Алайдын Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жашоочулары митингге чыгышты

Алайдын Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жашоочулары митингге чыгышты

Бүгүн, 16-июлда, Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жашоочулары жергиликтүү жана борборук бийликке нааразычылыгын билдирип митингге чыгышты. Ага чогулгандар пенсия курагындары жарандар. Анткени алардын жашы пенсия курагынан он жыл өтсө дагы мамлекет тарабынан пенсия албай келишет.

 

Жергиликтүү жашоочу Кочконбай Ниязовдун айтымында, "Сары-Могол айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын үлүш жерлери мамлекет тарабынан документтештирилген эмес. Ошол себептен пенсия курагына келген жарандарга үлүш жердин жоктугунан улам пенсия төлөнбөй келет", - дейт.

 

 

Айыл жашоочуларыын айтымында, Сары-Могол айыл өкмөтү 2005-жылга чейин Тажикстандын Мургап районуна караштуу болгон. Ал эми, 2005-жылдан кийин КРнын аймагына өткөн. Бирок, алар ээлик кылган үлүш жерлерине бүгүнкү күнгө чейин документ берилбей келет.

 

Айыл тургуну Пазыл Айбашев билдиргендей, Сары-Моголдо учурда 300 ашуун жаран пенсия албай жатышат. Арасында баатыр энелер да бар. Мыйзам боюнча, Сары-Могол айыл өкмөтү тоолуу аймак катары эспетелгенден, аялдар 45-жаштан ал эми эркектер 55-жаштан пенсияга чыгышы керек.

 

Айыл жашоочулары жергиликтүү жана борбордук бийликке 10-жыл бою аталган көйгөйдү чечип берүүсүн суранып кайрылып келишкен. Бирок, жыйынтык чыккан эмес. Айыл эли аргасы кеткендиктен улам, жол тосууга айла жок барышаарын билдиришти.

 

Alai Sary Mogol miting

 

 

 

Сүрөттөр turmush.kg сайтынан алынды

 

Sary Mogol miting 1 Sary Mogol miting 2
Sary Mogol miting 3 Sary Mogol miting 4

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены