2019-2021 жылдары “Айылдарды туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдарына” арналган "Ат-чабыш" фестивалы

Баарыбызга белгилүү 26-декабрь 2018 жыл, Улут ажосу, Улуттук биримдиктин жана тынчтыктын негиздөөчүсү, Тажикстан Республикасынын Президенти улуу урматтуу Эмомали Рахмон Мажилиси Олиге кайрылуусунда 2019-2021 жылдары “Айылдарды туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдары” деп жарыяланып бул багытта бир канча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Президентибиздин саясатынын бири болуп, Тажикстанда туризмди өнүктүрүү болууда. Анткени Европа мамлекеттеринин бирден бир өнүгүүсү бул туризм. Тажикстан мамлекети да туризмди өнүктүрүп, жогорку деңгээлде чет элдик конокторго кызмат көрсөтүү болуп саналат жана туризмден көптөгөн каражат мамлекетке алып келери маалым. Акыркы жылдары Республикабыздын аймактарында экологиялык туризм кеңири өнүгүп чет элдик саякатчыларды өзүнө тартып келет. Мургаб районубуздун да табигый жерлери кандай гана адам болбосун өзүнө тартып, элибиздин мейман достугу андан бетер келген конокторду кубандырат. Сарыкол элинин маданияты каада-салты, үрп-адаты меймандарды таң калтырат. Келген саякатчыларга ар тараптуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп райондо жылдан жылга мейман кана, конок үйлөрү, коомдук тамактануучу жайлары, туристтик фирмалардын саны көбөйүп, алар дагы болгон кызмат көрсөтүүсү жакшырып бара жатат. Жогоруда айтылгандардын баары районубузда туризмди жандандырып өнүктүрүүгө шарттар түзүлүүдө.

 

2019-2021-zhyldary-aiyldardy-turizmdi-zhana-eldik 1 2019-2021-zhyldary-aiyldardy-turizmdi-zhana-eldik 2
2019-2021-zhyldary-aiyldardy-turizmdi-zhana-eldik 3 2019-2021-zhyldary-aiyldardy-turizmdi-zhana-eldik 4

 

13-14-август күндөрү районубуздун кыргыз элинин улуттук ат оюндарын камтыган “Ат чабыш” фестивалы болуп өттү. Бул фестивалдын негизги максаты быйылкы 2019-2021 жылдары “Айылдарды туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдары” жана Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, жаштар арасында ат оюндарын өнүктүрүү, достук-биримдикке чакыруу, өнөрлөргө үндөө, аны менен катар жылкы өстүрүү жана кол өнөрчүлүктү даңктоо болду. Тажикстан Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылдын 06-мартында №1176 “Айылдарды туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдары” иш чарасын, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн 02 апрель 2009 жылы №202 жана 2009-2019 жылдарда туризмди өнүктүрүү Консепциясыны ишке ашыруу максатында бул иш чаранын аткарылышы боюнча Мургаб райондук Жергиликтүү мамлекеттик бийлигинин аткаруу органынын төрагасы тарабынан 04-июлдагы №233 атайын чечими менен жана иш чарасы бекитилип өткөрүлдү. Мургаб райондук мамлекеттик жергиликтүү аткаруу органынын туризм комитетинин жетекчиси Колчокбаев К “Ат чабыш” фестивалын ачып, өз сөзүндө Тынчтыктын жана Улуттук Биримдиктин негиздөөчүсү, Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун 26-декабрь 2018-жылы болгон Мажилиси Олиге кайрылуусунда, 2019-2021 жылдары “Айылдарды туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдары” жана “2018-жыл-туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылына” токтолуп, “2030-жылга чейинки мезгил ичинде туризмди өнүктүрүү стратегиясында” келечек ээлери болгон жаштарды жигердүүлүккө үндөп, оюндун катышуучуларына ат оюндарында жеңиштерди каалады.

 

Ошону менен бирге, оюнду колдоого алган Мургаб райондук мамлекеттик бийликтин жергиликтүү аткаруу органына, ыраазылыгын билдирди. Улуттук оюндун жүрүшүндө тыйын эңмей, кыз куумай, эр оодарыш, “аркан тартмай”, ат жарыш оюндары болуп, Ыраң-Көл жамаатынан алынып келген төөлөр, Аличор жамаатынан келген өгүздөр тамашага келишкен калкыбыздын жана чет элдик саякатчылардын көңүлдөрүн көтөрүштү. Өзгөчө, иш чаранын ачылышындагы Тажикстан өлкөсүнүн желеги желбиреп, кыргыз атын минген жигиттери көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбады. Ал эми быйылкы “Ат чабыш”- фестивалын өткөрүүдө тур фирмалардын жетекчилери Гайбулдаев Саидали, Турдукулов Жаназак жана жеке ишкер Мамасеитов Камал колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле келген чет элдик саякатчылар үчүн Отомбаева Мыскал англис тилинде түшүндүрүп, өтүп жаткан иш чара тууралуу которуп турду. Оюн өткөрүлгөн жерде боз үйлөр, палаткалар тигилип, тамак аш даярдалып, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду. “Ат чабыш” фестивалынын жүрүшүн Мургаб жамаатынын клубу жана Ыраң-Көл жамаатынын Музыкалык мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программасы коштоп турду. Эки күндүк “Ат чабыш” оюнунун соңунда жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты жана “Ат чабыш” фестивалын уюштуруу тобунун жетекчилери Ниязбеков Г. жана Колчокбаев К. тарабынан жамааттардан келген фестивалдын катышуучуларына жана демөөрчүлөргө Мургаб райондук жергиликтүү бийликтин атынан рахматтарын айтып, туризм менен улуттук “Ат чабыш ”оюуну райондо жылдан-жылга өркүндөй турганын белгилешти.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены