Алыскы Памир кыргыздарынан Салам кат !

Алыскы Памир кыргыздарынан Салам кат !

Саламатсыңбы кымбаттуу, урматтуу жумурай кыргыз журтчулугунун мекени, ал эми биздин тарыхый мекенибиз болгон Кыргызстан!

 

Сенден сырткары бөтөн эл, бөтөн жерде туулуп өсүп, жашап жүргөн, улуту кыргыз улан кыздарын сага тынчсыздануу менен салам жолдойт! Сенин ички жана тышкы саясатына саресеп салып, эгемен жашооно акыл калчап,ой жүгүртүп, жүрөк түпкүрүнөн зыркырап, акыры, ушул заманбап интернет аркылуу, кыска акыл,таза кыял менен, арман коштогон саламыбызды жөнөтүүнү туура көрдүк!

 

Тарых барактарына көз жүгүртүп, ойлоп көрсөк, илгерки көчмөн турмушубузда ата-бабаларыбыздын айтып кеткен сөздөрүн эске алсак, " кыргыз калкы тоолор менен киндиктеш калк, мал жандуу Salam kft (2)келишет" деген керезини улай, Сары кол өрөөнү дал ошол кыргыз журтуна ынгайлашкан. Жердин туу чокусу деп аталышы да, жөн жерден айтылбаган чыгаар. Жаратылышы да жалан мал-жан, жан-жаныбарларга шарты ынгайлашкан. Андан ары улай тартсак, Чоң Алай, Талдык, Ош, Фергана өрөөндөрүн аралап өтүп, Төө Ашуу, Ала бел, Бишкек, Алатоо, Нарын,Талас жана башка ушул сыяктуу жер тамырыбыз да бир. Ошол себептен, биздин таянар тоо, ыктаган жер, самаган мекен Кыргызстан сенсин!

 

Сенин ички абалыңды, көйгөйлүү жашооңду, аянычтуу ар кыл кабарларыңды угуп отуруп, ээн талаа, эрме чөлдө, тоо түптоп, жылга карай өрдөп, дүйнөдөн бейкапар, мал кайтарып жүргөн уулдарыңдын жан дүйнөсүн аралап, жүрөгүн зыркыратып өттү! Жараткан Алладан тиледи! Оо Кудай! Эгемен Кыргызстанымдын эгемендүүлүгүн жогото көрбө деп! Кыргыз элиме ыйман бер, пейилин оңдоо! Ар ким өз алкымынын напсисин ойлобосун! Мекен бул ыйык! Ак калпагын булгалап, көз караңдысыздыкты алып келди эле, ошол мээнетерини текке кетире көрбө! Бизге окшоп кыргыз уулу алыста жүрсө да эгемендүү өлкөсү бар экенине сыймыктансын!

 

Бизге кыргыз деген улут керек! Кыргызстан деген мамлекет керек! Сенин демиң менен, сенин эгемен абройун менен жашап келебиз! Бизди сурай турган, жоктоп келе турган элибиз, мамлекетибиз бар деп, Salam kftсен кайгырсан кошо кайгырып, сен ыйласан кошо ыйлап сен кыйналсаң кошо кыйналып келебиз!

 

Алыкулдун ыры Сарыколдо да жаңырып келет,

Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт!
Бар бол! Кыргызстаным!
Бар бол! Кыргыз элим!
Сени менен биз элбиз!
Сени менен биз журтпуз!

 

 

 

 

 

-

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены