4 at-bashynyn-char-kyshtoosundagy-pamirlik 5

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены