Этникалык кыргыздар

МУРГАБ: "Эл аралык балдарды коргоо күнү" (сүрөт)

МУРГАБ: "Эл аралык балдарды коргоо күнү" (сүрөт)

1-июнь күнү Мургаб районунда балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Мургаб районунун төрайымы Раджабзода Хусния жана ТБАОнун эмгек миграция кызматынын департаментинин башчысы Каниев Мулкамон балдарды куттукташты. Ошондой эле райондун төрайымы балдарга белектерин тапшырды. Соңунда балдарга маданий программа тартууланды.

Ала-Бука районунда жашаган этникалык кыргыздар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык ала алышпай келишкен

Ала-Бука районунда жашаган этникалык кыргыздар жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык ала алышпай келишкен

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнө Ала-Бука районунда жашап жаткан кыргыздар арыз менен кайрылышкан. Алардын бири С.К. 2008-жылдан бери Ала-Бука районунда жашайт, 2010-жылы КР жаранына үйлөнгөн, алардын төрт баласы бар. Ал эми Өзбекстандан көчүп келген Ю.Р. 1993-жылы КР жаранына турмушка чыккан. Ал 28 жылдын ичинде 12 жолу жарандык алуу үчүн документ өткөргөн, бирок анын баары натыйжасыз болгон. Айыл аймагынан алынган…

Тажиктин кооптуу кылмышкерлерин колго түшүргөн З.Молдалиева түрмөдөгүлөр менен да тил табыша билген (сүрөт)

Тажиктин кооптуу кылмышкерлерин колго түшүргөн З.Молдалиева түрмөдөгүлөр менен да тил табыша билген (сүрөт)

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 69 жаштагы тургуну Зинаида Молдалиева жеке юридикалык жардам көрсөтүп келет. Кызмат учурундагы кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди. «Мен 1969-жылы мектепти аяктап, Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга тапшыргам. Ал жактан укук таануу бөлүмүн бүтүрүп, Бишкектеги милиция мектебине тапшырдым. 1977-жылы кадр кызматы мени Тажикстандын Мургаб районуна жөнөтүүгө чечим кабыл алды. Ошол убакта турмушка чыккан болчумун.…

Асманга жакын Памир кыргыздары

Асманга жакын Памир кыргыздары

Антрополог Тобиас Маршалл 2015-2019-жылдар аралыгында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоолорду байырлаган көчмөн эл менен 11 ай жашаган. Анын сүрөттөрү Памирде жашаган кыргыздардын жашоо-турмуш чагылдырат. Бул аймакта эки ай гана жаз болуп, калган учурда абанын температурасы 0дөн такыр көтөрүлбөйт. Памир кыргыздарынын балдары. Кичинекей баланын далысына ата-энеси тумар тагып коюшкан. Медициналык жардам алуу өтө сейрек кездешкен бул аймактагы жергиликтүү тургандар "тумар…

Ооган жергесиндеги кыргыз боордоштор келерки кыш мезгилине чейин көчүрүлүп келет (видео)

Ооган жергесиндеги кыргыз боордоштор келерки кыш мезгилине чейин көчүрүлүп келет (видео)

Ооган жергесиндеги кыргыз боордоштор келерки кыш мезгилине чейин көчүрүлүп келет. Бул туурасында мамлекет башчы Садыр Жапаров, Алай районунун Талды-Суу айылына отурукташкан памирлик кыргыздар менен жолуккан учурунда билдирди. Мамлекет башчы, орун которуп келген боордоштордун жашоо-шарты менен жакындан таанышып, азык-түлүк жагынан жардамын көрсөттү. Ошондой эле, көчүрүл келүүчү этникалык кыргыздар үчүн мерчемделип жаткан Чоң-Алай районуна түшчү турак үйлөрдүн долбоору менен таанышты. …

Садыр Жапаров Алайга көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

Садыр Жапаров Алайга көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолугушту (сүрөт)

«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый Мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен болгон жолугушууда. Мамлекет башчысына өлкөнүн Өкмөтү Талды-Суу…

Страница 11 из 126