2017–жыл эмнелерди тартуулайт

2017–жыл эмнелерди тартуулайт

Чыгыш календары боюнча – Кызыл Корооз жылы, Авестина календары боюнча – Төө жылы деп айтылат.


2017-жыл Тоок жылында дүйнөдөгү бардык эле элдер экономикалык кризистен чыгышат, байлардын – байлыгы артып, кедей-кембагалдар – баюу жолуна түшүшөт, кыскасы дүйнө жүзүндөгү бардык эле өлкөлөрдө токчулук-молчулук өкүм сүрүп жакшы жашоолор башталат. Бир сөз менен айтканда эл бейкутчулукка чөмүлүп тынчтыкта жашашат. Адамдар бири-бири менен жакшы мамиледе алыш-бериш жасашып, бири-биринин ал-акыбалдарын, ден соолуктарын суроону да унутушпайт.


Бул жыл негизинен мамиледеги адилеттиктин, өлкөлөр аралык бизнестин жана тынчтыктын жылы болуп эсептелет. 


Тоок жылында тоолуу жерлерде кар оор түшкөнү менен жаз эрте келет. Кыш бирде суук, бирде жылуу болгонуна байланыштуу эл арасында жугуштуу тумоо-бучкак оорулар көбөйөт. Кышында бир калыптагы кара сууктун айынан жерлер тоңбой айдоо бир кыйла азаят, башкача айтканда буудай менен арпанын түшүмү кыйла кемийт. 

Бул жылы пахтанын, жүзүмдүн жана коондун түшүмү аябай жакшы болот. Негизинен жылуулукту сүйүүчү жан-жаныбарлар: бал-аарылар, үй-айбандары жана үй-канаттуулары аябай көбөйүшөт, ал эми жазгы жашылча-өсүмдүктөрдүн жана мөмө-жемиштердин берекеси төгүлөт. 
Бул жылы жаратылыштагы табигаттын татаалдыгынан улам тоолуу жерлерде жерлер титиреп, кээ бир жерлерде жааган жаан жерге сиңбей көчкүлөр көчөт, сел жүрүп суу каптоолор күтүлөт, башкача айтканда эл аралык жер которуулар дагы болбой койбойт. 

Тоок жылы саясатта – негизинен өлкөдөгү жогорку тартиптин, бийликтин, уруу аралык биримдиктин жылы болуп эсептелет. Биринчи жарым жылдыкта жогорку бийликке жетүү үчүн өлкөдө партия жана уруу аралык мансаптуу чоң күрөш жүрөт, аягы жакшылык менен аяктайт. Авестина календары боюнча төө жылы болгонуна байланыштуу улуу урматтуу инсандар сый-урматты жан дилинен кабыл алышат. 
Жылдын экинчи жарым жылдыгынын аягында кыргыз элибизге жогорку бийликке чечкиндүү жана акылдуу падыша келет, бир сөз менен айтканда өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөт, кыскасы өлкөбүздүн келечегинде жакшы жакка болгон өзгөрүүлөр аябай көп болот. 


Бул жыл кызыл короз жылы болгондугуна байланыштуу Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнөдөгү бардык эле өлкөлөрдүн падышалары адилеттиктин, теңдиктин ишин жүргүзүшөт. Өлкөдөгү саясатчылардын ортосунда эч кандай ажырым болбойт. Журналисттер бийликтегилердин бири-бирин жамандагандардын, ушактагандардын, кыйбаттагандардын торунан алыс болушуп, телевидение менен радио аркылуу байлыкка жана жеке инсандардын ийгиликтерге жетишкендиктерин даңазалоого өтүшөт. Соттор адилеттиктин өкүмүн жүргүзүшөт.


Тоок жылында элдеги күчтүү жана сырттан адамдар өз байлыктарын чачышып – жер жерлерде жеке кадыр-баркка ээ болуу максатында эл багуу менен алек болушат. Кээ бирлери көп аял алууга жетишишет, себеби бул жыл өз сүйүктүүсүнө жетүүнүн, ички жашоодогу бири-бирине болгон үй-бүлөлүк биримдиктин, бекемдиктин, бактылуулуктун жана достуктун жылы катары эсептелет. 


Күзүндө оокат-азыкты, тамак-ашты, тоютту жана отунду көп топтоо керек, себеби келээрки жыл эл аралык жана өлкөлөр аралык келишпестиктин жылы болуп эсептелет. Турмуш өз агымы менен жүрө берет. 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены