Алгачкы менталдык арифметика борбору

Алгачкы менталдык арифметика борбору

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Көөнө-Коргон айылындагы №5 С.Конокбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мекемесинде өзгөчө жаңылык болду.

 

Тактап айтканда, аталган мекеменин математика мугалими Эркинбаев Абдыкадыр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана “Нури Мургоб” (“Мургаб нурлары”) коомдук уюмунун жолдомосу менен июнь айында кыргыз керемети Ыссык-Көлдө «Шенмо» менталдык арифметика боюнча эл аралык семинар-тренинг» аттуу семинарга катышып, окуучуларды менталдык арифметикага үйрөтүү ыкмаларын үйрөнүп келди.

 

Аталган семинарды КНР каржылап, бардык окуу көрсөтмө куралдар, мыкты окуган окуучулар үчүн медалдар жана түрдүү кызыктыруучу белектер менен камсыз кылган.

 

Ушул окуу жана көргөзмө куралдар айылга келери менен мектепте менталдык арифметиканы окутуу боюнча ачылыш болуп, ага Г.Бердибаев жамаатынын төрагасы Аильчиев жана мектеп администрациясы, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты. Өздөрүнүн аруу тилектерин айтышып, ушул предметти жакшы өздөштүргөн 3-класстын окуучусу Ташбаева Рахилага жамааттын төрагасы төшүнө медал такты. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, менталдык арифметика борбору ТБАОдо биринчилерден болуп, №5 С.Конокбаев мекемесинде ачылып, учурда башталгыч класстардын окуучуларына математика мугалими Эркинбаев Абдыкадыр агай сабак берүүдө.

 

Учурдан пайдаланып, Эркинбаев Абдыкадыр агайга жалпы педагогикалык жамаат чоң ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалайбыз. Бул агайдын буга чейин дагы окуткан окуучулары райондук, областтык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болушкан. Эч качан арыбаңыз ардактуу агай!

 

Матекова Анар, №5 С.Конокбаев атындагы жалпы билим

берүүчү орто мекемесинин орус тили мугалими

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Комментарий

AlibabaMyMovies

Вторник, 05 Июня 2018 20:13

Благодарствую!
Буга чейин мектепте иштеп келе жаткан ар кандай ийримдер бар болгону менен менталдык арифметика ийриминин иштегени 3 ай гана болду. Ийримди ачуу ?ч?н контрактын негизинде “Академия роста” мектебинен менталдык арифметика боюнча атайын окуудан 2 мугалим окуп келип, учурда иштеп жатабыз - дейт Гулнур Солтобаева.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены