Аличордогу ата-бала

Аличордогу ата-бала

Дүйнөдөгү эң бийик жердин бири Памирдин чордонун кыргыздар байыртадан жердеп келишет.

 

Тажикстанга карап калган Мургап кыргыз району Ош-Хорог жолу аркылуу гана сырткы дүйнөгө чыгат. Мургаптагы алигиче электр жарыгы да жете элек Аличор айылында турмуш шарты катаал болгон менен, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган, каада-салтты кадырлаган элдин уюткусу сакталуу бойдон.

 

Жаңыл Жусупжандын кыска тасмасында аличордук мугалим Замир жана атасы Токур менен таанышабыз.

 

Замир Назармамбетов Памирдин чордонундагы Аличордо жашайт. Атасы Токур бүт Мургаптын эң улуу аксакалы. Ош-Хорог кан жолунда турган менен, экс-советтик мейкиндиктеги эң бийик айылдардын биринде алигиче электр жарыгы жок, турмуш ыргагы кадим замандардан дээрлик өзгөрбөгөндөй туюлат.

 

 

 

 

JanylАвтор:Жаңыл Жусупжан

"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист,

эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены