Апийим үчүн кызын карызга сатуу

Апийим үчүн кызын карызга сатуу

Алыстан кишилер келди. Эркектер аларды тосо чыгып, аттарын алышты. Бирок көптүн кабагы салыңкы. Тээ ылдыйдагы өрөөндөн ашуу ашып, узак жол жүрүп келген тили буруу соодагерлер дароо эле Рахманкул хандын ак өргөөсүнө жөнөштү. Алар хандан айылдагы Акмаматтын апийим үчүн карызын доолашмакчы, эл ичинде Акмамат карыздын ордуна кызын берет экен деген кеп таркаган.

 

Ал эми жупуну боз үйдөгү тыкан жыйылган жүктүн алдында кызыл келекчен кыз ыйлап отурат. Чыканактай болгон кара тору кыз «күйөөгө берсеңер сууга чөгүп өлөм» деп көз жашын көлдөтөт.

 

 

Тарыхта болгон бул окуяга этнограф Профессор Назиф Шахранинин «Жоголуп бараткан дүйнө» сериясындагы даректүү тасмасынан күбө болобуз. Ысмы бизге белгисиз бул кыздын атасы Акмамат бир кезде бай болгон:

 

Угуу


 

Акмамат доогерлерге алгач малын берди, анан улуу кызын берди. Ал кызы өрөөндөгү ысыкка чыдабадыбы бейм, айтор өлдү деген суук кабар келди. Азыр көпчүлүктүн катарында Рахманкул хандын малын багып, күн көрөт. Эми минтип көкүрөк күчүгүн балакатка жете элегинде карызы күйөөгө берүүгө мажбур болуп, күл чукуп отурат.

 

Opiimge satuu (1) Opiimge satuu

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены