Акматали Кенжебаев чет жердеги боордошторго сапар алды

Акматали Кенжебаев чет жердеги боордошторго сапар алды

Кандай айткан күндө да мамлекетибиз этникалык кыргыздарга камкордук көрүү, аларды Ата Мекенине көчүрүп келүү жагынан жакынкы казак боордошторго жетпешибиз талашсыз. Казак өлкө башчысы Нуракенин демилгеси менен чет жерде жашашкан этникалык казактарды “Оралман” деп аташып, Ата Мекенине көчүрүлүп, келип жайгашуусуна кенен шарт түзүлүп берилген. Аларды туураган кыргыз бийлиги этникалык кыргыздарды “Кайрылман” деп атоого чамынганын кулагыбыз чалганы бар. Тилекке каршы ал аракеттен ушул күнгө чейин эч бир майнап чыкпай келет.

 

Бул тармакта бийлик билермандарына караганда айрым бир жеке адамдардын этникалык кыргыздарга камкордук көрүү боюнча кээ бир аракеттери колго аларлык. Мындай аракеттердин катарына сырт жактагы кыргыздардын маданиятын, үрп-адат, каада-салтын изилдеп, аракеттенип келе жаткан теги Чоң-Алайдан Акматали Кенжебаевди кошсо болот. Акматали мырза буга чейин үч ирет Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусуна барып, бир топ изилдөө иштерин жүргүзүп, ММКларга макалалары жарык көрүп келет. Учурда дагы бир ирет кытайлык кыргыздарга баруу максатында аттанып турат. Андан соң Туркиядагы Ван кыргыздары Рахманкул хандын урпактарына, Ооган жергесиндеги Памирлик кыргыздарга сапар алмакчы.

 

Күйгөндөн айтам алым сабак дегендей, Акматали мырзанын сайтыбызга берген маалыматына караганда Кытайдагы кыргыздардын жашоосу жакшы. Алар Кыргыз өкмөтүнүн жардамына муктаж эмес. Ошентсе да маданий карым-катнаштын ар убак тыгыз болушуна тилектеш.

 

“Кыргызтудэй”

11.09.2013

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены