“Ак Суу” ГЭСинин курулуш иштери

“Ак Суу” ГЭСинин курулуш иштери

«Дин иштери, каада-салт жана улуттук салтанаттарды жөнгө салуу» боюнча тегерек үстөлүнөн кийин “Ак суу” ГЭС- инин жетекчиси Саидмамадов Асад учурда жүрүп жаткан ГЭС курулушу боюнча толук маалымат берди.

 

Баарына белгилүү болгондой ГЭС курулушу эки жылга белгиленген. Бул курулуш Тажикстан Өкмөтү, Германия жана «Памирэнержи» фирмасы тарабынан колдоого алынган.

 

Ага 8.6млн евро каржы бөлүнгөн. Жалпы курулушка Шугнан районунун «Бунёд», Россиянын «Гидро- тех», Санкт-Петербургдун долбоорлоо фирмасы, Душанбе шаарынын «Умед», Хорог шаарынын «ТАИС» фирмалары тартылган. Бетон даярдоо боюнча Кытай мамлекетинин адистери жардам берүүдө. Бул долбоор өз ичине “энер- гетиктердин кыштакчасын”куруудан тартып, ГЭСтин жалпы курулуш иштерин камтыйт. Өткөн жылы курулушчулар үчүн энергетиктердин лагери толук курулуп бүтүп, ишке берилген. Бул жайда жумушчулар үчүн жатакана, ашкана, мончо ж.б. курулуп, шарттар толук түзүлгөн.

 

ak-suu-gesinin-kurulush-ishteri 2

 

Азыркы күндө районубуздагы ГЭС курулушу зарыл болгон курулуш материалдары, керектүү техникалар менен камсыздалып, эки сменада толук кандуу иштеп жатат. Анда жалпы 65 жумушчу иштеп, анын ичинен 28 жумушчу жергиликтүү тургандар. Эми негизги суу сактагычты, канал куруу, бетон куюу иштери башталганда үч тайпада иштей баштайбыз жана дагы 50-60 жумушчу кабыл алабыз. Жакынкы күндөрдө электр линияларын карап чыгуу менен атайын счетчиктерди орнотуу иштери башталат. Алгачкы электр энергиясын ушул жылдын ноябрь айында Мургаб жана Көөнө коргон айылдарына беребиз, аталган айылдар электр жарыгы менен камсыз болот" -деп билдирди ал өз сөзүндө.

 

ak-suu-gesinin-kurulush-ishteri 3 ak-suu-gesinin-kurulush-ishteri 4

 

Сөзүнүн акырында калктын жана мекеме-уюмдардын буга чейинки электрэнергиясы боюнча ГЭСке карыздарын (жалпы 47000 сомони) тездетип төгүүнү, бул маселени жалпы Мургаб жана Көөнө коргон айылдарынын жашоочуларына жеткирүүнү сурануу менен, ГЭСте болуп жаткан курулуш иштерин көрүп кетүүгө чакырды.

 

Өз кезегинде жогоруда аталган иш чаранын катышуучулары бул сайран-тамашага барышып, андагы “кайнаган” ГЭСтин курулуш иштерин көрүп, кызыккан суроолоруна жоопторун алышып, ыраазы болуп кайтышты.

 

Агай

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены