Адам эмгек менен өз ордун табат

Адам эмгек менен өз ордун табат

21.10.2017-ж. Бул күнү райондук Өкмөттүн чоң залында Мургаб райондук мамлекеттик бийлигинин жергиликтүү аткаруу органынын төрагасынын атайын чечими менен Мургаб районунун ардактуу эмгек ардагери Колчокбаев Тешебай акебиздин 71 жылдык кутман курагынын юбилейи өткөрүлдү.

 

Эли-жерине ак эмгеги менен таанылып, калк кадырлаган эмгек ардагери Колчокбаев Тешебай акебиздин юбилейине өзү менен бирге иштешкен үзөңгүлөш кесиптештер, бирге жүргөн курдаш достору, мекеме-уюмдардын жетекчилери, тууган-уруктары жана таалим алган шакирттери келишти.

 

Мургаб райондук мамлекеттик бийлигинин жергиликтүү аткаруу органынын төрагасы, Оли Маджилисинин мүчөсү Жоошбаев Мурзабай Абилакимович куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондун кадырман ардагери Колчокбаев Тешебай акебиздин өмүр таржымалына, эмгек жолундагы район үчүн, эли-жерибиз үчүн талыкпай аткарып келген бараандуу эмгегине кеңири ток- толду. Андан ары Тешебай Колчокбаевдин жеке адамдык сапаттарына, өзгөчө жаштарга, өсүп келаткан жаш муундарга үлгү болорлук акыл-насааттары менен айкалышкан иш-аракеттерине басым жасады. Ардагердин Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, улуу урматтуу Президентибиз менен жолугушууларындагы койгон маанилүү көйгөйлүү маселелер, дегеле калк үчүн кайсы гана маселелер болбосун орду жана жатыгы менен коюп, айтып келаткан калыстык, аксакалдык баалуу салымдарына токтолду. Сөзүнүн акы- рында райондун төрагасы аксакал ардагерибизди кутман курагын чын ыкластан куттуктап, узак өмүр, чың ден соолук каалоо менен, мындан ары да эл сүйгөн, калк кадырлаган аксакалыбыз болуп жүрө бериңиз, Сиздин нускалуу кеп-кеңешиңиз ар бир өсүп келаткан муун үчүн зарыл жана керек деп баса белгиледи.

 

Андан кийин райондук айыл чарба башкармасынын жетекчиси У. Куттугалиев, областык УСХнын жетекчиси, кесиптештери А. Курбаналиев, эмгек ардагерлери Камчыбеков К. И. Шаджанов, уулу К. Колчокбаев, Г. Ниязбеков, Таштанбеков А. жамаат жетекчилери Н. Исраилов, К. Раимжанов, Б. Сеитбеков, У. Аилчиев, Ж. Кенжекулова ж.б. көптөгөн мекеме-уюмдардын жетекчилери, ажы абалар, тууган-уруктары куттукташып, ардагерге берекелүү өмүр, бакубат жашоо каалашты жана белектерин тапшырышты.

 

Салтанаттын аягында Т, Колчокбаев сөз сүйлөп, ушул иш чараны райондук деңгээлде белгилеп, өткөрүп жаткан областык жана райондук Өкмөттөргө, алардын төрагалары Шодихон Жамшедке жана Мурзабай Жоошбаевке терең ыраазычылыгын билдирүү менен,ушул маарекеге катышып, каалоолорун ыроологон калкына алкышын айтты. Сөз арасында өлкө Президенти менен жолугушуудагы маанилүү учурларга токтолуп, Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, Президентибиз Э. Рахмондун өлкөнүн тынчтыкта гүлдөп өсүүсүнө кошкон эбегейсиз зор салымын баса белгилеп, өлкө башчысына ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Андан соң, элге, журтка аманчылык, тынчылык каалап, эл келечеги үчүн биримдикке, талыкпаган эмгекке чакырды. Жаш кадрларды эл менен бирге болуп, эл-жер үчүн кызмат кылууга үндөдү. Адам коомдо эмгек менен гана өз ордун табат,-деп сөзүн аяктады.

 

Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө 1995-жылдагы Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, улуу урматтуу Президентибиз Эмомали Рахмондун Мургабка болгон иш сапары боюнча видеороликти көрүп, ошол мезгилдеги актуалдуу маселелерди койгон Т. Колчокбаевдин сөзүн, ал суроолорго өлкө Президентинин жоопторун угуп, ал маселелер азыркы күндө кандай ийгиликтер менен аткарылып жаткандыгына салтанаттын катышуучулары күбө болушту жана ыраазы болду.

 

Ылайым, ушундай акылы тунук, элим деп, жерим деп кызмат кылган ардактуу аксакалдарыбыз арбын болсун!

Ал эми юбилейдин ээси, калк аксакалы, ардагер агабыз Тешебай Колчокбаевке кааларыбыз ден соолук, узун өмүр, дөөлөттүү карылык жана түгөнбөс урмат-сый каалайбыз!

 

Гожомберди Н. С.

 

-------------------------------------------------------------------------------------------------

 

adam-emgek-menen-z-ordun-tabat 2Колчокбаев Тешебай Колчокбаев

 

Тешебай (Шамши) 17-июль 1946-жылы Мургаб районунун Ыраң-Көл айылында туулган. Орто мектепти бүткөндөн соң 1964-жылы өз иш жолу Ленин-Жолу колхозуда колхозчу болуп баштаган. 1967-1971-жылдары Тажикстан айыл чарба институтуна тапшырып окмуштуу-зоотехник адистигин алган.

 

1971-1988-жылга чейин айыл чарба тармагында өнүктүрүү иштеринде көрүнүктүү жетекчи катары талыкпай эмгектенген. 1988-жылы июнь айында Мургаб райондук агропромдук бирикмеге жетекчи болуп шайлоо аркылуу дайындалган. 1991-1995-жылдары Мургаб райондук айыл чарба профсоюзунун башчысы болуп эмгектенген. 1975-2015-жылдары райондук эл депутаттарынын депутаты болгон. Талыкпаган эмгеги үчүн комсомол тарабынан көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. ССР жогорку кеңешинин ардак грамоталары менен жана СК Тажикстан компартиясы тарабынан бир нече жолу ардак грамотасы жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

 

Бүгүнкү күнү ардактуу эс алууда. Мамлекеттик өзгөчө маанидеги ардагер. Эки бала, эки кыз жана он небереси бар.

 



Мургаб жамаатынын ардагери Колчокбаев Тешебай быйылкы жылы 71 жашка келип, уул-кыздарынын, неберелеринин бактылуу атасы, алган жарынын дөөлөттүү абышкасы, жаштардын насаатчысы жана эл аксакалы болуп турган чагы.

 

Урматтуу Колчокбаев Тешебай аке! Кутман курагыңыз кут болсун! Ылайым, ден соолукта болуп, уул-кыздарыңыз, алган жарыңыз менен бактылуу өмүр сүрө бериңиз!

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Комментарий

Ташмат

Пятница, 22 Декабря 2017 15:00

Абдан сонун...

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены